Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коомдук угуулар: формалдуу чогулушту катышуунун натыйжалуу механизмине кантип айландырса болот?

2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Окутууга облустагы ар бир айылдык аймактан жергиликтүү кеңештин төрагасы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, айыл өкмөт башчысы жана эки ФЭБ жетекчилери катышты.

2013-жылдын 24-майынан 31-майына чейин Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын райондук борборлорунда Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен түзүлгөн меморандумдун негизинде долбоордун эксперттери тарабынан бардык ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн 2014-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү боюнча коомдук угуулар боюнча тренингдер өткөрүлдү.
 
Негизги максаты – жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн туура жана реалдуу түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн адистеринин жана айылдык кеңештин депутаттарынын потенциалын жогорулатуу жана калкты коомдук угууларды өткөрүү жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жана бюджеттик процесске тартуунун механизмдерине окутуу.
 
Окутууга облустагы ар бир айылдык аймактан жергиликтүү кеңештин төрагасы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы, айыл өкмөт башчысы жана эки ФЭБ жетекчилери катышты (баары болуп 343 адам). Тренинг эки чоң бөлүктөн турду:
 
• жергиликтүү бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрү, мында өзгөчө көңүл практикалык эсептерге бурулду;
• калктын артыкчылыктарын эсепке алуу менен
 
2014-жылга бюджеттин долбоорунун кыскача сүрөттөлүшүн даярдоо менен коомдук угууларды өткөрүү.
 
Мамлекеттик бюджет саясаты жаатындагы бир катар реформалардын алкагында жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан түшүүлөрдөн 100% көлөмүндөгү чегерүүлөрдүн нормативи салыктын үч түрү боюнча бекитилген, ошондой эле жергиликтүү салыктардын эки түрү бекитилген болчу. Жергиликтүү маанидеги 22 маселени ишке ашыруу үчүн кошумча акча каражаттары баскыч-баскычы менен көбөйтүлүп турган, бирок бюджетти болжолдоо менен катар айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлеринде жана жаңы депутаттык корпуста суроолор пайда боло баштады: кантип эсептеш керек? ким билет? ким билиш керек? жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин өсүшү биздин кызыкчылыгыбыздабы? бюджет тууралуу калкты кантип туура кабардар кылыш керек? калктан, лидерлерден сунуштарды, пикирлерди кантип алса болот?
 
Ушул суроолордун баарына жооп берүү үчүн коомдук угуулар боюнча тренинг кайра иштелип чыкты. Жөн гана угууларды өткөрүүнүн тартибине үйрөтүүнүн ордуна катышуучуларга абстрактуу айыл өкмөтүнүн мисалында жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан салыктардын практикалык эсебин камтыган окуудан өтүү сунушталды. Бул материалды катышуучулар 2014-жылга бюджеттин өз долбоорун түзүү жана коомдук угууларды өткөрүү үчүн жардамчы усул катары колдоно алышты. Тренингде «Жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө жарандардын реалдуу катышуусу» сынагы өтөрү жарыяланды. Бул болсо калкты бюджет маселелери боюнча чечим кабыл алууга тартуу үчүн дем болмокчу.
 
Бюджет маселелери боюнча коомдук угуулар тууралуу маалымдуулуктун деңгээли бардык катышуучуларда бир топ эле жогору болду, бирок көпчүлүк депутаттарда жана ЖӨБнын жаңы шайланган башчыларында эсептерди түшүнүү, Салык кодекси, өкмөттүн токтомдору менен иш алып баруу, өз алдынча угууларды өткөрүү деңгээли жетишсиз болуп чыкты. Айталы, Сумсар АА кошпогондо, Чаткал районунда коомдук угуулар бир дагы аймакта өткөрүлгөн эмес, ал эми Ак-Суу районунда эки аймакта гана бюджет боюнча коомдук угуулар өткөн. Анткен менен Базар-Коргон, Сузак, Жети-Өгүз райондорунун айрым айыл өкмөттөрүндө бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүү практикасы бар.
 
Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларды төмөнкү суроолор өзгөчө кыйнады:
 
• милдеттүү патенттөө: милдеттүү патенттөө боюнча жылдык эсептер (айылдагы мончолор, дискотекалар), милдеттүү патенттөө боюнча салыктардын чоң ставкасы жана бюджетти пландаштырууда бул шарттарды кантип эсептеш керек;
 
• салык органдары, статистика органдары жана башка маморгандар менен бизнес субъектисин каттоо тууралуу расмий маалыматты алуу боюнча өз ара аракеттешүүсү: мисалы, айылдык аймак боюнча жыл сайын үй чарбачылыгын каттоо жүргүзүлүп келет, бул маалыматтар расмий деп эсептелеби, алар мамлекеттик органдардын маалыматтарына шайкеш келеби; айыл өкмөтү тургундардын кимиси конкреттүү айылда бизнес менен алектенерин, ал ошол маалыматтын негизинде салыктын түрлөрү боюнча (ыктыярдуу, милдеттүү патенттөө) эсеп жүргүзө алабы.
 
Бизнести ыктыярдуу патенттөөдөн түшкөн салыкты эсептөө өзгөчө чоң кызыгууну жаратты. Мисалы, тракторлордун, комбайндардын кызматтары, сүт жыйноо, мал жаюу ж.б.; экинчи жана төртүнчү топтогу мүлккө салыкты эсептөө (ишкерчилик ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн объекттер жана транспорт салыгын эсептөө). Эсептөөгө Каржы министрлигинин райондук каржы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Бул болсо мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызматташтыгынын жана өз ара аракеттешүүсүнүн жакшы үлгүсү болуп калды. Эсептөөлөрдөн кийин коомдук угууларды уюштуруунун жана бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүнө даярдыктын ар бир кадамы талкууланды. Катышуучуларга кайсы бир айыл өкмөтүнүн бюджетинин кыскача сүрөттөлүшүнүн үлгүсү камтылган СД-диск таратылып берилди, анда бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү сүрөттөлгөн. Дискте тренингдин презентациясы, ыктыярдуу жана милдеттүү патенттөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн ставкасы жана тизмеси, жер салыгын жана мүлк салыгын эсептөө үчүн КР Салык кодекси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагындагы ченемдик укуктук актылар, коомдук угууларды өткөрүү боюнча пилоттук айыл өкмөтүнүн мыкты практикасынын сүрөттөлүшү жана “Бюджеттик процесске жарандардын реалдуу катышуусу” сынагынын жобосу да камтылган. Бардык материалдар кыргыз жана орус тилдеринде берилген.
 
А. ШАЙЫМКУЛОВ, Көк-Арт АА башчысынын орун басары: «Бүгүн биз кирешелерди эсептөөнүн, угуулардын башталганга чейинкисин жана андан кийинкисин уюштуруунун этаптарынын ар бир кадамын басып өттүк. Эми баарын талкуулап, калкты бул процесске тартууга аракет жасайбыз».
 
Т. АКМАТОВА, Тогуз-Торо району: «Салыктардын ставкалары жана патент боюнча кызмат көрсөтүүлөр мен үчүн абдан кызыктуу болду. Буга чейин мен дүкөдөр гана ыктыярдуу патенттөө менен иштейт деп ойлочумун, бүгүн болсо мындай кызмат көрсөтүүлөрдүн саны 124кө жете турганын билдим».
 
Т. МАМАТАЗИМОВ, Шайдан АА ФЭБ жетекчиси: «ЖӨБ бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү калктын чыныгы керектөөлөрүн толук өлчөмдө жаба албайт, ошондуктан каржылоонун артыкчылыктарын тандоо тууралуу жарандарды туура, толук жана өз убагында кабардар кылуу абдан маанилүү. Бирок жарандар өздөрү да дайыма эле ачык эмес, көңүл салбайт, позитивдүү жүрбөйт, сын конструктивдүү эмес болот, талкуу үчүн убакыт сарптагың келбейт. Бирок мезгил алмашкан сайын жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга, бюджетке карата мамилеси да өзгөрүп жатат. Бүгүн «Эмне үчүн мынча сарптайбыз?» деген суроо эмес, «Эмне үчүн биз көбүрөөк сарптай албайбыз» деген суроо маанилүү болуп калды. Бул суроого жооп берип жатып, жарандар салык төлөө, бюджеттик толуктоо жана мындан да сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү алуу зарылчылыгы тууралуу тыянак чыгарышат.
 
Роза СУРАНЧИЕВА,
ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адиси

 

Окшош материалы: