Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Элет тургундарынын саламаттыгы менен жергиликтүү бюджетти кантип айкалыштырса болот??

2013-12-12 / Жарандык катышуу

- Алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн колдо болгон ресурстардын баарын мобилдештирүүдө Элеттик саламаттык комитеттери (ЭСК) менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог түзүү – жакынкы жылдары биздин негизги максатыбыз...

 
 
Карапайым адамдардын саламаттыгынын аныктоочулары (детерминанттар) – таза сууга жеткиликтүүлүк,санитардык абал, тазалык, коопсуз турак жай жана башка биздин күнүмдүк турмушта колдонгондорубуз Өнүктүрүү саясат институтунун көңүл чордонунда. Бул күздө коомдук уюм “Элеттик саламаттык комитеттеринин үнү1 жана Кыргыз Республикасынын элеттик жамааттарында саламаттыктын детерминанттары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык жоопкерчилиги”Долбоорун ишке ашырууга киришти.
 
- Алдыга коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн колдо болгон ресурстардын баарын мобилдештирүүдө Элеттик саламаттык комитеттери (ЭСК) менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ортосунда диалог түзүү – жакынкы жылдары биздин негизгит максатыбыз, - деп билдирди ӨСИ башчысы Надежда ДОБРЕЦОВА.
 
Анын айтымында, детерминанттар ар бир адамдын да, жалпысынан жамааттын да абалына чоң таасирин тийгизет. Өзгөчө муну элеттиктер курч сезет. Мына ошолор Долбоордун ишмердигинен пайда алышы керек. Долбоордун планында төрт жылдын ичинде республика боюнча Элеттик саламаттык комитеттеринин дараметин бир кыйла жогорулатуу жана ЭСК Ассоциациясынын ишин активдештирүү каралган.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы көптөгөн эксперттер алардын практикасында биринчи жолу калктын саламаттыгын сактоого жана бекемдөөгө багытталган секторлор аралык саясатты түзүүдө жана жакшыртууда жардам көрсөтүү боюнча өтө оор, бирок зарыл тапшырманы аткарышы керектигин белгилеп жатышат. Анткени бул Саламаттык сактоо министрлигинин,башка тармактар менен секторлордун гана эмес, жалпы жамааттын аракеттерин талап кылат. Долбоордун уникалдуулугу мына ушунда жатат.
 
Долбоордун алкагында элеттик саламаттык комитеттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен байланышты бекемдейт, өнөктөштүк мамилелерди түзүшөт жана элет жеринде саламаттыктын детерминантын жакшыртуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзөт. ЭСКны ушул Долбоордун алкагына киргизилген ЖӨБнын негиздерине үйрөтүү жана алардын биргелешкен ишмердикке катышуусу саламаттыкка таасир тийгизе турган жашоо шарт маселелеринде ЖӨБ органдарына жамаат алдында дагы да айкын жана жооптуу болууга жардам берет. Жергиликтүү бийлик органдары элет калкынын саламаттыгына жана жашоо сапатына таасирин тийгизе турган көйгөйлөргө көбүрөөк көңүл бурушмакчы.
 
Алдыга коюлган тапшырмаларды ишке ашыруунун жүрүшүндө алынган изилдөөнүн жана анализдин натыйжалары бардык кызыкдар тараптарга түзүлгөн кырдаалды жеринде жакшыраак түшүнүүгө жардам берип, адамдардын керектөөлөрүнө ыкчам реакция жасоого мүмкүнчүлүк берет. Бул үчүн долбоордун аткаруучулары – Өнүктүрүү саясат институту жана ЭСК Ассоциациясы – тийиштүү мамлекеттик органдарга алынган натыйжалар тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз берип турууну пландоодо. Бул маанилүү жана эң негизгиси биринчи булактан алынган эң жаңы маалыматтар саясий чечим кабыл алган жооптуу кызматкерлер, анын ичинде КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн кошумча маалымат булагы болуп калмакчы.
 
Ошондой эле долбоор саламаттыктын детерминанттарын жакшыртуу процессине калктын кеңири катмарын тартуу үчүн шарттарды түзүп, тийиштүү мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын социалдык жоопкерчилигин арттырууга көмөктөшөт. Бул болсо өз кезегинде айкындуулукту жана бюджеттик ачыктыкты баалоодо Кыргызстандын аброюн жана рейтингин көтөрөт. Өнүктүрүү саясат институту алдыга коюлган максатка жетүү ишинде Социалдык жоопкерчилик боюнча глобалдык өнөктөштүктү (СЖГӨ) колдойт. Бул уюмду донорлордун, өкмөттүн жана жарандык коом уюмдарынын коалициясы десе болот. Бул долбоор Глобалдык өнөктөштүктүн алкагында каржыланган пилоттук экенин белгилей кетүү зарыл. Бул Глобалдык өнөктөштүктүн биздин өлкөдөгү алгачкы тажрыйбасы.
 
Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, ӨСИ катаал ата-андаштыкты жеңүү менен долбоорду ишке ашыруу укугуна ээ болгон. 216 табыштаманын арасынан өтө кылдат карап чыккан соң, 12 табыштама тандалып алынды. Анын ичинде Өнүктүрүү саясат институтунун табыштамасы да бар болчу. ӨСИ – кыргызстандык бейөкмөт уюм. Анын миссиясы жергиликтүү жамааттарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына адамдын татыктуу жашоо укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусуна көмөктөшүүдө камтылган.

 

→⇒⇒⇒

1  Элеттик саламаттык комитеттеринин максаты – айыл жамааттарына өз ден соолугун жакшыртуу үчүн өз алдынча аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн берүү. Бул кеңири түйүн жана республика боюнча 1670 Элеттик саламаттык комитети бар.
Алардын баары улуттук Элеттик саламаттык комитеттер.Ассоциациясына бириккен.

 

 
 
Айнура ЖУНУШАЛИЕВА,
Элеттик саламаттык комитеттеринин үнү жана
Кыргыз Республикасынын элеттик жамааттарында
саламаттыктын детерминанттары боюнча
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
социалдык жоопкерчилиги” Долбоорунун менеджери