Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Экономика министрлиги баалоону жүргүзүүгө көмөктөшөт. Маалымат берүүнүн мөөнөттөрү өзгөрдү

2013-05-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

ЖӨБ органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо тууралуу

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-мартындагы №147 ««КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому менен ЖӨБ органдарына карата төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди.
 
Мындан ары Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин милдеттерине Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алардын ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин өркүндөтүү боюнча усулдук жардам көрсөтүү; Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин баалоо Методикасын практикалык колдонуу боюнча нускамалык материалдарды иштеп чыгуу жана бекитүү кирет. Жобонун жана баалоо Методикасынын толук текcтин орус тилинде төм. шилтеме боюнча караңыз: http://www.dpi.kg/upload/file/PPKR_17_02_2012_N105_1_KYR.pdf, кыргыз тилинде төм. шилтеме боюнча караңыз: http://www.dpi.kg/upload/file/PPKR_17_02_2012_N105_1_RUS.pdf.
 
ЖӨБ байланыштуу маселелер үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин ордуна «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» жооп берет (эми – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик).
 
Ошондой эле маалымат берүү мөөнөттөрү да өзгөрдү. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жыл сайын, 25-январга чейин Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук мезгилге (кварталдарга) карата отчеттук жылдын кийинки жылга базалык көрсөткүчтөрдүн пландалган сандык маанилери жөнүндө маалымат берип туруш керек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бир жылда иш жүзүндө жетишкен көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө баяндамаларын жалпылоонун жана талдоонун негизинде жыл сайын, 25-январга чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилге (кварталдарга) карата отчеттук жылдын кийинки жылга базалык көрсөткүчтөрдүн пландалган сандык маанилери жөнүндө маалымат берип турушат.