Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ 2026-ЖЫЛДЫН 13-АВГУСТУНДАГЫ №622-Т ТЕСКЕМЕСИ МЕНЕН КОММУНАЛДЫК КАЛДЫКТАРДЫН РАСМИЙ ТИЗМЕСИН БЕКИТТИ
Документ мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын уюштуруу чөйрөсүнө кирген калды-ктардын түрлөрүн аныктайт жана калдыктарды чогултууга, ташып чыгарууга жана андан ары иштетүүгө бирдиктүү мамилени камсыз кылууга багытталган. Тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек КАСЫМАЛИЕВ кол койду.
Тизмеге калдыктардын 16 категориясы киргизилген. Алардын арасында тамак-аш жана өсүмдүк калдыктары, жеке гигиена каражаттарынын калдыктары, аралаш коммуналдык калдыктар, учурдагы оңдоо иштеринен чыккан майда курулуш калдыктары, ири көлөмдөгү калдыктар, электр жабдуулары, желим, макулатура, текстиль, айнек, көп катмарлуу таңгактар жана металлдар бар. Өзүнчө бөлүм шаардык жана айылдык аймактарды тазалоо калдыктарына – көчө жана короо жанындагы таштандыларга, парктардын, скверлердин жана башка коомдук жайлардын санитардык тазалоо калдыктарына, ошондой эле тиричилик мештеринин күлүнө жана шлагына арналган.
Тизменин бекитилиши калдыктар менен иштөө системасын иретке келтирүү боюнча иштин кийинки этабы болуп калды. Документтин долбоору буга чейин коомдук талкуудан өткөн, ал эми аны кабыл алуу зарылчылыгы коммуналдык калдыктардын көлөмүнүн өсүшү жана аларды чогултуу, ташуу, сорттоо жана кайра иштетүүдө жоопкерчиликти так бөлүштүрүү зарылдыгы менен байланыштырылган. Долбоорду талкуулоо учурунда келтирилген маалыматтар боюнча, Кыргызстанда ташып чыгарылган тиричилик калдыктарынын көлөмү 2020-жылы 1,2 миллион тонна болсо, 2025-жылы 1,8 миллион тоннага чейин өскөн.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү
-
№8 (178) / 2026-09-19 Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервине майыптыгы бар КР жарандары киргизилет









