Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Салыктарды администрлөө жөнүндө

2013-03-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

2013-жылдын 20-февралында КР Президенти Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамга кол койду.

 

Кабыл алынган мыйзамдын максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды жана патенттик негиздеги салыктарды администрациялоо кызматын (эсеп жүргүзүү, чогултуу, өндүрүп алуу жана контролдоо) ыйгаруу болуп саналат. Кол коюлган мыйзам Салык кодексин жаңы 52-1 беренеси менен толуктайт (ЖӨБ органдарынын салыктык укук мамилелер чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери), ошондой эле ага бир катар түзөтүүлөрдү киргизет: 50-беренеге (Салык кызматы органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын укуктары), 108-беренеге (Рейддик салык контролу), 112-беренеге (Салык посту) жана 131-беренеге (Салык кызматы органдарынын ЖӨБ органдары менен өз ара аракети).
 
Кабыл алынган мыйзам менен Салык кодексине киргизилген түзөтүүлөргө ылайык ЖӨБ органдарына жергиликтүү салыктарды (мүлк жана жер салыгы) жана милдеттүү жана өз ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салыкты чогултуу боюнча кызматтарды өткөрүп берүү каралат. Бул үчүн ЖӨБ органдарына жана алардын кызмат адамдарына тиешелүү укуктар жана милдеттер ыйгарылат, ошол эле учурда алардын салыктарды чогултуу боюнча ишин салык кызматынын органдары контролдоп турушат.
 
ЖӨБ органдарына аталган мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды этаптар боюнча жөнөтүү мөөнөттөрүн жана салыктардын түрлөрүн Өкмөт “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамга ылайык аныктайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.