Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Байтик окуясы: жарандар ЖӨБдүн инвесторлор менен ишин кантип колдоп беришти

2013-07-30 / Жарандык катышуу

Байтик айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешине депутаттыкка аттанып жатканда А. ЖАТКАМБАЕВ өз күчү жана мүмкүнчүлүгү болушунча Башкарасуу жана башка айылдардын көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылдык аймагы алты айылдан турат: Башкарасуу, Байтик, Кашка-Суу, Арчалы, Кайырма, Байкелди. Кыргызстандын башка жерлериндей эле бул айылдарда жашаган калктын да көйгөйлөрү бир топ. Бирок аймактын ресурстары бар – ижарага берилген карьерлер. Эгерде бардыгы ойдогудай болгондо, ошол ижарадан түшкөн кирешелердин эсебинен көп нерсе кылса болмок. Анткен менен акыркы мезгилге чейин жергиликтүү кеңеш бул ижара чынында канча каражат алып келерин билген эмес.
 
Байтик айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешине депутаттыкка аттанып жатканда А. ЖАТКАМБАЕВ өз күчү жана мүмкүнчүлүгү болушунча Башкарасуу жана башка айылдардын көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылган. Бирок бул үчүн каражатты кайдан алса болот? Депутат карьерлерге байланыштуу маселени изилдеп көрүүнү чечет. Анын демилгеси менен жергиликтүү жамаат жана ЖӨБ аткаруу органы менен биргеликте Байтик айылдык аймагынын территориясында жайгашкан карьерлерди ижарага алгандар менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушуу алардын ишмердигин текшерүү
максатын көздөгөн эле.
 
Келишимге ылайык, карьерлерди ижарага алгандардын баары («Жапаралиев» КИ, «Бишкеккурулушматериалдары» АК, «ДишанКурулуш» АК, «Ремэнергогидрострой» ЖЧК) өз ишмердигин 2007-жылдан бери жүргүзүп келатат. Сүйлөшүү толук кандуу болуп, ушак айыңдан алыс болуп, жергиликтүү жамаатка зыян келтирчү коррупциялык махинацияларды болтурбоо үчүн ижарага алгандардын ар бири жергиликтүү кеңештин отурумуна өз-өзүнчө келип, андан аркы кызматташтыктын шарттарын макулдашып жатты. Жолугушууларда муниципалитеттин ижарага алуучуларга карата негизги талаптары жаңырды – жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртуу үчүн айылдын өнүгүүсүнө салым кошуу, карьерлерди ижарага берүү менен жергиликтүү бюджетти толуктоо, анткени буга чейин муниципалитеттин өнүгүүсүнө эч кандай жардам жана салым болгон эмес. Бюджетке түшүп келген азганактай акча бирөөнүн чөнтөгүндө кала берген, же дайынсыз жок болгон.
 
Жергиликтүү жамаат менен ижарага алуучулардын жолугушууларынын натыйжасында төмөнкүдөй макулдашууларга кол коюлду. «Жапаралиев» КИ Башкарасуу айылындагы жолдорду оңдой баштады жана ишин башка айылдарда да улантат. Мурда жеке ишкерлер карьердин ижарасы үчүн жылына 300 000 сом төлөп келсе, 2013-жылдан баштап жергиликтүү бюджетке жылына 500 000 сом төлөп турууга милдеттендирилди.
 
«Бишкеккурулушматериалдары» АК (БКМ) 2007-жылдан бери жергиликтүү бюджетке бир да тыйын төккөн эмес, ал эми 2013-жылдан баштап жергиликтүү бюджетке жылына 150 000 сомдон төлөп турмай болду. Жергиликтүү жаштарга да көңүл бурулду – алар үчүн футбол талаасы курулат. Бул үчүн жерди ЖӨБ органдары бөлүп берди, ал эми 50 000 сом көлөмүндө каржылоону «Бишкеккурулушматериалдар» АК мойнуна алды.
 
«ДишанКурулуш» АК карьердин ижарасы үчүн жылына 20 000 сом төлөп келсе, 2013-жылдан баштап жергиликтүү бюджетке 250 000 сом төгүп турмакчы. Ошондой эле муниципалитеттин өзгөчө муктаж тургундары үчүн жылына өз баасында 200 000 кирпич берип турат.
 
«Ремэнергогидрострой» ЖЧК Байтик АА айылдары үчүн суу өткөрүү маселеси менен алектенүүдө. Буга чейин ал суу түтүгүн өткөргөн эле, бирок ал сапатсыз курулуп калгандыктар суу менен камсыздоо системасы кайра курулмакчы.
 
Депутат А. ЖАТКАМБАЕВдин демилгеси жана жамааттын колдоосу менен аймакта алгачкы натыйжалар билине баштады. Башкарасуу айылында жабдуулар сатып алынып, орнотулуп, жарык берилди; жаштар үчүн жумуш орундары түзүлдү – жаратылышта эс алуу үчүн жерлерди көрктөндүрүү.
 
Ошентип Байтик айылдык аймагынын депутаттары жана калкы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишине активдүү кошулуп, бир топ натыйжаларга жетише алды, анын ичинде инвесторлор менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзө алышты.
 
Руслан ДЖАЛИЛОВ