Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын торчосун талкуулоо

2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын шарттары тууралуу жобону СВЕМ Долбоордук тобунун мүчөсү Элмира СҮЙҮМБАЕВА тартуулады.

31-майда Өнүктүрүү саясат институтунун кеңсесинде КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысынын торчосун талкуулоо боюнча “тегерек стол” өттү.
 
Талкууга Мамлекеттик кадр кызматынын, КР Өкмөт аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнүн, Бишкек ш. мэриясынын, Каржы министрлигинин, Эсеп палатасынын аналитика бөлүмүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана каржы анализ башкармалыгынын, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маянаны реформалоо бөлүмүнүн, Өнүктүрүү саясат институтунун, СВЕМ долбоордук тобунун 30га жакын өкүлү жана көз карандысыз эксперттер катышты.
 
Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын шарттары тууралуу жобону СВЕМ Долбоордук тобунун мүчөсү Элмира СҮЙҮМБАЕВА тартуулады. Ушул эле топтун башка мүчөсү – Алмаз АБДЫКЕРИМОВ – мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысы тууралуу жобо боюнча маморгандардан жана ЖӨБ органдарынан түшкөн сунуштар жана эскертүүлөр тууралуу кыска маалымат менен бөлүштү.
 
Иш-чаранын экинчи жарымында “тегерек столдун” катышуучулары кичи топторго бөлүндү, алардын ишинин натыйжалары талкуу аяктаган соң тартууланды. Бардык алынган сунуштар, идеялар жана комментарийлер Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын эмгек акысынын шарттары тууралуу жобону кошумча иштеп чыгуу боюнча бирдиктүү сунуштарды иштеп чыккан маалда эсепке алынат.

Окшош материалы: