Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Тоң айылдык аймагы алгачкы жолу бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрдү

2013-08-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору
Тоң айылдык аймагы алгачкы жолу бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрдү

2013-жылдын 5-июлунда Ысык-Көл облусунун Тоң айылдык аймагынын бардык жашоочулары үчүн тарыхый окуя болду.

2013-жылдын 5-июлунда Ысык-Көл облусунун Тоң айылдык аймагынын бардык жашоочулары үчүн тарыхый окуя болду. Бул күнү алар муниципалитеттин тарыхында биринчи жолу 2014-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча коомдук угууларга катыша алышты.
 
Угууларга 50дөн ашык адам катышты. Алардын ичинде жергиликтүү кеңештин төрагасы, депутаттар, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айыл башчысы, ММК жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү бар.
 
Тоң айыл өкмөтүнүн башчысы Гүлмира ЭСЕНГУЛОВА 2014-жылы жергиликтүү бюджеттин көлөмү 2 млн. 612 миң сомду түзөөрүн айтты. Аймактын тургундары башчыга суроо узата алышты: эмне үчүн кийинки жылга категориалдык гранттын көлөмү кыскарды? “Башка чыгашалар” деген берене эмнени түшүндүрөт? Кайсы каражаттардын эсебинен мамкызматтар кыскартылды? Айылдарды жарыктандырууга чыгашаларды көбөйтсө болобу? ФАПтын полунун ремонту үчүн бөлүнгөн 35 миң сом жетиштүүбү?

Окшош материалы: