Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын тогуз аймагынын ар бири бир миллион сомдон грант алышат

2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Жалпысынан сынакка 35 табыштама түшкөн, алардын ичинен Ысык-Көл облусунан 20 жана Жалал-Абад облусунан 15 кайрылуу.

2013-жылдын 20-майында Швейцария Өкмөтү каржылап Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору 2013-жылдын кичи гранттар Программасынын алкагында уюштурулган сынак жыйынтыкталды.
 
Сынактын шарттарына ылайык Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын айылдык аймактарынын аткаруучу органдары жергиликтүү коомчулукка маанилүү болгон маселелерди чечүүгө багытталган иш-чараларды каржылоого табыштама бериши керек болчу. Жалпысынан сынакка 35 табыштама түшкөн, алардын ичинен Ысык-Көл облусунан 20 жана Жалал-
Абад облусунан 15 кайрылуу.
 
Сынакка келип түшкөн табыштамаларды кароо жана баалоо үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын курамына төмөндөгү өкүлдөр кирген: КР Өкмөтүнүн Аппараты, Каржы министрлиги, КР Өкмөтүнүн алдындагы курулуш жана регионалдык өнүктүрүү мамлекеттик Агенттиги, КР жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзу, “Демократия жана жарандык коом үчүн Коалиция” коомдук бирикмеси, Өнүктүрүү саясат институту жана ЭҮЖӨБОЖ долбоору. Аталган комиссия мүчөлөрү табыштамаларды индивидуалдуу түрдө карап чыгышты.
 
Ар бир табыштама 5 упайлык өлчөм менен 11 критерийдин негизинде бааланып чыккан соң, эң көп упайга ээ болгон сынактын 7 жеңүүчүсүн аныкташты:
 
• «Айылдагы буруп кетме каналы – коопсуз жашоо»долбоору, Сакалды АА, Ноокен району, Жалал-Абад облусу.
• «Балдар – биздин келечегибиз» долбоору, Бостери АА, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу.
• «Тазалык – ден соолуктун булагы» долбоору, Сумсар АА, Чаткал району, Жалал-Абад облусу.
• «Айыл тазалыгы биздин колубузда» долбоору,Улахол АА, Тоң району, Ысык-Көл облусу.
• «Сугат суу – киреше булагы» долбоору, Жаңы-Жол АА, Аксы району, Жалал-Абад облусу.
• «Жарык айыл – жарык келечек» долбоору, Липенка АА, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу.
• «Жакшы жашоо жолдон башталат» долбоору, Көк-Таш АА, Ала-Бука району, Жалал-Абад облусу.
 
Мындан сырткары, GIZ жарандык коомду колдоо Фонду менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сынакка түшкөн табыштамалардын ичинен эки долбоорду колдоого каражат бөлүнүп бериле турган болду:
 
• «Мектеп алдындагы бала бакча» долбоору, Дархан АА, Жети-Өгүз району, Ысык-Көл облусу.
 
• «Айкындуулук жана маалымдуулук – ийгиликтин башаты» долбоору, Тогуз-Торо АА, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу.
 
Бир айыл аймакка каралган грант суммасы 20 000 Швейцар франкы (1 млн. сомдун тегерегинде). Аны менен бирге долбоорду колдоого жергиликтүү бюджеттен атайын каралган каражаттын же жергиликтүү коомчулуктун катышуусу аркылуу каралган салым 10%дан кем эмес болушу керек.
 
Сынактын жеңүүчүлөрүнө 2013-жылдын июнунда “Мамлекеттик сатып алууларга Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын негиздери” деген аталышта атайын окутуу өткөрүлөт.
 
Толук маалымат: Өнүктүрүү саясат институтунун коомчулук менен байланышуу адиси Нургуль Жаманкулова, тел.: (0555) 313-385, (0770) 771-711, эл.почта: njamankulova@dpi.kg, веб-сайт: www.vap.kg, www.dpi.kg
 
СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮН КУТТУКТАЙБЫЗ! ПРОГРАММАНЫН ЖАҢЫ РАУНДУ 2014-ЖЫЛЫ БОЛОТ!

 

Окшош материалы: