Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
Кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын айрым калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга мурда белгиленген кепилдиктерди жана компенсацияларды сактап калуу максатында КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы №399 токтому менен төмөнкүлөр белгиленди:
- 1) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана жөлөкпулдарга кошумча төлөмдөрдүн райондук коэффициенттеринин өлчөмдөрү;
- 2) Кыргыз Республикасынын айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга эмгек акыга жана жөлөкпулдарга кошумча төлөмдөрдүн райондук коэффициенттеринин кошумча өлчөмдөрү;
- 3) Кыргыз Республикасынын алыскы, барууга оңой болбогон калктуу конуштарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ай сайынкы үстөктөрдүн өлчөмдөрү.
Токтом менен Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ар айлык үстөктөрдү төлөө үчүн эмгек стажын белгилөө жана эсептөө тартиби бекитилди.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү
-
№8 (178) / 2026-09-19 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине майыптыгы бар КР жарандары киргизилет









