Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (92) 20 Август 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жакшы тажрыйба даанышмандыктан да маанилүү: Жалал-Абад облусунун айылдык аймактарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чарасы

2013-08-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору
Жакшы тажрыйба даанышмандыктан да маанилүү: Жалал-Абад облусунун айылдык аймактарынын ортосунда тажрыйба алмашуу иш-чарасы

Тажрыйба алмашууга Жалал-Абад облусунун ММК өкүлдөрү жана ЖӨБЭММАнын облустагы өкүлү да катышты.

2013-жылдын 14-июлунан 17-июлуна чейин ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында “Жалал-Абад облусундагы айылдык аймактарда жарандарды бюджеттик процесске жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тартуу практикасы” темасы боюнча муниципалитеттердин тажрыйба алмашуу сапары болду. Жалал-Абад облусундагы 25 айылдык аймактын башчылары жана адистери өз кесиптештеринин жетишкендиктерине, кызыктуу билим жана тажрыйба менен практика жүзүндө алмашууга, жергиликтүү маанидеги иштерди натыйжалуу башкаруу маселелерин пайдалуу жана конструктивдүү талкуулоого күбө болушту. Тажрыйба алмашууга Жалал-Абад облусунун ММК өкүлдөрү жана ЖӨБЭММАнын облустагы өкүлү да катышты.
 
Тажрыйба алмашуу АА жетекчилерин элеттик жамааттардын жашоо тиричилигиндеги түрдүү багыттарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуу иштеп кетишине жана жергиликтүү бюджеттерди түзүп, бюджеттик маалыматтарды ачыктоо аркылуу калкты жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ишине тартууга иш жүзүндө үйрөтүү максатында өткөрүлдү.
 
ЛЕНИН АА: бюджет тууралуу маалыматты кантип ачыктап, таштанды тазалоо боюнча кызматты кантип уюштуруу керек?
 
Тажрыйба алмашуу сапарынын биринчи күнүндө анын катышуучулары 2011-жылдан тарта ЭҮЖӨБОЖ долбоору менен тыгыз кызматташуунун негизги баскычынан өткөн жана бюджеттик процесстин ачыктыгы жана айкындуулугу аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө оң натыйжага жетишкен Ленин АА (Сузак району) болушту. Эки иш-чара Ленин АА ишинин көзгө басарлык үлгүсү болуп калды – 2014-жылга карата бюджеттин долбоору боюнча коомдук угуулар жана ТКЧ ишмердигинин натыйжаларын талкуулоо.
 
Ленин айылдык аймагын угууларды сабаттуу түрдө уюштурулган маалыматтык өнөктүктөн жана жамааттын жакшы даярдыгынан улам үлгү көрсөтөрлүк деп атаса болот. Өзгөчө катышуучуларды “көздү оюп көрсөткөн” суроолорду гана узатпастан, муниципалдык каржыны башкарууну жакшыртуу боюнча бир кыйла сабаттуу сунуштарды берген жамааттын өкүлдөрү таң калтырды. Мисалы: 2013-жыл үчүн СПА отчетун угуу жана бардык айылдарды сугат суу менен камсыздоо үчүн каналдарды жана арыктарды тазалоо боюнча чыгашаларды кайра карап чыгуу; 2014-жылга карата бюджет долбоорунда бала бакчанын курулушуна чыгашаларды караштыруу, бала бакчаны калк “ашар” жолу менен колдоого даяр; кургак учуктун жайылуусун алдын алуу боюнча чыгашалардын өзүнчө беренесин караштыруу; ичүүчү сууга, жарыкка жана жолдорго муктаж болгон жаңы конуштардын чыгашаларын караштырып чыгуу; канцтоварларга кеткен чыгашанын беренесин кыскартуу, анын ордуна айылдын эң көйгөйлүү маселелерин эсепке алуу.
 
ТКЧ ишмердигинин натыйжаларын талкуулоо маалында аймактын жашоочулары отчетту угуп, өз сунуштарын киргизишти: үч айылда катуу тиричилик калдыктарын жыйноо үчүн тарифти көтөрүү маселеси боюнча чогулуштарды өткөргөндөн кийин тарифти 40 сомго чейин жана андан жогору көтөрүү; таштанды чогулчу жайдын тегерегин тосмолоо; карызы барларга жана таштандыны көрүнгөн жерлерге таштагандар үчүн ири айып пулдарды киргизүү; кыш мезгилинде айылдын ички жолдорун сапаттуу тазалоо жана иштин көбөйүп кетпеши үчүн ТКЧ даярдык иш-чараларын өткөрүшү керек; көп кабаттуу үйлөрдөн КТК өз убагында чыгарып кетүү ишин жөнгө салуу зарыл.
 
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары менен иш-чараларды талкуулоонун жүрүшүндө башка аймактардын башчылары Ленин аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын коммуналдык кызматты уюштуруу боюнча аракеттерине оң баасын беришти. Таштанды жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө карата жарандардын канааттануу деңгээлин аныктоо максатында калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжалары да чоң таасир калтырды. Бюджет боюнча коомдук угуулар тажрыйба алмашуу сапарынын көпчүлүк катышуучуларына тааныш эле болчу, бирок кесиптештер угуулар Ленин АА жогорку деңгээлде уюштурулганын өзгөчө белгилешти.
 
Ошондой эле пайдалуу сунуштар да болду. Чаткал АА жооптуу катчысы Бактыгүл КУРМАНАЛИЕВА: “Башка чыгашалар” деген беренени мындан да толугураак ачып бериш керек. Анткени бул абдан талаштуу берене. Ал боюнча калк тарабынан суроолор көп болот”. Ак-Курган АА башчысы Юсуфбек ТУРАББАЕВ: “ФЭБ жетекчиси бюджет долбоорун бир топ ыкчам жана кыска тааныштырып өттү. Бирок адегенде калкка айрым терминдердин чечмеленишин түшүндүрүп, андан кийин гана сандарга өтсө болмок. Мисалы, “категориалдык жана теңдештирүүчү гранттар” жана башка сөздөр карапайым калк үчүн түшүнүксүз”.
 
БАГЫШ АА: ЖӨБ менен жамааттын биргелешкен ишинин натыйжасы – жаңы жол жана эки көчөгө электр жарыгын өткөрүү
 
Багыш АА (Сузак району) менен таанышуу элеттин ичиндеги асфальт төшөлгөн жолдорду көрсөтүүдөн башталды. Бул жолдун узундугу – 800 метр. Жолду жергиликтүү калк ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында Элет көйгөйлөрүн биргелешип аныктоонун (ЭКБА-сессиялары) жүрүшүндө эң артыкчылыктуу маселе деп аныктаган. Бул тууралуу толугураак тургундардын өздөрү мындайча айтып беришти: “Тизеге жеткен ылайдын айынан жол таптакыр
жараксыз болчу. Эми болсо асфальт төшөлгөн жолдон велосипед тээп, машине айдап өтсө болот, булганып алам, же бутумду сындырып алам деп коркпостон басса болот”. Жолдун ремонт иштерине жалпысынан 1 млн. 840 миң сом кетти. Мунун ичинен жергиликтүү бюджеттен 184 миң сом бөлүндү, калктын салымы 50 миң сомду түздү, дем берүүчү грант 1 млн.606 миң сомду түздү. Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларын мындай жетишкендиктер таң калтырды. Анткени бүгүнкү күндө ар бир эле аймактын, болгондо да дотациядагы аймактын жолго асфальт төшөгөнгө чама-чаркы чектелүү эмеспи.
 
Андан ары катышуучуларды балдар чыгармачылыгынын борборунда тосуп алышты. Бул жерде төрт демилгелүү топтун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчү менен айылдын артыкчылыктуу 14 маселесин чечүү боюнча Биргелешкен аракеттер планын ишке ашыруунун натыйжаларын чагылдырып беришти. Жалпысынан пландалган 33 иш-чаранын ичинен 23ү ишке ашырылды (70%); каржылоонун жалпы көлөмү 3933500 сомду түздү, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салымы – 649000 сом, калктын салымы – 742000 сом жана үчүнчү жактардын инвестициясы – 2543500 сом. Тажрыйба алмашуунун катышуучулары калктын активдүү катышуусун жана ар бир артыкчылыктуу көйгөйдү чечүүгө инвестиция тартуунун жакшы практикасын белгилешти. Мисалы, Октябрь айылынын жашоочулары жана айыл старостасы тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучуларына бир нече жыл мурда тургундар өз алдынча жана жабыла колдо болгон материалдардан устун орнотушканын, бир электр линиясын көчөнү бойлой кошуп чыгышканын, мындан улам дайыма жарык өчүп, электр аспаптары иштен чыгып турганын айтып беришти. ЭКБА-сессияларын өткөргөндөн кийин эки көчөгө “туура” жарык бериле баштады (29 устун, 1 трансформатор,1000 метр зым). Бул иштерге кеткен чыгашанын жалпы суммасы 1 млн. 700 миң сом болду, анын ичинен жергиликтүү бюджеттин салымы 20 миң сомду түздү, калктын салымы – 50 миң сом, инвестиция (ПРООН)– 1 млн. сом.
 
Сөз соңунда Багыш АА башчысы Рахман ШЕРГАЗИЕВ жакынкы пландары менен бөлүштү – Ленин айылдык аймагындагы ТКЧ кызматы өңдүү муниципалдык ишкана түзүү. Айрым бир иштер жасалып калды: уставдын долбоору иштелип чыкты, колдо 1 бульдозер-жүктөгүч бар, калк менен КТК жыйноо үчүн тариф менен графикти, жети айылдык аймакта стационардык контейнерлердин курулушун талкуулоо пландалууда.
 
САКАЛДЫ АА: калктын күчү менен көптөгөн маселелерди чечсе болот
 
Сакалды АА К. Абдразаков атындагы мектептин имаратында катышуучуларды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жамааттын өкүлдөрү – жергиликтүү кеңештин төрагасы жана депутаттары, жамааттын лидерлери, айыл өкмөтүнүн башчысы жана кызматкерлери тосуп алышты. ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун алкагында натыйжалар жана жетишкендиктер тууралуу баяндама жасалды: ЭКБА-сессияларынын жана Биргелешкен аракеттер планынын жардамы менен айылдын көптөгөн көйгөйлүү маселелери кантип чечилгени тууралуу маалымат берилди. Баары болуп 14 артыкчылыктуу көйгөй аныкталган, 50 адамдан турган демилгелүү топ түзүлгөн, 54 иш-чарадан турган план иштелип чыккан, алардын ичинен 21 иш-чара ишке ашырылды (38%). Каржылоонун жалпы көлөмү 2997370 сомду түздү, алардын ичинен жергиликтүү бюджеттин салымы – 730500 сом, калктын салымы – 787520 сом жана үчүнчү жактардын инвестициясы – 1479350 сом.
 
Тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары жергиликтүү маанидеги иштерди чечүүдө калктын катышуусун белгилешти. Эмгек салымын кошпогондо акчалай салым 787 520 сомду түзгөн. Бул бүгүнкү күндө долбоордун 13 пилотунун ичинен жамааттын эң чоң салымы болуп эсептелет. Калктын демилгеси жана күчү менен курулган, Өзбекстандын чек арасына жакын жайгашкан Чек айылындагы көпүрө аймактагы бардык тургундар үчүн өтө маанилүү объект болуп эсептелет. Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү үчүн имараттардын жетишсиздигинен улам айылда өткөн чогулушта кабыл алынган чечим боюнча мектептин ордуна убактылуу бала бакчага айланган 60 орундуу “Ак-Шоола” бар. Өзгөчө кызыгууну “Нооруз” бала бакчасы жаратты. Бул жерде катышуучуларды тарбиячылар жана бакчанын балдары театралдаштырылган көчө оюн-зоогу менен тосуп алышты. Бул бакчадагы алты топто 180 бала тарбияланат. “Нооруз” бала бакчасынын өзгөчөлүгү – бул жерде көрсөтмө оюн куралдары аркылуу балдарды тарбиялоонун инновациялык усулдары колдонулуп келет. Бала бакчанын өз телестудиясы бар, ал кызматкерлердин жана
ата-энелердин демилгеси менен түзүлгөн.
 
КЕҢЕШ АА: жерлерди акыйкат, ачык жана натыйжалуу башкарыш керек
 
Кеңеш АА (Базар-Коргон району) айыл башчысы Анарбай ТАЛАСБАЕВдин “Муниципалдык жерлерди башкаруу” темасы боюнча баяндамасы кызуу талкууга жем таштады. Бул аймак муниципалдык жерлерди башкаруу маселелери боюнча элеттик муниципалитеттер менен иш алып барган мезгилден бери Кыргызстан боюнча эң мыкты натыйжаны көрсөтө алды. Эмне үчүн? Эсеп жүргүзүп, инвентаризация жасагандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сегиз айылдык аймакта 66 гектар курулуш жүрбөгөн бош жер участокторун аныктады. Инвентаризациянын натыйжалары боюнча 2012-2013-ж.ж. Муниципалдык жерлерди башкаруунун Стратегиясы иштелип чыкты. Бул стратегияда жерлердин классификациясы жасалды – стратегиялык максаттар (социалдык объекттердин – мектептер, бала бакчалар ж.б. – болочок курулуштары) үчүн “алтын фонд” аныкталды; “жер фонду” – КР Жер кодексинин 32-беренесине ылайык жеке турак жай курулушу үчүн жер участоктору; “капиталдык курулушка жарамдуу бош жаткан жер участоктору” менчикке же ижарага ачык тоорукта берилет. Мындан тышкары муниципалдык менчик объекттерине укуктарды берүү боюнча жергиликтүү ченемдик укуктук акт иштелип чыкты жана бекитилди.
 
Жер темасы боюнча тажрыйба алмашуунун катышуучуларынан бир топ суроолор түштү. Мисалы, ЖӨБ органдарынын мурдагы жетекчилери маалында эле айыл тургундарына берилген, бирок ККМУКД (Мамкаттоо) мамлекеттик каттоодон өтпөй калган курулуш жүргөн жер участокторун кантип катташ керек? Жооп: мындай учурда айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин чечими укукту белгилеген документ деп эсептелинет. Ошол документ боюнча ККМУКД (Мамкаттоо) укукту белгилеген документти даярдап, ээсине бериш керек. Суроо: кандай принциптерге таянып, жер участокторунун классификациясы жүргүзүлөт? Жооп: азыр чоң суроо-талап кылынган жана ижарага берилген жерлерди “капиталдык курулушка жарамдуу бош жаткан жер участоктору” категориясында калтыра берүү керек. Мындай категориядагы жерлер менчикке же ижарага базар баасы боюнча ачык тоорук аркылуу берилет. Суроо: муниципалдык менчикте эмне бар болгонун кантип аныктаса болот? Жооп: бардык объекттерди эсептөөдөн жана инветаризациядан өткөрүүдөн башташ керек. Кайсы объекттер жана жерлер колдо бар болгонун аныктоо зарыл. Андан соң тактоо жана каттоо үчүн Мамкаттоого кайрылуу абзел.
 
Сөз соңунда баяндамачыга Тогуз-Торо АА башчысынан кызыктуу сунуш түштү. Башчы муниципалдык жерлерди эсепке алуу жана инвентаризациядан өткөрүү процессине чындап кызыгып, Анарбай ТАЛАСБАЕВди өзүнүн айылдык аймагына чакырды.
 
Түз сөз
 
Улан КӨЧӨРБАЕВ, Тогуз-Торо АА башчысы: “Биздин АА Ленин аймагынын ТКЧ иш тажрыйбасын практикада колдонууга 100% даяр турат. Анткени бул - №1 көйгөй. Жыл сайын жазында айылды тазалап чыкканыбызга карабастан бул көйгөй жылдан жылга сакталып кала берүүдө жана ТКЧ атайын кызматы иштей баштаганча маселе чечилбейт. Биз айыл өкмөтүнүн алдында ТКЧ бөлүмүн ачууну, техниканы жана эки адисти жалдоону, ар бир короого 20 сом көлөмүндө тарифти орнотуп, бул маселени калк менен макулдашуу үчүн коомдук угууларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Багыш АА мисалында жолдор жана жарык берүү өңдүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн инвестиция тартуу боюнча долбоор-донорлор менен активдүү иштешкибиз келет, ошондой эле маданиятты өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүүнү каалайбыз. Мындан тышкары Сакалды АА жасап жаткандай, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө калкты тартуу боюнча активдүү иш алып бармакчыбыз”.
 
Наралы БАТЫРКАНОВ, Сумсар АА башчысы: “ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында биздин аймак тракторду сатып алууга грантты утуп алды. Теория жүзүндө мындан аркы аракеттерибизди билгенбиз, бирок иш жүзүндө көп суроолор боюнча күмөн санай баштаганбыз. Эми болсо Ленин АА ТКЧ ишин талкуулоого катышкандан кийин таштанды көйгөйүн чечүүдө кайсы багытта иш алып барышыбыз керектигин дагы да жакшыраак түшүнүп калдым”.
 
Чолпон МУРЗАКАНОВ, Ленин АА башчысы: “ЭҮЖӨБОЖ долбоору менен иштеген маалдын ичинде 2011-жылдан баштап биз калк менен тыгыз байланышты түзө алдык. Эми бардык оппозиционерлер биздин тарапка өттү, ишибизди түшүнөт жана колдошот. Бардык аймактарга бюджеттик процессте айкындуулукка жана ачыктыкка жетишүүнү каалайм. Бул калк
менен кызматташтыкка, ынтымакка, натыйжаларга алып келет. Бул жолду тандаган көптөгөн кесиптештерим да натыйжаларга жетишип жатканына күбөмүн. Багыш АА мага калктын катышуусу, бардык аймактын маанайы жакты – адамдар алардын биргелешкен эмгегинин натыйжаларын ынтымактуу тартуулап жатышты. Калктын өз айылындагы көйгөйлөргө кайдыгер эмес мамилеси таң калтырды. Жашоочулар жашоо шартты жакшыртууга ушунчалык чоң салым кошкон экен. Биз бул багытта дагы иштей беришибиз керек”. Бейформал жагдайда баарлашуу маалында тажрыйба алмашуу сапарынын катышуучулары анын натыйжалуулугу жана негизги пайдасы башка АА кандай иштеп жатканын өз көздөрү менен көрүү болгонун белгилеп жатышты. Ар бир адам өзү үчүн пайдалуу тажрыйба алып, аны иш жүзүндө колдонууга даяр турат. Катышуучулардын каалоосу тажрыйба алмашуу өз максатына жеткенинен кабар берет.
 
Эрнст ХАЙНЕ, немис жазуучусу: “Тажрыйба аркылуу алынган билим – эң татаал жол. Же окшоштуруп тууроо – бул эң үстүрт жол. Же ой жүгүртүү аркылуу – бул оңой эле адаштырган жол. Бирок эң мыктысы – көрсөтмөлүү окутуу, ошондо адамда бир эле учурда көздөрү да, кулактары да иштейт”.
 
Гүляим ШАМШИДИНОВА,
ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун мыкты тажрыйба боюнча
адиси

 

Окшош материалы: