Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер казынасы тууралуу

2013-03-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы №834 “Жер казынасын колдонуу чөйрөсүндө ченемдик укуктук акттарды бекитүү тууралуу” Токтому

 

Бекитилди: Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү тартиби тууралуу жобо тиркемеге ылайык; жер казынасын пайдаланууга укукту берүүгө сынак өткөрүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу жобо; жер казынасын пайдаланууга укукту берүүгө аукцион өткөрүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу жобо; жер казынасын пайдаланууга укукту берген лицензияны кармап калуу үчүн төлөмдүн жана анын чегерүүлөрүнүн тартиби тууралуу жобо.
 
Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү тартиби тууралуу жобо
 
ЖӨБ органдарынын ролу: чукул кырдаалдарды алдын алуу максатында өзгөчө кырдаалдарда жээктерди бекемдөө иштери үчүн, жол-курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табыштамасы менен жер казынасын колдонууга укук берген лицензиясыз эле жер кендерин колдонуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты менен инерттик материалдарды иштеп чыгууга уруксат берилет. Мында ыйгарым укуктуу органды жасалган иштер жана пайданын көлөмү тууралуу маалымдоо керек.
 
Ошол эле учурда макулдашууда милдеттүү шарт – пайдалуу казып алуулар чыкчу жерди иштетүүнүн техникалык долбоору боюнча иштерди аткаруу талабы. Ага андан аркы техникалык жана биологиялык рекультивация кирет.
 
Мурда пайдалуу кендер жана суулардын рудалык эмес кен чыкчу жерлерден тышкаркы жер казынасын колдонууга укук берген лицензия албаган жер колдонуучулар жер казынасын колдонуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга социалдык пакетти тапшырууга милдеттүү. Социалдык пакет – жергиликтүү жамаатты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү боюнча инвестициялар программасы (кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо жана инфраструктураны куруу). Бул пакетти объект орун алган аймактагы жергиликтүү жамааттын курч көйгөлөрүн эсепке алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекитет.
 
Жер казынасын колдонууга укук берген сынакты өткөрүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Жобо
 
Сынактык комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик фракцияларынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн тышкары, айылдык кеңештин жыйынына чыгарылган жер казынасын пайдалануунун объекти орун алган айылдык аймакка кирген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да катыша алат. Мында сынактык комиссиянын мүчөлөрү төмөнкүлөр боло албайт: мөөнөтү аяктай элек соттуулугу барлар; сынактын катышуучулары менен туугандык мамилелери барлар же сынактын катышуучуларынын жетекчилери же түптөөчүлөрү, же алардын түпкү ээлери; сынактын катышуучулары же анын негиздөөчү менен эмгек мамилелерине ээ болгондор.
 
Бонусту кармап калуудан чыккан соңку натыйжа төмөнкү тартипте: 85% республикалык бюджеттин кирешеси, 7% жер казынасын пайдалануунун объекти орун алган жердеги облустарды, райондорду өнүктүрүү фондуна, 7% Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсепке жана 1% комиссиянын эумушчу органынын атайын эсебине. Облустарды жана райондорду өнүктүрүү фондуна которулган каражаттар андан ары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине бөлүштүрүлөт.
 
Жер кендерин колдонууга укук берүү боюнча аукционду өткөрүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Жобо
 
Комиссия төмөнкүлөрдөн куралат: аукционду уюштуруучулардын өкүлдөрүнөн, кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрүнөн; жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнөн; жер казынасын пайдалануунун объекти жайгашкан айыл аймагына кирген, айылдык кеңештин жыйынында көрсөтүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн. Жергиликтүү кеңештин тиешелүү чечими комиссиянын курамын киргизүү үчүн негиз болуп бере алат.
 
Аукционго чыгарылган объекттин соңку баасы өзүнө бонустун суммасын камтыйт (жер казынасын колдонууга укуктан салык). Ал республикалык бюджетке чегерилет. Аукциондун жыйынтыгы боюнча жер казынасын колдонууга укуктун баштапкы жана соңку бааларынын ортосундагы акча каражаттарынын айырмасы төмонкү тартипте бөлүштүрүлөт: 85% республикалык бюджеттин кирешесине чегерилет; 7% жер казынасын пайдалануунун объекти орун алган жердеги жергиликтүү бюджеттин кирешесине, 1% аукционду уюштуруучунун атайын эсебине жана 7% Кыргыз Республикасынын минералдык-сырье базасын өнүктүрүү боюнча атайын эсебине. Жогоруда көрсөтүлгөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуу жер участогун колдонууга лицензия алган аукциондун жеңүүчүсүнө бөлүп берүү тууралуу маселе чечилгенден кийин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда иштерди жүргүзүүгө уруксат алгандан кийин ишке ашырылат.
 
Жер казынасын пайдаланууга укукту берген лицензияны кармап калуу үчүн төлөмдүн жана анын чегерүүлөрүнүн тартиби тууралуу Жобо
 
Төлөм жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинетүздөн-түз чегерилет деп каралган. Мында эгерде лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктин территориясында жайгашса, төлөм тиги же бул көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктин территориясында жайгашкан аянтына пропорционалдуу ар бир ЖӨБ органынын эсебине жиберилет..