Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу тууралуу

2013-03-29 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Депутаттык мандатты токтотуу сессияларга катышпаган учурда да мүмкүн

 

2013-жылдын 14-февралындагы №16 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык акттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамы менен КР айрым мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилди:
 
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөрүү киргизилген: эми жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин сессиясына катар менен төрттөн ашуун (мурда бир жылдын ичинде болчу) жүйөлүү себептерсиз катышпаса, ошондой эле жергиликтүү кеңештин чечимдерин жана тапшырмаларын аткарбаса, жергиликтүү кеңештин депутаттары көпчүлүк добуш менен тиешелүу кеңештин депутаттыгынан чакыртып алуу маселесин көтөрүп чыгууга укуктуу жана ал депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
 
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренсинин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда: депутаттык мандат төмөнкү учурларда токтотулат: жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз төрттөн ашуун
катышпаса; (мурда жыл ичинде кеңештин экиден ашуун сессиясына катышпаганда болчу).
 
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пунктунда “жыйын” сөзү “сессия” деп алмаштырылды.