Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун адистери мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акы системасын реформалоо маселелери боюнча КР МСК ишине катышууда

2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

11-июндан 14-июнга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын демилгеси боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө системасын реформалоо маселесине арналган семинар өттү.

11-июндан 14-июнга чейин Мамлекеттик кадр кызматынын демилгеси боюнча “Кыргызское взморье” санаторийинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө системасын реформалоо маселесине арналган семинар өттү.
 
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысын төлөө системасын реформалоо стратегиясын ишке ашыруу боюнча жыйынтыктоочу талкуу өткөрүү зарылчылыгы бул семинарды өткөрүүгө негиз болуп берди. Стратегияны ишке ашыруунун алкагында документтердин пакети иштелип чыкты, аны КР Өкмөтү кабыл алмакчы.
 
Стратегиянын өзгөчөлүктөрү:
 
• кызматчылардын эмгек акысынын критерийлерин унификациялоо;
• кызматтык маянанын бирдиктүү базалык ставкасы аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын өз ара байланышы;
• мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын административдик кызматтарынын реестринин негизинде эмгек акынын деңгээлин кызматтарга байлоо;
• кызматчынын өзүнүн ишмердигин баалоосуна жараша кызматтык акыны жогорулатууга байлоо.
 
Ошентип Стратегия төмөнкү документтерди кайра иштеп чыгууну талап кылат:
 
• Административдик жана саясий кызматтардын жаңыртылган Реестри;
• Эмгек акынын жаңы шарттары жана кызматтык маяналардын коэффициенттерин колдонуу боюнча инструкциялар тууралуу жобо;
• Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишмердигин баалоо тууралуу жобо.
 
Ушул тапта бул документтердин долбоорлору иштелип чыгып, жалпысынан мамлекеттик органдар менен макулдашылды жана өкмөттүн кароосуна жиберилмекчи. Семинар мамлекеттик органдардын жетекчилерине эмгек акы системасынын бардык компоненттерин жана алардын иштеши тууралуу түшүндүрмө берүү максатын көздөгөн.
 
Семинардын ишине жогоруда аталган документтерди иштеп чыгуу процессине камтылган ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адистери да катышты.

Окшош материалы: