Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (92) 20 Август 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Активдүү бюджеттик баарлашуу 2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулардын хроникасы

2013-12-12 / Жарандык катышуу
Активдүү бюджеттик баарлашуу 2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулардын хроникасы

АӨ кызматкерлери улуттук кийимдерди кийип, атка минип алып, үн күчөткүч менен адамдарды угууларга чакы-рышкан. Бул акылдуу пиар ыкма эл чакырылып жаткан жыйын өзгөчө маанилүү болгонун тастыктап турду...

 
 
Мамлекеттик башкаруу системасындагы өкмөттүн райондук бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун күчтөндүрүүгө багытталган акыркы реформатордук демилгелери өзгөрүүлөр болот деген үмүттү жандырды. Кийинки жылга бюджетти талкуулай баштагыла деген буйрукту жогору жактан күтүп отура бербестен, айрым айылдарда адамдар ушул маанилүү маселени коомдук угуулардын күн тартибине алып чыкканга үлгүрүштү.
 
Ысык-Көл жана Жалал-Абад облусундагы бир катар айыл өкмөттөрүндө кызуу талкуулар жүрдү. Бул жолку коомдук угуулардын мурдагылардан айырмасы: бюджеттин долбоору демилгелүү топтордун сунуштарын эсепке алуу менен түзүлгөн. Башкача айтканда, калктын кеңири катышуусунда ишке ашты. Бул жолу айкындуулук көбүрөөк болду: бюджет долбоорун талкууга алып чыгардан мурда айыл өкмөттүн аппараты толугу менен казынага түшө турган бардык жергиликтүү салыктарды,ошондой эле жалпы мамлекеттик салыктардын үч түрүн чогултуудан түшө турган кирешени эсептеп чыкты. Алынган эсептерди экономисттер жана финансисттер өзүнүн жүйөлүү сунуштарын киргизген демилгелүү топтордун лидерлери менен талкуулашты.
 
Көп иштер жасалып калганын белгилей кетүү зарыл:Улуттук статкомдун, Салык кызматынын, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин маалыматтарын чогултуп, андан соң бардык сандарга анализ жүргүзүп, жалпылаштырып, демилгелүү топтун лидерлеринен сунуштарды алып, андан кийин гана коомдук угуулардын жардамы менен ошол маалыматтарды калктын кеңири катмарына жеткириш керек эле.Мындан тышкары канча киреше күтүлүп жатканын жана аларды канткенде жакшыраак сарптаса болорун баары түшүнө тургандай экономикалык божомол тууралуу жөнөкөй, жеткиликтүү тилде айтып берүү зарыл.
 
Айталы, мисалы, пилоттук Ак-Чий АА каржы бөлүмү айылдык кеңештин төрагасы жана депутаттары, ошондой эле аймактын лидерлери менен биргеликте бизнестисубъекттерин ыктыярдуу патенттөөдөн түшкөн салыкты эсептеп чыгышты: трактордун, комбайндардын ишинен, сүт чогултуудан, мал жаюудан ж.б. кызмат көрсөтүүлөр.Бостери аймагында капиталдык курулуштар жана бизнес субъекттеринин жеңил конструкциясы үчүн айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык тууралуу маалыматтар жаңыртылды. Багыш айылдык аймагында АӨ бюджетине түшүп, аны толуктай турган биринчи топтогу салыктар боюнча кыймылсыз мүлккө салынчу салыктан чыныгы кирешени аныктап алышты.
 
Албетте колдо жаңыртылган, тагыраак жана ишенимдүү маалыматтар болсо, кийинки жылга пландарды кура берсе болот. Мына ошондуктан бюджеттик угуулар элеттиктер үчүн чоң окуя болуп калды – куру сөздөрдүн ордуна конкреттүү маалыматтар келди.
 
Ак-Чий айылдык аймагында иш кандай болду?
 
Адегенде айыл өкмөтүнүн аракеттерин белгилей кетүү зарыл. Анын кызматкерлери коомдук угууларды башынан аягына чейин коштоп жүргөн жакшы маалымат өнөктүгүн өткөрүштү. Өз убагында 2014-жылдын бюджети тууралуу маалымат жазылган баннерлер даярдалып илинген, бет ачар даярдалган, үч айылдагы үй чарбачылыктарынын бардык ээлерине чакыруу барактары таратылып берилген.АӨ кызматкерлери улуттук кийимдерди кийип, атка минип алып, үн күчөткүч менен адамдарды угууларга чакырышкан. Бул акылдуу пиар ыкма эл чакырылып жаткан жыйын өзгөчө маанилүү болгонун тастыктап турду.АӨ жана АК атынан буга чейинки бюджеттик угуулардын активдүү катышуучуларына төмөнкү номинациялар боюнча белек ыйгаруу да майрамдык маанайды жаратты:
 
1) эң кызыктуу суроо,
2) мыкты сунуш,
3) катышуучулардын эң улуусу.
 
Активисттердин аракети текке кеткен жок. Элеттиктер баарлашууга активдүү кошулуп кетишти. Сунуштар залдан үзгүлтүксүз түшүп жатты... Баары болуп угуулар маалында катышуучулардан 9 оозеки жана 4 жазуу түрүндө суроолор жана сунуштар түштү. Талкуунун мүнөзүн чагылдырып берген стенограмманын бир бөлүгүн сунуштайбыз:Б. ШАЙЫЛДАЕВ: “2014-жылдын бюджетине көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн каражат киргизилеби?”.
 
АӨ башчысы Б. ИСАЕВ: “Бул маселе боюнча иш алып баруудабыз. Бул маселени чечсе болорун тастыктаган алдын ала анализ бар. Бирок бардык айылдарды жапырт жарыктандыра албайбыз. Ошондуктан Ак-Чий айылынын борбордук көчөсүнөн баштасак болот. Анткен менен ага чейин калктан акча чогултуу маселесин иштеп чыгуу зарыл”.
 
Конок катары чакырылган Боз-Учук АӨ башчысы М.ЖУСУПОВдун кеңештери орундуу болду. Ал бардык деталдарын сүйлөшүп алып, керектөөчүлөрдүн жоопкерчилигин аныктап алуу зарыл экенин белгиледи. Турмуш көрсөткөндөй, лампаларды пайдаланууда айрым кыйынчылыктар чыгууда, алар күйүп кетет, андыктан алмаштырып туруш керек. Бул болсо кошумча чыгашаларды талап кылат жана АӨ дайыма эле ага акча бөлүп тура албайт.
 
К. ЖАКШЫЛЫКОВ:“Бюджет долбоорунда 13% маданиятка жана спортко бөлүнөт экен. Бирок чындыгында спортко өтө аз акча бөлүнүп, каражаттын ири бөлүгү маданий иш-чараларга, майрамдарга кетип калууда. Маданиятка кеткен чыгашаны азайтып, көбүрөөк каражатты спорттун өнүгүүсүнө жумшоону сунуштайм. Анткени,атүгүл жол чыгашаларына бөлүнгөн каражаттын жетиш сиздигинен жергиликтүү спортчулар мелдештерге бара алышпай жатат”. АК төрагасы Э. ЖАНТАЕВ: “Сиздин сунушуңузду кеңештин сессиясында карап чыгуу үчүн спорттук ишчаралардын планын жана чыгашалардын сметасын киргизиңиз”.Угуулардын натыйжасында иш планы түзүлүп, ал жакка катышуучулардын бардык сунуштамалары жана сунуштары кирди.Тогуз-Торо аймагында төмөнкү көйгөйлөргө көңүл бурулду Коомдук угуулар өткөрүлгөн ЭКБА-сессиялары боюнча маалымат берүүдөн башталды. ЭКБА-сессиялары 30 көйгөйдү аныктап, анын 11 биринчи кезекте чечилиш керек деп, артыкчылыктуу катары тандалып алынды. Алар боюнча ДТ (демилгелүү топтор) түзүлүп, АК бекиткен биргелешкен аракеттер планы даярдалды. Алгачкы жолу коомдук угуулар ушул жылдын 28-февралында өткөн. Ошол маалда 2012-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы тууралуу сөз болгон. АӨ башчысы У. КОЧОРБАЕВ 2014-жылга карата бюджеттин долбоорун түзүү боюнча азыркы коомдук угуулар кошумча маалыматты жана сунуштарды алуу,ошондой эле АӨ тарабынан берилген сунуштарга жамааттын колдоосун же каршы болгонун аныктоо үчүн маанилүү болгонун белгиледи. Угуулар маалында анын катышуучулары бир катар нерселерге көңүл бурушту:
 
Ж. ЖАНАЛИЕВ, мугалим: “КТРК телемунарасынынжана асфальто бетон заводунун ишинен түшкөн акчаны көбөйтсө болобу?”.
 
У. КОЧОРБАЕВ, АӨ башчысы: “КТРК жер салыгын төлөйт. Ал эми асфальто-бетон заводун айта турган болсок, бул объект ээлеген аянтты карап чыгып, андан соң салыктын суммасын аныктайбыз”.
 
К. САРТБАЕВ, пенсионер:“Менде 3 суроо бар: кайсы каражаттын эсебинен маалыматтык борбор уюштурулат? Додомол айылындагы клуб качан иштей баштайт? Жайыт комитеттеринен акча каражаттары түшүп жатабы?”
 
У. КОЧОРБАЕВ: “Маалыматтык борбор АӨ имаратында пайда болот. Ал эми буга чейин маалыматтык борбор болот деп жатканы жаштар борборуна айланат. Акча каражатын биз республикалык бюджеттен суроону пландап жатабыз. Спорттук шаймандарды сатып алуу үчүн клубга 120 миң сом бөлүнөт”.
 
И. КАЛМАНБЕТОВА, жайыт комитетинин бухгалтери:“Ушул жылы 40,0 миң сом түштү. Алардын ичинен айыл өкмөтүнө 6 айдын ичинде 10,5 миң сом которулду. Калган сумма жылдын аягына чейин күтүлүүдө”.
 
Угуулар учурунда талкуу предметтүү болушу үчүн АӨ аппаратынын кызматкерлери сурамжылоо жүргүздү. Төрт суроону камтыган анкета бардык катышуучуларга таратылып берилди. Аларга кайсы маселени (ички жолдор, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү, маданий-спорттук иш-чаралар). Ошондой эле 2014-жылга карата бюджеттин долбооруна сунуштар киргизүүнү өтүнүштү.
 
Эң көйгөйлүү деп биринчи орунга жолдор чыкты – 33 добуш. Экинчи орунда көчөлөрдү жарыктандыруу турат – 29 добуш. Үчүнчү орунда жашылдандыруу жана көрктөндүрүү – 24 добуш. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн катышуучулар коомдук угууда эң артыкчылыктуу катары талкуулашып, 2013-2015-жылдарга айыл өкмөтүнүн орто мөөнөттүү программасына киргизишти.
 
Пилоттук эмес Ак-Коргондо кызыл чеке талкуу
 
Бул айылдык аймакта коомдук угуулар клубда өтүп,ага 89 адам катышты. Алардын он үчү айылдык кеңештин депутаттары. Башталганда эле каржы-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси чыгаша жана киреше бөлүктөрдүн сандарын жарыялаар замат бюджет кызуу талкууга лынды. Адамдар биринчи жолу мындай талкууга катышып жаткандыктан бюджет тууралуу маалымат алард ир топ толкундандырып жиберди. Өзгөчө чыгашалар.Атүгүл экономикадан алыс болгондор да көйгөйлөрдөнобочодо калбай, өз сунуштарын берип жатышты. Өзгөчөактивдүүлүктү аялдар көрсөттү. Аларды бала бакчалардын жана мектептердин бюджети кызыктырды. Ал эми эркектер айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана айылдын ички жолдорунун абалын жакшыртууга кызыгышты.
 
И. АБДУХАЛИЛОВ, Баястан айылынын башчысы: “Бюджетти түзүп жатканда аны ким менен талкуулап, кимдин практикасын колдондуңар?”
 
М. АБДУЛЛАЕВ, каржы-экономикалык бөлүмдүн башчысы: “Азыр силердин колуңардагы бюджетти биздин айыл өкмөттүн бөлүмүнүн адистери түздү. Алар Өнүктүрүү саясат институтунун семинарларында окуудан өтүшкөн. Ошондой эле өткөн жылдардын тажрыйбасы колдонулду. Бюджеттин бул долбоору силерден түшкөн сунуштар менен толукталат жана зарыл болгон учурда кайра каралып чыгат”.
 
Т. АШУРАЛИЕВ, пенсионер: “Жеке ишкерлердин эсеби жүргүзүлүп турабы? Алар салыкты өз убагында төлөп жатышабы? Мен дүкөндөр, такси айдоочулар, май бышкыч цехтер тууралуу айтып жатам”.
 
М. АБДУЛЛАЕВ: “ИНН номурлары жана жайгашкан жерлери, салыктар тууралуу маалыматтарга ээбиз. Бирок негизги маалыматтар райондун МСКБда сакталат.Райондук салык инспекторлору менен биргеликте биздин инспекторлор жыл сайын акча чогултуп турушат.Айрым такси айдоочуларын кошпогондо, жеке ишкерлер салыкты өз убагында төлөп турушат”.
 
О. МУЗАКПАРОВ, каржы-экономикалык бөлүмдүн адиси: “Сафед-Булан айылындагы суу түтүгү Чанач-Сай дарыясынан башат алат.Андан биздин тургундар суу ичишет.Суу кашаасы ачык, тосмолор, тазалоочу жабдуулар жок. Бул болсо булактын булганышына алып келүүдө.Ушул себептен улам калк арасында түрдүү оорулар пайда болуп турат. 2014-жылы резервуар, хлоратор станциясын курууну жана суу кашаасын курчап чыгууну сунуштайм. Бул үчүн “Спорт жана маданият” беренеси боюнча чыгашаны 200,0 миң сомго кыскартып, ал акчаны ТКЧга өткөрүп  берүү керек”.
 
Б. ДООРАНОВА, пенсионер жана АК депутаты: ”Башка чыгашалар” деген беренени кыскартуу керек жана акчаны балдар аянтчасын калыбына келтирүүгө (төрт бала бакчадагы) жолдоп, наристелердин тамактануусун жакшыртуу үчүн ата-энелерден алган акыны көбөйтүү зарыл”.
 
З. МИЛИЕВА, коомдук фонддун жетекчиси, АК депутаты: “АЖКБФ жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча ушундай эле угууларды өткөрүү керек”.
 
Бир караганда эле жалпы кызыкчылыкты алып кетүү оңой эмес.Бюджет үчүн алгылыксыз сунуштар да айтылды. Мисалы, бир нече комбайн сатып алуу сунушталды. Түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин калк акча каражатынын тартыштыгынан улам айыл чарба техникасын сатып алуу мүмкүн болбогонун түшүндү. Мунун ордуна башка жолдорду издеш керек.Элеттиктер бюджетти көзөмөлдөсө болоруна, акча өз дареги менен сарпталып жатканына бара-бара көзү жете баштады. Натыйжада айыл өкмөтү жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизе турган бюджеттин беренелери боюнча сунуштар жылдын аягында баары көрө тургандай жерге илинет деп чечилди.
 
Айыл өкмөтүндө болуп жаткан окуяларга көз чаптырып,калктын, ЖӨБ органынын жана депутаттык корпустун биргелешкен иши айылды жакшы жагына өзгөртүүгө жөндөмдүү деген тыянакка келесиң.Түшкөн сунуштар 2014-жылга карата бюджеттин долбооруна сунуштамалар катары бюджет боюнча туруктуу комиссияларга өткөрүлүп берилет жана аларды аткаруу планы иштелип чыгат.
 
 
Роза СУРАНЧИЕВА,
Швейцария Өкмөтү
каржылаган жана Өнүктүрүү
саясат институту ишке
ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ
органдарынын жоопкерчилиги:
бюджеттик процесс”
Долбоорунун ЖӨБ
боюнча адиси