Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

«Тегерек стол»: ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттардын өз ара аракеттешүүсү. ЖӨБ системасын өнүктүрүү үчүн андан кийинки кадамдар

2013-07-30 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

2013-жылдын 2-майында Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын өз ара аракеттешүүсүн талкуулоого арналган «тегерек стол» өттү.

2013-жылдын 2-майында Бишкекте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү жамааттардын өз ара аракеттешүүсүн талкуулоого арналган «тегерек стол» өттү. Иш-чараны КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган, Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоору уюштурду. «Тегерек столду» ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамагенттиктин директору Накен КАСИЕВ алып барды.
 
«Тегерек столдун» жүрүшүндө ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун адиси Бектур ОРОЗБАЕВ жергиликтүү жамааттын Уставынын жаңы редакциясынын долбоорлорун жана андагы жаңы нерселерди, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамына сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдү жана айылдык кеңештин Регламенти менен андагы жаңы нерселерди тартуулады.
 
КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Мыйзамдуулук, тартип жана кылмыштуулук менен күрөш комитетинин төрагасы Кенжебек БОКОЕВ жергиликтүү өз алдынча башкаруу жаатындагы артыкчылыктар жана Кыргызстанда ЖӨБ системасын өнүктүрүү үчүн андан аркы кадамдар тууралуу айтып берди. «Биз дайыма жана бардык жерде башкаруунун эки деңгээли түшүнүгү тууралуу айтып келгенбиз. Акыры буга келдик: бизде Жогорку Кеңеш жана айылдык кеңеш бар; бюджеттин эки деңгээли бар – республикалык жана жергиликтүү. Үчүнчү нерсе жок»,- деп белгиледи депутат.
 
КР ЖК депутаты Эсенгул ИСАКОВ бийлик менен элдин ортосундагы ажырым күндөн күнгө чоңоюп баратканын өкүнүү менен белгилеп, ушул ажырымды азайтуунун үстүнөн тынымсыз иш алып барыш керектигин айтты.

Окшош материалы: