Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу+жамаат” рецепти. Ивановка АА 2012-жылдын жыйынтыгын чыгарууда

2013-03-29 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

2013-жылдын 31-январында Ысык-Ата районунун Ивановка АА демилгелүү тобунун мүчөлөрү өз демилгеси менен жергиликтүү тургундар менен отчеттук жолугушуу өткөрдү.

 

2013-жылдын 31-январында Ысык-Ата районунун Ивановка АА демилгелүү тобунун мүчөлөрү өз демилгеси менен жергиликтүү тургундар менен отчеттук жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө алар “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында 2012-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу айтып беришти.

10 атыкчылыктуу маселени чечүү боюнча пландаштырылган 45 иш-чаранын ичинен 31 иш-чара аткарылды, бул пландын 68% түзөт. Негизги көйгөй катары төмөнкүлөр аныкталды:

• көчөдө жарыктын жоктугу;

• жолдордун начар абалы;

• светофорлордун жоктугу;

• сугат суу;

• жергиликтүү бюджет тууралуу маалыматтын жетишсиздиги;

• бала бакчаларда орундардын жетишсиздиги;

• жашылдандыруу;

• калк бош убактысын өткөрүү үчүн жер;

• таза суу;

• таштанды чыгаруу.

АӨ башчысынын орун басарынын айтымында, жалпысынан натыйжа дурус, анын ичинде бир катар майрамдык жана спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн. Алар болсо АА жаш тургундарынын жашоосуна оң таасирин тийгизген.

Өткөн жылдын өзгөчө жетишкендиги катары башчынын орун басары Швейцария өкмөтүнүн колдоосу алдында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун гранттык программасы боюнча трактор сатып алууну атады. Жергиликтүү кеңештин жаңы депутаттарынан суроолор жана каалоо-тилектер жаңырды. Ошону менен катар ЖӨБ уюштуруучулук жана мыйзамдык негиздери боюнча тренингдерди өткөрүү өтүнүчү жаңырды.

Окшош материалы: