Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызмат жөнүндө

2013-12-23 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

“Муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жаңы “Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри” 15-1-беренеси киргизилдиь(2013-жылдын 24-июлундагы №157)

 
 
Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын реестри Эмгек кодексинин 83-беренесинин 5-пунктунда, 6-пунктунун «а», «б», «в», «д» пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пунктарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.
 
Терс негиздер боюнча муниципалдык кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бошогон администрациялык кызмат орундарды ээлөөгө конкурстук тандоодо колдонулушу мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талапкерди ишке алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп кызмат кылбайт.
 
Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын администрациясынын демилгеси менен Эмгек кодексинин 83-беренесинин 5-пунктунда, 6-пунктунун «а», «б», «в», «д» пунктчаларында, 7, 9, 10 жана 11-пунктарында каралган негиздер боюнча муниципалдык кызматчы деген наамды жокко чыгарганына байланыштуу кызматчыны иштен бошотууда аталган органдын администрациясы жети күндүк мөөнөттүн ичинде бардык тийиштүү маалыматтарды мамлекеттик кыз-
маттын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга тапшырыш керек. Соттук акт менен күчүнө кирген ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча муниципалдык кызматчыны кызматтан кетирүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечимдерин жокко чыгарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жети күндүк мөөнөт ичинде бул тууралуу мамлекеттик кызматтын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабар бериш керек.
 
 
КР Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы №327 “Кыргыз Республикасында муниципалдык
кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө” Буйругуна 2013-жылдын
17-июнунда №142 ПБ жана 2013-жылдын 26-июнунда №145
ПБ менен өзгөртүүлөр киргизилген
 
 
 
Кыргыз Республикасынын саясий жана административдик муниципалдык кызматтардын реестри күчүн жоготту. Жаңы жоболор бекитилди: 1) Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларын аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө; 2) Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөөгө конкурсту өткөрүү тартиби жөнүндө; 3) Кыргыз Республикасынын администрациялык кызматты ээлеген муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди берүү тартиби жөнүндө.
 
 
 
 
• Эмгек акысы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-июнундагы №383
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө
системасын өркүндөтүү боюнча 2013-2020-жылдарга чаралар жөнүндө” Токтому
 
 
Токтом менен бекитилди: 1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата программаcы; 2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчысынын типтүү кызматтык нускамасы; 3)Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын администрациялык мамлекеттик кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар; 4)Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын администрациялык муниципалдык кызмат орундарынын топторуна типтүү квалификациялык талаптар; 5)Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишине натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн пайдалануу менен баалоо жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо; Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын Планы.
 
Кызматчыларга эмгек акы төлөөнүн эмгек акы системасы менен кызматчылардын ишинин натыйжасынын, кызмат орундардын иерархиясынын, шыктандыруунун реалдуу критерийлерин аныктоонун өз ара байланышына негизделген натыйжалуу системасын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүүнүн 2013-2020-жылдарга карата Программаcы иштелип чыккан.
 
Программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 237 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөөнү реформалоонун 2011-2015-жылдарга карата концепциясына ылайык келет жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын модернизациялоонун концепциясын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программада эмгек акы төлөө системасын реформалоонун принциптери айтылган,алар эмгекке акы төлөөнүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөөгө шыктандыруунун натыйжалуу моделин түзүүгө өбөлгө болушат.
 
 
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишине баа берүү 2014-жылдын 1-январынан башталат.