Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (179) 23 Сентябрь 2026

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү

2026-09-19 / Мыйзам жаӊылыктары

Кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер жөнүндө

Жүргүнчүлөргө ыңгайлуулук түзүү, жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттун туруктуу иштешин, борбор калаанын тургундарын жана конокторун үзгүлтүксүз ташууну камсыз кылуу максатында Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 30-июнундагы №107 токтому менен Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу үчүн тарифтер өзгөртүлдү.

Белгиленгендей, бир жүргүнчүнүн жол киресинин баасы төмөнкүдөй болду:

  • автобуста жана электробуста (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарды кошо албаганда) накталай эмес төлөм түрүндө – 17 сом;
  • чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарда накталай жана накталай эмес төлөм түрүндө – 20 сом;
  • атайын айырмалоочу белгилер менен белгиленген, (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарды кошо албаганда), салондорунда жол кире төлөмүн көзөмөлдү контролёрлор жүргүзгөн автобустарда жана электробустарда накталай түрдө – 20 сом;
  • саат 23:00дөн 05:00гө чейин түнкү каттамдарды жүзөгө ашыруучу автобустарда жана электробустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарды кошо албаганда) накталай эмес төлөм жүргүзүүдө – 70 сом, накталай формада төлөөдө – 90 сом.

Муниципалдык коомдук транспортто жол акысын транспорттук карта менен төлөгөн учурда 5 мүнөт өткөндөн кийин жүргүнчүгө 60 мүнөттүн ичинде чектөөсүз санда башкага которулуп отуруу укугу берилет.

Автобустарда жана электробустарда (чакан жана өзгөчө чакан класстагы автобустарды кошо албаганда) жүргүнчүлөрдүн жүрүүсү аялдамаларга башка коомдук жайларга же коомдук транспортто орнотулган терминалдардан накталай эсептешүү аркылуу атайын талон сатып алуу аркылуу жүргүзүлсө болот. Атайын талон транспорт каражатына орнотулган валидатордо милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Экспресс жана жарым-жартылай экспресс каттамдарда, ошондой эле түнкү каттамдарды жүзөгө ашыруучу автобустарда жана электробустарда жеңилдиктер колдонулбайт. 

Токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирди.

Булак: https://online.toktom.kg/NewsTopic/7611

 

Окшош материалы: