Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кичи гранттар программасында утуп алган айылдык аймактардын өкүлдөрү окуудан өттү

2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнөн адистер буга чейин ушул өңдүү окутууга катышкан.

2013-жылдын 10-июнунан 14-июнуна чейин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Кичи гранттар программасынын линиясы боюнча грант утуп алган элеттик муниципалитеттердин өкүлдөрү «Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруу» темасына атайын окуудан өтүштү. Окутуу КР Каржы министрлигинин Окуу борборунун базасында өттү.
 
Катышуучу катары ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун пилоттук муниципалитеттериндеги сатып алуулар боюнча адистер чакырылды: Жалал-Абад облусунун Сакалды, Көк-Таш, Сумсар айыл өкмөттөрү, Ысык-Көл облусунун Улахол, Бостери жана Липенка айыл өкмөттөрү. Мындан тышкары катышуучулардын арасында 1 млн. сом көлөмүндө грант утуп алган пилоттук эмес Дархан айылдык аймагынын (Ысык-Көл облусу) өкүлү да болду.
 
Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнөн адистер буга чейин ушул өңдүү окутууга катышкан.
 
Бардык катышуучуларга мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосун уюштуруу жана өткөрүү процессин ишке ашыруу үчүн кандай аракеттер зарыл болгону тууралуу өзүнө теориялык билимди жана практикалык мисалдарды камтыган материалдар таратылып берилди.

Окшош материалы: