Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тогуз-Торо айылдык аймагынын тургундары 2014-жылга карата бюджет долбоорун жактырды

2013-08-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору
Тогуз-Торо айылдык аймагынын тургундары 2014-жылга карата бюджет долбоорун жактырды

2013-жылдын 13-июлунда Тогуз-Торо айыл өкмөтү 2014-жылга бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрдү.

2013-жылдын 13-июлунда Тогуз-Торо айыл өкмөтү 2014-жылга бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрдү. Бул өңдүү иш-чара буга чейин 2012-жылга бюджетти аткаруу боюнча өткөн эле.
 
Баары болуп угууларга 60тан ашуун киши катышты. Алардын арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөттүн кызматкерлери, дыйкандар, жарандык коомдун, ММКнын, салык инспекциясынын жана Соцфонддун бөлүмүнүн өкүлдөрү бар. Ошондой эле угууларга кошуна Кара-Суу АА башчысы жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да катышты.
 
Угуулардын ар бир катышуучусуна каттоо маалында бюджет долбоорунун сүрөттөлүшү жана сунуштар менен суроолор үчүн атайын барак таратылды.
 
Саламдашкандан кийин айыл өкмөттүн башчысы Улан КӨЧӨРБАЕВ, айыл өкмөттүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн өкүлү Динара ЖУНУСОВА жергиликтүү бюджеттин чыгашалар беренеси жана кирешелер булагы тууралуу кенен маалымат беришти. Тогуз-Торо АА кийинки жылга жергиликтүү бюджети 7 млн. 364,7 миң сомду түзөт. Анын ичинен 83% теңдештирүүчү гранттын каражаттары түзөт.
 
Баяндаманын соңунда катышуучулар төмөнкүдөй суроолорду узатышты: “Спорт” беренесиндеги каражаттар эмнеге сарпталат жана бул беренени каржылоону көбөйтсө болобу? Бюджеттин бардык чыгашалар менен кирешелерин жалпысынан ким көзөмөлдөйт? Бюджеттин долбоорун түзүүдө электр жарыгына тарифтерди жогорулатуу эсепке алындыбы? Эмне үчүн бюджетке билим берүүгө чыгашалар кошулуп калган, ал республикалык бюджетке өткөрүлүп берилбеди беле? Эмне үчүн бюджетте беш жылдан ашуун убакыттан бери жаңыртылбай келаткан эмеректи сатып алууга чыгашалар каралган эмес? Дотациялык чуңкурдан кантип чыкса болот? Жайыттардан кандай киреше түшөт? Соңку бюджет долбоорун ким жана качан бекитет?
 
Жалпысынан тургундар бюджеттин долбоорун жактырышты. Бирок документти айылдык кеңештин кароосуна жиберүүнүн алдында алардын да сунуштарын кошуп коюуну өтүнүштү. Айыл өкмөттүн кызматкерлери катышуучуларды өз сунуштарын жана комментарийлерин жазуу түрүндө берүүнү суранышты.

Окшош материалы: