Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №181 токтому менен «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби тууралуу Жобо бекитилди

2013-05-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Мыкты айыл өкмөтү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы N 105 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби тууралуу Жобо (мындан ары – Жобо) бекитилсин.
 
2. «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынактын байге фонду төмөнкүдөй белгиленсин:
• 1-орун үчүн – 3,0 (үч) млн. сом
• 2-орун үчүн – 2,0 (эки) млн. сом;
• 3-орун үчүн – 1,0 (бир) млн. сом.
 
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары бул токтом күчүнө кирген күндөн баштап отуз күндүк мөөнөттө:
• айыл өкмөттөрүнүн арасында «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынакты (мындан ары – сынак) даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүшсүн;
• сынак өткөрүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөөнү жана байгелүү орундарга талапкерлерди көрсөтүүнүн ачыктыгын камсыз кылышсын;
• сынак өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча облустук жана райондук комиссияларды түзүшсүн;
• Мыкты айыл өкмөтү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги №181 токтому менен «Эң мыкты айыл өкмөтү» наамына жалпы мамлекеттик сынак өткөрүү тартиби тууралуу Жобо бекитилди
• сынак өткөрүүнүн жүрүшүн жана жыйынтыктарын жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууну камсыз кылышсын.
 
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-мартындагы N 177 «Социалдык-экономикалык реформаларды тереңдетүү жана жакырчылыкты азайтуу боюнча областтар, райондор, шаарлар жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда республикалык сынак уюштуруу жөнүндө» токтому;
• Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 24-январындагы N 33 «Кыргыз Республикасынын айылдагы калктуу конуштарын абаттоо жана социалдык инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча сынактарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» токтому.
 
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
 
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
 
«Эркин Тоо» гезитинин 2013-жылдын 12-апрелинде N 28 жарыяланды Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Ж.Сатыбалдиев. Жобонун толук текстин кыргыз тилинде төм. шилтеме боюнча караңыз:
http://www.dpi.kg/upload/file/Best_AO_KYR.pdf; орус тилинде төм. шилтеме боюнча: http://www.dpi.kg/upload/file/Best_AO_RUS.pdf