Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык өнөктөштүк үчүн глобалдык өнөктөштүк алгачкы гранттарды берүү тууралуу жарыялады

2013-12-13 / Жарандык катышуу
Социалдык өнөктөштүк үчүн глобалдык өнөктөштүк алгачкы гранттарды берүү тууралуу жарыялады

Алдыдагы беш жыл ичинде жалпы суммасы 9 млн. АКШ доллары болгон GPSA’нын гранттары өнүгүп келаткан 10 өлкөдө 12 жарандык коом уюмуна (ЖКУ) стратегиялык колдоону камсыздайт...

 
 
Вашингтон, 2013-жылдын 2-октябры. Социалдык жоопкерчилик үчүн Глобалдык өнөктөштүк (GPSA) өнүгүп келаткан өлкөлөрдө башкаруунун маанилүү маселелерин чечүү максатында жарандык коомдун мамлекеттик башкаруу органдары менен кызматташуусу боюнча долбоорлордун алкагында алгачкы гранттарды бекиткенин жарыялады.
 
Алдыдагы беш жыл ичинде жалпы суммасы 9 млн. АКШ доллары болгон GPSA’нын гранттары өнүгүп келаткан 10 өлкөдө 12 жарандык коом уюмуна (ЖКУ) стратегиялык колдоону камсыздайт.
 
“GPSA тандап алган долбоорлор өнүгүүнүн түрдүү жаатында башкаруунун айрым бир фундаменталдык көйгөйлөрүн чечүүдө ушул өлкөлөр үчүн өзөктүк мааниге ээ болот. Айкындуулукту жана отчеттуулукту жогорулатууга дем берүү менен, алардын өкмөттөрү калктын өзгөчө аярлуу катмарларына дагы да сапаттуу кызматтарды көрсөтө алышмакчы”, - деп билдирди Дүйнөлүк банктын Өзгөрүүлөр, маалыматтык иш жана окутуу маселелери боюнча Уюмдар тобунун Башкармалыгынын вице-президенти жана грант алуучуларды тандаган GPSA Координациялык комитетинин төрагасы Санджей ПРАДХАН. Координациялык комитеттин курамына ошондой эле жарандык коом уюмдарынын, донорлордун жана өкмөттүн өкүлдөрү кирет.
 
12 грант Бангладештин, Доминикан Республикасынын, Индонезиянын, Кыргыз Республикасынын, Малавинин, Мозамбиктин, Молдованын, Тажикстандын, Тунистин жана Филиппиндердин жарандык коом уюмдарына жиберилет. Алар 2013-жылдын февраль айында GPSA табыштамаларды кабыл алуу тууралуу өзүнүн алгачкы жарыясын жайгаштырган соң келип түшкөн 216 табыштаманын ичинен тандалып алынды.Эксперттердин эл аралык тобу табыштмалардын техникалык сапатына жана сунушталган долбоорлордун күтүлүп жаткан таасир этүүсүнө көңүл бурду.
 
“Ушул гранттарга карата GPSA колдонгон уникалдуу мамиле өнүгүү көйгөйлөрүн чечүү боюнча иштерде жарандар менен мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө милдетин аркалайт”, - деп билдирди GPSA программаларынын жетекчиси Роби СЕНДЕРОВИЧ.“Бул өз кезегинде жакырчылыкты жоготуу жана Социалдык өнөктөштүк үчүн глобалдык өнөктөштүк алгачкы гранттарды берүү тууралуу жарыялады жалпы өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча алдыга коюлган максаттарга жетүүдө өлкөлөргө жардам берет”.
 
Долбоорлор консультативдик процесстин жардамы менен ар бир өлкөдө аныкталган башкаруудагы бир катар көйгөйлөргө карата социалдык отчеттуулук методологиясын колдонушмакчы. Мисалы, Кыргызстанда Өнүктүрүү саясат институту Элеттик саламаттык комитеттерине саламаттыктын детерминанттар чөйрөсүндөгү калктын артыкчылыктарын жергиликтүү бюджетте чагылдырууга жардам берет. Малавиде болсо GPSA мобилдик байланыш технологияларын жана башка ыкмаларды колдонуу жолу менен мугалимдердин ишке чыкпаган жана мектептердеги коррупция көйгөйлөрүн чечүү менен алектенген эки жарандык коом уюмун (CARE Malawi жана Экономикалык мыйзамдуулук үчүн Малавиялык түйүн) колдоп берет. “GPSA бизге өкмөт менен байланышты түзүүгө жардам берет деген кабарга сүйүнүп турабыз. Бул болсо Билим берүү министрлигине биздин долбоордун алкагында алынган маалыматты Малавинин билим берүү секторундагы мамлекеттик сатып алуулар саясатын жакшыртуу үчүн пайдаланууга жол ачат, - деп билдирди Экономикалык мыйзамдуулук үчүн Малавиялык түйүн уюмунун аткаруучу директору Давитсо КУБАЛАСА. – Биз баарыбыз биздин мамлекеттик булактардан өзгөчө балдарыбыздын билим берүүсү үчүн түшүп жаткан акчадан мүмкүн болушунча көбүрөөк пайданы алууга жардам берген социалдык отчеттуулуктун бекем системасын түзүүгө кызыкдарбыз”.
 
GPSA донорлордун, өкмөттөрдүн жана жарандык коом уюмдарынын альянсын элестетет. Бул альянсы башкаруудагы көйгөйлөрдү чечүү максатында жарандык коом менен мамлекеттик башкаруу органдарынын аракеттеринин биригүүсүнө көмөктөшөт. Дүйнөлүк банктын мамлекеттик секторлор менен түздөн-түз кызматташуусунун тажрыйбасына таянуу менен, GPSA жагымдуу шарттарды түзгөнгө умтулат. Мындай шарттарда жарандар менен түзүлгөн кайра байланыш кызмат көрсөтүүлөргө жана мамлекеттик институттарды бекемдөөгө байланышкан өтө маанилүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонула алмак.
 
GPSA’нын ишмердигин көп тараптуу траст-фонд каржылайт. Бул транс-фондго Дүйнөлүк банк 20 млн.АКШ долларын, ал эми Ford Foundation 3 млн. АКШ долларын салган. Параллелдүү каржылоо формасында Open Society Foundations 3 млн. АКШ долларын салган.Aga Khan Foundation уюму да GPSA’ны каржылоого катышарын жакында эле жарыялады. 
 
 
 
 
 
Гранттарга табыштамаларды кабыл алуу тууралуу кийинки
жарыяны GPSA 2013-жылдын ноябрь айында жайгаштырат.