Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясы: алгачкы талкуулар

2013-03-29 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясы: алгачкы талкуулар

2013-жылдын 6-февралында Бишкекте Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясынын жана аларды ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорлорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү.

 

2013-жылдын 6-февралында Бишкекте Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу стратегиясынын жана аларды ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорлорун талкуулоого арналган тегерек стол өттү. Иш-чараны Швейцария өкмөтүнүн каржылык колдоосу алдында Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” (ЭҮЖӨБОЖ) Долбоорунун колдоосу менен КР Мамлекеттик кадр кызматы, КР Президенттик аппараты менен биргеликте уюштурду.

Тегерек стол талкуусуна 90дон ашуун киши катышты. Алардын арасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору КАРАШЕВ А.А., Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси БЕЙШЕНКУЛОВ Б.Т., Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадр иштери боюнча бөлүмдүн жетекчиси ШАДЫБЕКОВ К.Б., Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору ШАМШИЕВ Ч.Б., Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин өнүктүрүү боюнча директордун орун басары Реми ДУИВЕН, ӨСИ башкаруу төрайымы жана “Элдин үнү жана ЖӨБО жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорун жетекчисинин милдетин аткаруу ДОБРЕЦОВА Н.Н. катышты.

Тегерек столдо Окутуу стратегиясынын жана аны ишке ашыруу Планынын долбоорлорун бет ачарын КР Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы САГЫНБАЕВ Б.Э. жасады. Ал эми окутууга болгон талапты изилдөөнүн жана муниципалдык кызматчыларды окутууну уюштуруунун жаңы моделин ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун муниципалдык кызмат боюнча адиси КҮМҮШБЕКОВ Н.Т. сунуштады.

Мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжага жетүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу Стратегиясынын жана аны ишке ашыруу планынын долбоорлору боюнча сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү алуу максатында катышуучулар үч жумушчу топко бөлүнгөн. Алынган сунуштар каралып чыгат жана изилденет, алардын актуалдуулугуна жана реалдуулугуна жараша Стратегияга камтылмакчы. Тегерек столдун жүрүшүндө долбоорду андан ары ишке ашыруу боюнча талкуу жүрдү. Анда Мамлекеттик кадр кызматынын жана Өнүктүрүү саясат институтунун адистери катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Окшош материалы: