Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу орган тууралуу

2013-03-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттик түзүлүүдө

 

Жогорку Кеңеш премьер-министри Ж.Сатыбалдиев сунуштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн структурасына киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти. Коопсуздук, тартип коргоо жана чек аралар маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр жаңы кызматын түзүү сунушталууда. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлигин Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине, Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигин Кыргыз Республикасынын Маданият, туризм жана маалымат министрлигине өзгөртүү сунушталууда. Министрликтердин саны өзгөрүүсүз калды.
 
Жаңы структурада 23 мамлекеттик орган бар.
 
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү функциялар Саламаттык сактоо министрлигине өтөт. Регионалдык өнүктүрүү саясаты чөйрөсүндөгү функциялар Экономика министрлигине, ал эми ЖӨБ өнүктүрүү чөйрөсүндөгү функциялар – ЖӨБ иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттикке өтөт.
 
ЭККМКнан Мамлекеттик салык кызматына караштуу Каржы полициясын түзүү сунушталды. Ал эми антимонополиялык мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча функцияларды (Экономика министрлигинин саясатын иштеп чыгуудан башка) Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча Мамлекеттик агенттикке өткөрүп берүү пландалууда.