Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-июнундагы №337 “Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартибин бекитүү жөнүндө” токтому
КР ЖӨБ Союзу тарабынан даярдалды
Муниципалдык мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, муниципалдык мүлктү менчиктештирүү жол-жоболорун оптималдаштыруу, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-1-статьясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
- Муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык мүлктү менчиктештирүү методдорун колдонууда ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти жетекчиликке алуу сунушталсын.
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Тартипти колдонуу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына маалымат берүүнү жана окутууну камсыз кылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин Тоо” гезитинин 2025-жылдын 13-июнундагы №43 санында жарыяланды.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









