Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
Органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби жөнүндө
Тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына өзгөчө көңүл бурулган. ЖӨБдүн аткаруучу-тескөөчү органдары өз аймагында органикалык калдыктарды өзүнчө чогултуу системасын уюштурууга, контейнердик аянтчаларды жана жеке турак үйлөрдүн жашоочуларын “Азык калдыктары үчүн” деген маркировкасы бар атайын контейнерлер менен камсыз кылууга, контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу схемасын аныктоого, ошондой эле калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш.
Мындан тышкары, Тартип органикалык калдыктарды чогултууну, ташууну жана кайра иштетүүнү жүзөгө ашыруучу органикалык калдыктарды иштетүү боюнча операторлорду дайындоону карайт. Ири органикалык калдыктарды түзүүчүлөр үчүн калдыктарды өзүнчө чогултууну уюштуруу, атайын контейнерлерди колдонуу жана аларды ташып чыгаруу үчүн оператор менен келишим түзүү милдети киргизилет.
Ошондой эле документ менен органикалык калдыктарды башка коммуналдык калдыктар менен аралаштырууга жана өсүмдүк калдыктарын өрттөөгө тыюу салынат. Органикалык калдыктар негизинен компосттоо, анаэробдук ачытуу, вермикультивациялоо жана башка биологиялык ыкмалар менен компостту, биогазды, биогумусту жана башка пайдалуу өнүмдөрдү алуу менен кайра иштетилүүгө тийиш.
Жаңы талаптардын киргизилишине байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн колдонуудагы системасына баалоо жүргүзүү, адистештирилген инфраструктурага муктаждыкты аныктоо, зарыл болгон уюштуруучулук жана финансылык иш-чараларды караштыруу, ошондой эле органикалык калдыктарды өзүнчө чогултуу эрежелери жөнүндө калкка маалымдоону уюштуруу сунушталат.
Тартипти ишке ашыруу калдыктарды иштетүүнүн заманбап системасын өнүктүрүүгө, экологиялык жүктү азайтууга жана Кыргыз Республикасынын муниципалитеттеринде айлана-чөйрөнүн сапатын жогорулатууга карай жасалган маанилүү кадам болот.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү
-
№8 (178) / 2026-09-19 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине майыптыгы бар КР жарандары киргизилет









