Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Реалдуу план – ийгиликтүү чечимдер – конкреттүү жетишкендиктер. Айылдык аймактар реалдуу пландын негизинде артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечип жатышат

2013-07-30 / Жарандык катышуу

ЖӨБ органдары менен калктын ортосундагы тыгыз конструктивдүү диалогдун негизинде пайда болгон жамааттардагы алгачкы оң өзгөрүүлөр иштин негизги натыйжасы болуп калды.

2012-жылдын июнь айынан тарта Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту (ӨСИ) ишке ашырган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору (мындан ары – Долбоор) Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарындагы 13 пилоттук айылдык аймак (АА) менен тыгыз кызматташа баштады.
 
Биргелешкен кызматташтыктын мезгилинде жетекчилердин, кызматкерлердин, депутаттардын жана жамааттын лидерлеринин аракеттери жана ӨСИ адистеринин катышуусу менен көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Алар тууралуу биз бир нече жолу «Муниципалитет» журналында жазганбыз.
 
Иштин негизги этаптары төмөнкүлөр болду: ЭКБА-сессиялардын жүрүшүндө ар бир айылдын артыкчылыктуу көйгөйүн аныктоо; аныкталган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топторду түзүү; ошол көйгөйлөрдү чечүү боюнча жакынкы 2-3 жылга биргелешкен аракеттер планын (БАП) иштеп чыгуу. Ошондой эле Чүйдөгү элеттик муниципалитеттер менен тажрыйба алмашуу болуп, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жамааттын лидерлери төмөнкү темалар боюнча окуудан өттү: «ЖӨБ мыйзамдык негиздери, ЖӨБ органдарынын укуктары жана милдеттери», «Коомдук бюджеттик угуулар», «Долбоорлорду (инвестициялык) иштеп чыгуу», «ЖӨБнын каржылык-экономикалык негиздери», «Коомдук ресурстарды (жергиликтүү бюджеттерди жана муниципалдык менчикти) башкарууда айкындуулукту камсыздоо», «Жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга жарандардын конституциялык укуктарын камсыздоо. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу». 2012-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар, артыкчылыктуу долбоорлорду тандоо үчүн чогулуштар өттү; 2014-жылга бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулар өтүп жатат; кошо каржылоонун булактарын табуу үчүн аныкталган көйгөйлөр боюнча долбоордун документтердин пакеттери иштелип чыкты.
 
ЖӨБ органдары менен калктын ортосундагы тыгыз конструктивдүү диалогдун негизинде пайда болгон жамааттардагы алгачкы оң өзгөрүүлөр иштин негизги натыйжасы болуп калды. Мунун айынан биргелешкен аракеттер планынын (АП) алкагында аткарылган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө кызматташтык пайда болду. БАП алкагында аткарылган ишчаралардын масштабы ар бир аймакта айырмаланат, бирок алардын бир окшоштугу бар: конкреттүү көйгөйлөр, жергиликтүү маанидеги маселелер бир тараптын гана иши катары кабылданбай калды, аларды жалпы аракеттер жана элдин катышуусу менен гана чечсе болот деген түшүнүү пайда болду.
 
Бардык аймактарда маалымат такталары орнотулду, ал жерде 2012-жыл үчүн бюджеттин аткарылышы тууралуу толук маалымат жарыяланды. Ошону менен бюджеттик процесстин жана айылдык аймактардагы ЖӨБ органдарынын ишмердигинин ачыктык жана айкындуулук маселеси чечилди. Кээ бир айылдарда көчөлөрдү жарыктандыруу (Ак-Чий, Арал, Багыш, Көк-Таш, Липенка, Сумсар аймактары) жана таза суу (Арал, Бешик-Жон, Бостери, Көк-Таш, Сумсар, Тогуз-Торо аймактары) маселеси чечилди, көпүрөлөр курулду (Ак-Чий, Арал, Бостери, Жаңы-Жол, Липенка, Сакалды, Тогуз-Торо аймактары), арык каналдары тазаланды жана калыбына келтирилди (Арал, Багыш,Бел-Алды, Бешик-Жон, Сакалды, Тогуз-Торо, Улахол аймактары), мектептерде жылуулук системасы оңдолду (Жаңы-Жол аймагы), балдар аянтчасы курулду (Бостери аймагы) жана башкалар.
 
БАП деген эмне?
 
БАП (биргелешкен аракеттер планы) негизги идеясы – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨБ органдары менен жамааттын кызматташтыгын ачыктык жана айкындуулук аркылуу активдештирүү. 8 айдын ичинде – 2012-жылдын октябрынан тарта 2013-жылдын май айына чейин – БАПты ишке ашыруу практикасы көрсөткөндөй, бул идея жашап кете алды жана чыныгы практикалык чечимдерге айланып, айылдык аймактардагы олуттуу оң өзгөрүүлөргө алып келүүдө.
 
Ар бир БАПтын жеке мазмуну жергиликтүү артыкчылыктарды, ЖӨБ органдарынын жана калктын кызматташууга даярдыгынын деңгээлин, жергиликтүү ресурстарды, ошондой эле жергиликтүү маанидеги ушундай маанилүү маселелерди чечүү үчүн ресурстарды мобилдештирүү боюнча идеяларды жана пландарды чагылдырат. Ар бир БАПтын деталдаштыруу деңгээли да индивидуалдуу, бирок жалпысынан ЖӨБ органдарынын алдына республикалык (өлкөдөгү) программалык документтер менен коюлган тапшырмаларды да чагылдырат. Бул документтерде социалдык-экономикалык өнүгүүнүн пландары көрсөтүлгөн. Ошол эле маалда БАП тиги же бул маселелерди чечүү үчүн ким кандай кадамдарды жасашы зарыл экенин толук көрсөткөн аракеттердин деталдуу планы болуп эсептелет. Иш-чараларды мазмунуна жараша чачыратуу мисалы, РЭК кат жүзүндө кайрылуу зарылчылыгы менен башталып, потенциалдуу инвесторлорго же донорлорго кошо каржылоого табыштама берүү менен аяктайт; чогулуштарды өткөрүүдөн баштап, «ашар» ыкмасы менен иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө чейин; маалымат тактасында жайгаштыруу үчүн бюджет тууралуу маалыматты даярдоодон баштап, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тоорук жарыялоого чейин. Жалпысынан БАП ЖӨБ органдарынын түз компетенциясына кирбеген, бирок бардык кызыкдар жактардын – калк, депутаттык корпус жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлери – катышуусу менен калк үчүн артыкчылыктуу болуп эсептелген жергиликтүү кызматтарды көрсөтүү, жергиликтүү маанидеги жана башка маселелерди чечүү боюнча иштерди системага салууга жардам берет. Дал ушундай биргелешкен талкуу жана биргелешкен ишмердикти пландоо өңдүү мамилелер ошол эле жактардын андан аркы катышуусун камсыздоого жардам берет.
 
«Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоору айылдарда артыкчылыктуу көйгөйлөр кантип чечиле аларына; жамааттар жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө кантип катыша аларына; ЖӨБ органдары инвесторлор, демөөрчүлөр менен активдүү иштешип, донордук уюмдарды тартып, жергиликтүү бюджеттердин чектелүү ресурстарын дагы да натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу менен, жергиликтүү ресурстарды мобилдештирүү менен алдына коюлган тапшырмаларды кантип аткарып жатканына сапаттык жана сандык анализ жүргүздү. Анализ аймактардын өздөрү берген маалыматтын негизинде жүргүзүлдү жана ошол маалыматтардын тактыгы үчүн жогоруда аталган муниципалитеттердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жооптуу. Негизги сандык натыйжалар 1-таблицада берилген.
 
1-таблица. 13 пилоттук айылдык аймакта (АА) ЖӨБ органдары менен жамааттардын биргелешкен ишинин жалпы сандык натыйжалары
 
13 АА артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн жана БАП аткарылышынын жалпы саны
Аныкталган
артыкчылыктуу
көйгөйлөр
Артыкчылыктуу
көйгөйлөрдү чечүү
боюнча иш-чаралардын
планы
Иш-чаралардын
планын аткаруу
БАПтын калган аракет мезгилине
калтырылган иш-чаралардын
өлчөмү
128 486 282 (58%) 204 (42%)
13 АА артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө салымдардын жалпы суммасы, миң сом
282 иш-чараны
ишке ашырууга
салымдын жалпы
суммасы
Жергиликтүү бюджет
Калк (жергиликтүү
жамааттар, калк,
кичи жана орто
бизнес)
Үчүнчү жактардын инвестициясы
(республикалык бюджет, ири
бизнес, донордук уюмдар, коомдук
уюмдар, фонддор)
54 593,1 15 550,5 3 360,2 35 682,4
  28,4% 6,2% 65,4%

 

Мындан ары биз аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөр кайсынысы болгону жана ЖӨБ органдары менен кызматташтыкта жамааттар аларды кантип чечип жатканы тууралуу кененирээк айтып беребиз.
 
Айылдык аймактардын эң кеңири жайылган артыкчылыктуу көйгөйлөрү
 
ЭКБА-сессияларынын жүрүшүндө ар бир аймактагы калк айылдын түрдүү сандагы артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктаган. Кездешкен тездиги боюнча артыкчылыктуу көйгөйлөрдү тизмектөө көрсөткөндөй, дээрлик бардык 13 АА үчүн башкы артыкчылыктар төмөнкүлөр: ЖӨБ органдарынын ишмердигиндеги айкындуулук (негизинен жергиликтүү бюджеттин айкындуулугу), жаштардын маселелери (спорт залдар, маданият үйлөрү, жабдуулар), ички жолдор, таза суу.
 
Көп кездешкени боюнча экинчи орунда: мектепке чейинки жана мектептеги билим берүүгө жетүү; көчөлөрдүн жарыктандырылышы.
 
Үчүнчү топ: сугат суу; арыктар, каналдар, дренаж системасы; айыл чарбасы (жайыттар, малдын тукумун жакшыртуу, айыл чарба продукциясын сатуу, агро жана ветеринардык кызматтар, айдоо иштери); таштанды; саламаттыкты сактоо (капиталдык ремонт, жабдуулар); көпүрөлөр.
 
Төртүнчү топту төмөнкү суроолор түздү: санитардык-экологиялык абал (мончонун жоктугу, уран калдыктарынан жана калдыктарды сактоочу жайлардан зыяндар), жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү (кичи ишканалар, тейлөө чөйрөсү, инвесторлорду тартуу).
Башка маселелер негизги артыкчылыктардын ката-
рында өтө маанилүү деле орунду ээлебейт.
 
Анткен менен көйгөйлөрдүн көп кездешкен (жайылган) жыштыгы бул маселелер аймак үчүн эң актуалдуу болуп эсептелет дегенди билдирбейт. Мисалы, муниципалдык транспорттун жоктугу бир аймак үчүн гана эң маанилүү болушу мүмкүн, бирок бул муниципалитет үчүн транспорт – эң маанилүү көйгөй. Андыктан биз эң актуалдуу артыкчылыктарды өз-өзүнчө анализдеп чыгалы дедик.
 
Айылдык аймактардын эң актуалдуу (өтө зарыл) артыкчылыктуу көйгөйлөрү
 
Аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөр алардын айылдык аймактар үчүн мааниси жана маанилүүлүгү даражасы боюнча кантип бөлүштүрүлдү? 2-таблицада аймактар боюнча артыкчылыктардын бөлүштүрүлүшү келтирилген (алты биринчи орундар каралат).
 
Эмесе, мааниси боюнча (актуалдуулугу) биринчи орунга төмөнкү көйгөйлөр чыкты: ички жолдор – 5 айылдык аймакта; таза суу – 4 АА; ЖӨБ ишмердигиндеги айкындуулук, анын ичинде жергиликтүү бюджет – 1 АА; арыктардын жана каналдардын абалы – 1 АА; таштанды – 1 АА; санитардык-экологиялык абал – 1 АА.
 
Экинчи орунда: ички жолдор – 2 АА; көчөлөрдү жарыктандыруу – 3 АА; мектепке чейинки билим берүү – 2 АА; сугат суу – 2 АА; көпүрөлөр – 2 АА; ЖӨБ ишмердигиндеги айкындуулук, анын ичинде жергиликтүү бюджет – 1 АА.
 
Үчүнчү орунда: ички жолдор – 2 АА; сугат суу – 2 АА; мектепке чейинки билим берүү – 2 АА; ЖӨБ ишмердигиндеги айкындуулук, анын ичинде жергиликтүү бюджет – 1 АА; мектептеги билим берүү – 1 АА; көчөлөрдү жарыктандыруу – 1 АА; сугат суу – 1 АА; таштанды – 1 АА; көпүрөлөр – 1 АА; тегирмендин жоктугу – 1 АА.
 
Эмесе, бүгүнкү күндө көпчүлүк АА үчүн номур биринчи көйгөй деп «ички жолдор» эсептелинет, алар артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн жалпы тизмесиндеги биринчи 3 орунду ээлөө менен көбүрөөк белгиленип жатат. Номур экинчи көйгөй катары «таза суу» белгиленген. Номур үчүнчү көйгөй деп «көчөлөрдү жарыктандыруу» жана «мектепке чейинки билим берүү» аталган. Номур төртүнчү көйгөй “ЖӨБ ишмердигинин айкындуулугу, аны менен катар жергиликтүү бюджет”, «сугат суу» жана «көпүрөлөр» аталган. Номур бешинчи көйгөй – «таштанды».
 
2-таблица. Артыкчылыктуу көйгөйлөрдү мааниси (актуалдуулугу) боюнча бөлүштүрүү
 
Артыкчылыктуу көйгөйлөр
Мааниси боюнча артыкчылыктуу көйгөйлөр (артыкчылыктар тизмесинде орундар)
Биринчи  Экинчи Үчүнчү Төртүнчү Бешинчи Алтынчы
ЖӨБ ишмердигинин айкындуулугу 1АА 1АА 1АА 1АА 3АА 1АА
Жаштардын маселелери       1АА 1АА 5АА
Ички жолдор 5АА 4АА 2АА 1АА 1АА  
Таза суу 4АА   2АА 2АА 1АА  
Мектепке чейинки билим берүү   2АА 2АА 1АА 1АА 2АА
Мектептеги билим берүү     1АА   3АА 1АА
Көчөлөрдү жарыктандыруу   3АА 1АА 1АА 2АА  
Сугат суу   2АА 1АА     1АА
Арыктардын жана каналдардын абалы 1АА     2АА 1АА 1АА
Таштанды 1АА   АА 2АА    
Саламаттык сактоо       1АА    
Көпүрөлөр   2АА 1АА     1АА
Санитардык-экологиялык абал 1АА       1АА  
Жергиликтүү экономиканын өнүгүүсү           1АА
Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү           1АА
Тегирмендин жоктугу     1АА      

 

Аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн деңгээли
 
Ар бир АА 128 артыкчылыктуу көйгөйдү чечүү үчүн 486 иш-чарадан турган БАП түзүлгөн, алардын ичинен бүгүнкү күндө 282 иш-чара аткарылды, бул болсо планды аткаруунун 58% түзөт. Ар бир БАПтагы иш-чаралардын саны ар башка. Айталы, Сумсар АА алар 17 болсо, Аралда – 58. 8 ай үчүн планды аткаруунун деңгээли да олуттуу өзгөрүшү ыктымал: Улахолдо иш-чаралардын 34% аткарылса, Сумсарда 88% түзгөн (2-диаграмманы караңыз). Белгилей кетчү жагдай, аткаруу деңгээли түрдүү факторлордон көз каранды, анын ичинде ЖӨБ органдарынын ишинин активдүүлүгү, калктын бул иштерге тартылган деңгээли, ошондой эле алдыга коюлган тапшырмалардын оордугу бар. Пландардын өзгөчөлүгү – алар чукул арада жана арзан чечип койчу көйгөйлөрдү эмес, ЧЫНДАП ЭЛЕ артыкчылыктуу көйгөйлөрдү камтыйт. Андыктан айрым аймактардын биргелешкен аракеттер планына таза суу менен камсыздоо же капиталдык курулуш өңдүү оор маселелер кирип калган. Аймактарда БАП аткаруу деңгээлин жогорулатууга дагы убактысы бар, анткени алардын баары эки жылдык мезгилге (2012-2013-ж.ж.) иштелип чыккан.
 
Айылдык аймактардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүүдө тараптардын салымы кандай болду?
 
13 пилоттук АА 282 иш-чара боюнча БАПты ишке ашырууга салымдардын жалпы өлчөмү 54 593 100 сомду түздү, алардын ичинен жергиликтүү бюджеттин кошумчасы 15 550 500 сомду түздү (жалпы өлчөмдөн 28,4%), калктын салымы – 3 360 400 сом (6,2%), үчүнчү жактардын инвестициясы – 35 682 400 сом (65,4%), анын ичинде республикалык бюджеттен 10 млн сом. Эгерде салымдардын өлчөмү боюнча пилоттук муниципалитеттерди тизмектей турган болсок, анда алар негизги 4 топко бөлүнөт:
 
• 1-топ – салымдар 5 млн. сомдон ашык (Көк-Таш, Липенка, Бостери АА);
 
• 2-топ – 3төн 5 млн. сомго чейинки салымдар (Арал, Багыш, Сакалды, Сумсар, Жаңы-Жол АА);
 
• 3-топ – 1ден 3 млн. сомго чейинки салымдар (Бел-Алды, Бешик-Жон, Тогуз-Торо АА);
 
• 4-топ – 1 млн. сомдон азыраак салымдар (Ак-Чий, Улахол АА).
 
Мектептин курулушу үчүн 10 млн. сом көлөмүндө негизги сумманы республикалык бюджеттен алган Көк-Таш АА эсепке албаганда, алдыңкы орундарды ошондой эле Бостери жана Липенка айылдык аймактары ээлейт. Алардын БАПты ишке ашырууга салымдары 5 миллион сомдон ашты. Кызыгы, көлөмү жана экономикалык потенциалы жагынан бул бири-биринен бир кыйла айырмаланган аймактар. Айталы, Бостери айылдык аймагынын 2012-жылы жергиликтүү бюджеттин иш жүзүндө аткарылышы 48,7 млн.сомду түзсө (оокаты тың муниципалитет), Липенка аймагынын ушул эле мезгилге карата бюджети болгону 17,6 млн. сомду гана түзгөн – эки эседен азыраак (дотациядагы муниципалитет). Анткен менен алардын артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө кошкон салымын салыштырууга мүмкүн. Ошол эле учурда ушул инвестициялардын пайда болгон жайы – ар башка. Бостериде жергиликтүү артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө негизги каражаттар жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, Липенканын жергиликтүү бюджетинде каражаттар бир кыйла аз, ошондуктан бул жерде аймак тышкы инвестицияларды тартуу боюнча ишти активдештирген. БАП аркылуу артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн инвестициялардын пайда болгон структурасы 5-диаграммада көрсөтүлгөн.
 
Жергиликтүү бюджеттердин салымы
 
Жергиликтүү бюджеттин эң көп салымы – Бостери жана Көк-Таш аймактарында (бул таң калычтуу эмес, анткени ушул муниципалитеттер 2012-жылы пилоттордун ичинен оокатына тың жалгыз муниципалитет болушкан, калган пилоттор – дотациядагы). Бул аймактар БАПты ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен олуттуу сумманы алышкан: Бостери АА – 5 969 000 сом жана Көк-Таш АА – 5 100 000 сом. Ушул муниципалитеттердин мүмкүнчүлүктөрү алардын жергиликтүү бюджеттери коммерциялык уюмдардан чогултулган ири өлчөмдөгү салыктык чегерүүлөрдүн эсебинен толукталганы менен түшүндүрүлөт. Мисалы, Бостери АА пансионаттардан, эс алуу үйлөрдөн жана жеке мейманканалардан салык чогултса, Көк-Таш АА жергиликтүү бюджеттин кирешесин «Казахмыс Голд Кыргызстан» инвесторунун эсебинен арттырган. Бул компания салыктык чегерүүлөрдөн тышкары кошумча 2 250 000 сом инвестициялаган.
 
Анткен менен атүгүл дотациялык аймактар да артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө каражаттарды инвестициялоо үчүн жергиликтүү бюджеттен ресурстарды табышууда. Муну Багыш, Сумсар, Сакалды жана Тогуз-Торо аймактарынын мисалында көрсө болот. Тышкы инвестицияларды (же үчүнчү жактардан инвестицияларды) тартуу боюнча эң чоң активдүүлүктү Липенка, Жаңы-Жол, Арал аймактары көрсөтүштү.
 
Жергиликтүү жамааттардын (калктын) салымы
 
Белгилей кетчү жагдай, калктын эң көп салымы Сакалды, Багыш жана Бел-Алды айылдык аймактарында катталган. Бул болсо ушул муниципалитеттердеги ЖӨБ органдарынын жетекчилеринин артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө калкты мобилдештирүү боюнча жакшы аракеттеринен кабар берет. Калктын инвестициялары акчалай жана эмгек салымдарын камтыш керек, бирок, тилекке каршы, көпчүлүк муниципалитеттер эмгек салымын көрсөтүшкөн эмес. Ошентсе да ар бир аймакта эмгек салымы болгонунан күмөн санабай деле койсо болчудай. Адатта бул салым тууралуу сөз болгон «ашар» ыкмасы менен жасалган эмгекти айтышат (жолдорду оңдоо – майда таш төгүү жана теңдештирүү, каналдарды жана арыктарды тазалоо, объекттердин курулушуна жардам, чуңкур казуу). Мисалы, Бостери АА (Ысык-Көл облусу) «ашар» ыкмасы менен сугат үчүн арыктардын үстүнөн 50 кичи көпүрөлөр өткөрүлгөн (258 адам катышты), 200 адамдын катышуусу менен жолдун 10 км оңдолду. Жалпы жонунан артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө өз эмгеги менен түздөн-түз салымды 700дөн ашуун адам киргизди, бирок бул иштердин баары акчалай түрдө көрсөтүлгөн эмес. 3-таблицада калктын салымын жана үчүнчү жактардын инвестицияларын акчалай түрүндө чагылдыра алган муниципалитеттер боюнча маалыматтар келтирилген.
АӨ аталышы Жалпы салым Акчалай салым Эмгек салымы
Ак-Чий 187 000 75 000 112 000
Арал 173 500 148 500 25 000
Жаны-Жол 365 000 295 000 70 000
Баары 725 500 518 500 207 000

 

 
Кичи жана орто бизнестин (жеке ишкерлердин) салымы
 
Кичи Мекенинин өнүгүүсүнө өз салымын кошкон жеке ишкерлерди белгилеп, аларды үлгү катары көрсөткүбүз келет. Мисалы, Сумсар АА (Жалал-Абад облусунун Чаткал району) жергиликтүү кеңештин депутаты жана Демилгелүү топтун мүчөсү Ч.КУРМАНТАЕВАнын жардамы менен 5 000 сомго алты жерде көчөгө жарык берчү жабдуу орнотулган. Көк-Таш АА (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука району) ишкер Н.ЭГЕМОВ сел жүргөндөн кийин 0,5 гектар жер участогун калыбына келтирүүгө 50 миң сом сарптаган. Арал АА (Ысык-Көл облусунун Түп району) жеке ишкер Ш.ТӨЛӨБАЕВ айылдык аймактын жашоочуларынын баарына картошка сактоо үчүн өзүнүн жашылчаларды сактоочу жайын берип турат. Ал эми К.ТУРГАМБАЕВ аттуу жашоочунун үйүнүн короосунда шире сыккан аппарат орнотулган, аны АА бардык жашоочулары пайдаланып келишет (бул жылы ушундай аппаратты аймактагы бардык айылдарда орнотуу пландалып жатат). Ишкерлер менен карапайым тургундар тарабынан демөөрчүлүк салымынын тажрыйбасы мыкты үлгү болуп калды. Алар жолдорду жана соцобъекттерди оңдоого, каналдарды тазалоого ветеринардык жабдууларды жана башка нерселерди сатып алууга 742 000 сом чогултуп беришкен. Эң кызыктуусу – мектептин бир топ жыл мурда бүтүрүп кеткендер чыгымдуу салтанаттуу аземдерден баш тартып, өз каражаттарын айылдын көйгөйлөрүн чечүүгө сарптоону чечишкен. Мисалы, бир жылда окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр макулдашып алып, бир көчөнү оңдосо, башка жылы мектепти чогуу бүтүргөндөр кайсы бир соцобъектти оңдоо милдеттемесин алышат жана башка. Дагы көбүрөөк каражатты – 787 500 сомду өз айылына Сакалды АА тургундары салды. Ошону менен катар мектепти 1975-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөр жолдорго 75 машине майда таш төгүп беришкен; 1976-жылкы бүтүрүүчүлөр 56 миң сомго жолдун 2 километрине майда таш төгүп беришкен. Бул чөйрөдөгү оң тажрыйба Бел-Алды АА (Жалал-Абад облусунун Токтогул району) жана Багыш АА (Жалал-Абад облусунун Сузак району) бар.
 
Ири бизнестин салымы
 
«Кумтөр Оперейтинг Компани» (Өнүктүрүү фонду аркылуу) жана «Казахмыс Голд Кыргызстан» өңдүү ири инвесторлордун чоң салымын өзгөчө белгилей кетүү зарыл. Аталган казуучу компаниялар бардык региондун өнүгүүсүнө олуттуу жардам көрсөтүп жатышат. Мисалы, Сумсар АА «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясы колонкалары менен суу түтүк түйүндөрүн орнотуу үчүн 400 м труба сатып алган, узундугу 1 км траншея казган. Күрөш залы үчүн 60 миң сомго килемдерди сатып берген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу менен инвесторлордун натыйжалуу өз ара байланышынын оозго алаарлык мисалы катары Көк-Таш АА менен «Казахмыс Голд Кыргызстан» компаниясынын тыгыз кызматташтыгын атаса болот. Бул компания салыктык чегерүүлөрдөн тышкары БАП алкагында айылдын көйгөйлөрүн чечүү үчүн демөөрчүлүк колдоосун көрсөтүп келатат: жолдорду оңдоого 500 миң сом; таза сууга жетүү көйгөйүн чечүүгө 1 млн. 700 миң сом; ишкерликти өнүктүрүүгө (тигүүчү цехти кеңейтүүгө жана тигүүчү машинелерди сатып алууга) 50 миң сом бөлгөн. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду («Кумтөр Оперейтинг Компанинин» каржылоосу) Ак-Чий АА жыйындар залынын көп жылдан берки курулушун жыйынтыктоого 389 миң сом бөлгөн, Липенка АА фонд насос станциясынын курулушу үчүн 2 млн. 700 миң сом бөлүп берген.
 
Донордук уюмдардын салымы
 
Эл аралык донордук уюмдардын салымы тууралуу айтпай койгон акыйкатсыздык болмок. Алардын жардамы менен айылдарда адатта эң оор жана чыгашалуу көйгөйлөр чечилип келатат. Көп учурда айылдык жамааттарга жардам АРИС жана ПРООН тарабынан келет, «Хабитат» фонду тууралуу да айтылып келет. Ошондой эле “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги” Долбоорунун сынагынын натыйжасында 9 аймакка артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн алар иштеп чыккан долбоорлорду ишке ашырууга 9 миллион сом бөлүнгөн. Жети (7) долбоорду Швейцариянын Өкмөтү жана эки (2) долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча германиялык коом, GIZ каржылайт. GIZ активдүү жергиликтүү жамааттарды жана ЖӨБ органдары менен кызматташтыкта иштелип чыккан долбоорлорду колдоо үчүн сынактын байге фондуна кошулган.
 
Жалпы жонунан донордук уюмдар пилоттук АА 14 980 600 сомго гранттык жардам көрсөттү (БАПты ишке ашыруунун алкагында). Бирок белгилей кетчү жагдай, бул суммадан тышкары донорлор түрдүү жабдуулар (уюштуруучу техникалар, курулуш материалдары ж.б.) менен материалдык колдоо көрсөткөн.
 
Тыянактар
 
Жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттер планына (БАП) киргизилген актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн жергиликтүү бюджеттин, калктын салымына жана үчүнчү жактардын инвестицияларына көз жүгүрткөндө пилоттордун өзүндө гана эмес, ошондой эле жалпысынан ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун натыйжалары тууралуу да айтса болот. Анткени ушул Долбоордун жардамы менен ЖӨБ органдары жана жамаат активдешип, ачык жана айкындуу кызматташтыктын шарттарында биргелешкен иш үчүн өз күчтөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн топтой алышты.
 
Маалыматтардан белгилүү болгондой, акча – БААРЫН эле чече бербейт! БАП ишке ашыруу деңгээлин (2-диаграмманы караңыз) жана сом менен көрсөтүлгөн салынган акчаны (3-диаграмманы караңыз) салыштыра келгенде биз мунун далилин көрө алабыз. Дайыма эле акчалай салым маселени чечүү деңгээлине түз пропорционалдуу боло бербейт. Процесстин өзү, аткарылган иштердин сапаты, башкаруунун алдыңкы усулдарын пайдалануу, колдо болгон жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу колдонуу, анын ичинде мобилдештирүү маанилүү болуп эсептелет. Мунун баары тараптар бири-бирине ишеним артканда гана мүмкүн болот. Биз баяндап жаткан окуяларда болсо калктын ЖӨБ органдарына ишеними жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эки бутагынын өкүлдөрү – айыл өкмөтү менен жергиликтүү кеңештин ортосундагы биримдик тууралуу айтып жатабыз. Ал эми мындай ишеним бар, анткени чечимдер бардык тараптардын катышуусу менен ачык кабыл алынат.
 
БАПты ишке ашырууга жасалган анализ аткарылган иштердин өлчөмүн гана эмес, ошону менен катар аткаруу процессинин көптөгөн өзгөчөлүктөрүн да көрсөтүп жатат. Мисалы, айрым айыл өкмөт башчыларынын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын чечим кабыл алууда оперативдүүлүгү; иш билги кесипкөй мамиле, ЖӨБ органдарынын сабаттуу жетекчилеринин калк менен инвесторлор ортосундагы өз ара мамилелерди түзө алышы; элеттин карапайым жашоочуларынын патриоттуулугу жана кайдыгер эмес мамилеси; жергиликтүү жамааттын лидерлеринин активдүүлүгү жана өз жанын аябоочулугу. Дал ушул жамааттын лидерлери ошол иштердин бир кыйла бөлүгүн аткарышат. Ар бир аймакта кырдаал ар кандай түзүлөт, окшош окуялар болбойт: кээ бир жерлерде биринчи планга калк менен кызматташуу идеясын кабыл алган жана адамдардын кубатын пландарды ишке ашыруу үчүн активдүү пайдаланган күчтүү жетекчилер чыгат. Башка жерлерде болсо тизгинди колго жамааттын активисттери алышат, алар анча прогрессивдүү эмес жетекчилерди калк менен көбүрөөк активдүү диалогго түртүшөт. Бирок кандай болгон күндө да Долбоордун 8 айдан берки тажрыйбасы диалог, кызматташтык жана өнөктөштүк гана натыйжа берерин сандар, факттар менен тастыктап жатат. Өз-өзүнчө болсо, калк да, ЖӨБ органдары да айылдагы турмушту жакшы жагына өзгөртө алмак эмес. Бул болсо жолдун башталышы гана, муниципалитеттердин алдында чоң иштер турат – БАП ишке ашырып бүтүү жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө көбүрөөк оң тажрыйбага ээ болуу. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ай сайын «Муниципали-тет» журналын алып турган биздин өлкөдөгү ЖӨБ органдарынын бардык өкүлдөрүнө (жетекчилерге жана
кызматкерлерге) кайрылат. Ушул макалада баяндалган ЖӨБ органдары менен калктын кызматташтыгына жасалган анализдин натыйжасы – бул жөн гана отчеттун кургак статистикасы эмес. Бул – бүгүнкү күндөн баштап эле жашоону кантип жакшыртса болоорунун жандуу мисалы. Бул – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ар бир жооптуу кызматкери, жергиликтүү кеңештин депутаты өз жамаатындагы турмушту жакшыртуу менен кырдаалга таасир этүүгө күчү жетеринин көрсөткүчү.
 
Автордун лирикалык чегиниши
 
Эмне өзгөрдү? Биз элеттик балдар бакчасында ачылып жаткан топтордогу жаңы мүмкүнчүлүктөргө балдар кантип кубанарын; элеттин көчөлөрүнө кантип жарык жетип жатканын; иштин көзүн табуу менен айыл өкмөтүнүн каржы иштери боюнча кызматкерлери бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн кантип даярдаганын; окуудан өткөн депутаттар айыл өкмөтүнөн мыйзам боюнча иштөөнү, аймактагы коомдук объекттердин тагдырын башчынын жеке чечимине же “жогору жактан” келген буйрук менен эмес, акыйкат чечишин талап кылып жатканын; жашоочулар жергиликтүү бюджеттердеги каражаттарды бөлүштүрүү тууралуу эң оор суроолорго жоопту алганды үйрөнө баштаганын; алар ЖӨБ органдарынын ишине баа берип, алар менен көйгөйлөрдү талкуулап, чечүү жолдорун таап жатканын көрүүдөбүз. Биз үчүн КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ – бул чыныгы мүмкүнчүлүктөр жана жергиликтүү жамааттардын активдешүүсү! Чыныгы ЖӨБнын Кыргыз Республикасында укугу жана өз орду бар. Дал ушул ЖӨБ органдары аркылуу жергиликтүү жамааттар өз жашоосунун шарттарына жана сапатына таасир этип жатышат. Албетте мунун артында көптөгөн жарандардын күн сайын жасап жаткан чоң эмгеги турат. Ал эмгек жашоо жакшы жагына өзгөрөт деген үмүт менен жасалууда. Бирок иштеги бардык кыйынчылыктардын ордун бул эмгек биздин айылдардагы жашоодо жок дегенде бир нерсени өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет деген кубаныч, чоң канааттануу менен толукталат. Учурдагы чыныгы каармандар менен баарлашуу – алыскы айылдардагы карапайым жашоочулар менен – эбегейсиз чоң кубат берет. Менден “бактылуу адамсыңбы?” деп сурашканда, мен бир гана жоопту айтам – ооба, мен бактылуумун, анткени ушул ишимдин арты менен биздин өлкөнүн көптөгөн бурчунда болуп, терең, акылдуу, ак ниеттүү, дили таза жана ачык адамдар менен таанышуу; ошол адамдар Кыргызстанда бир аз да б