Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Медина САКЫЕВА, Ивановка АА: өнүктүрүү долбоорлорунун адистери жана муниципалдык практиктер өз аракеттерин бириктиришсе, өкмөттүн саясатына таасир тийгизе алышат

2013-03-29 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Учурда айыл өкмөтүнүн адистери менен демилгелүү топтун мүчөлөрү аймактагы жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга чындап таасирин тийгизген артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ивановка аймагында жасалган бир катар иштерди санап бере алат.

 

2011-жылдын ноябрь айынын соңунда Өнүктүрүү саясат институту Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун алкагында Ивановка айылдык аймагы менен Кызматташтык тууралуу Меморандумга кол койгон. Андан бери бир жылдан бир аз көбүрөөк убакыт өттү. Учурда айыл өкмөтүнүн адистери менен демилгелүү топтун мүчөлөрү аймактагы жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга чындап таасирин тийгизген артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча Ивановка аймагында жасалган бир катар иштерди санап бере алат. Алар: борбордук көчөнүн кесилишинде светофор орнотулду, Садовое айылынын көчөлөрүнө жарык өткөрүлдү, трактор сатып алынды жана таштанды тазаланды, трубалар алмашылып, таза суу киргизилди ж.б. Бирок биз Долбоор айыл өкмөтүнүн адистерине кандай таасирин тийгизгенин билгибиз келип, финансы-экономикалык бөлүмдүн жетекчиси Медина САКЫЕВА менен маектешүүнү чечтик.
 
- “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору менен кызматташтык сизге эмне берди?
 
- Мага Долбоор менен иштешкен жакты. Мен акылдуу жана кызыктуу адамдар менен таанышып, долбоорлорду иштеп чыгууну үйрөндүм. Ал эми өз ишиңдин натыйжасын көргөндө эки эсе кубанасың да. Мен демилгелүү топко таштанды чыгаруу үчүн шарт түзүү максатын көздөгөн долбоорду даярдоого жардам бердим. Натыйжада биз силерден трактор сатып алууга грант утуп, аны сатып алдык. Мен буга абдан кубанычтамын, анткени бул менин да эмгегим.
 
- Долбоор сиздин ишиңизге жана бардык айыл өкмөтүнүн ишине кандай таасирин тийгизди?
 
- Жакында эле мен депутаттар – жергиликтүү кеңештин бюджеттик комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугуштум. Мен абдан толкундандым. Анткени каржы бөлүмүнүн жетекчиси жаңы кызматында депутаттардын жаңы курамы менен мындай жолугушуу алгачкы жолу болду. Мен бюджеттин аткарылышы боюнча бюджеттик комиссия үчүн отчет даярдадым. Отчет жөн гана кагаз жүзүндө болгон жок, мен аны презентация түрүндө өтө кеңири масштабда даярдап, алардын бардык суроолоруна жооп бере алдым. Комиссия мүчөлөрүнө бул абдан жагып, алар өз жардамын сунушташты. Атүгүл дарактардын кыйылышын көзөмөлдөө үчүн өздөрү келди. Ал эми презентацияны даярдоону коомдук угууларга даярдык учурунда үйрөнгөм. Ошондо силер бизге эл алдында сүйлөөнү, презентацияларды даярдоону үйрөтүп, биз менен чогуу даярдык көрүүгө катышкансыңар. Ошондо мен презентация даярдоодо жана жашоочулардын алдында сөз сүйлөөдө жакшы тажрыйбага ээ болгом. Ошол учурда мен чыгашалар боюнча бухгалтер болуп иштеп жаткам жана билим берүү боюнча чыгашаларды чагылдыргам.
 
Ошондой эле мага силердин мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингиңер да абдан жардам берди. Силерден билим алгандан кийин окуумду Каржы министрлигинде улантып, сертификатка ээ болдум. Эми мен мамлекеттик сатып алуулар боюнча сертификатка ээ адисмин. Бул болсо абдан маанилүү, анткени сатып алууларды сертификаты бар адистер гана жүргүзө алат. Ушул тапта Каржы министрлигинин окуу борборуна дагы бир адисти жиберүүнү пландаштырып жатабыз.
 
Ал эми Долбоордун жалпы айыл өкмөтүнүн ишине тийгизген таасирине токтоло турган болсом, бул жерде биз чыныгы натыйжаларды көрө алабыз. Мисалы, акыркы жылдары мамлекет бизден акчабызды – жергиликтүү бюджеттин кирешелерин тартып алчу. Жергиликтүү бюджеттин кирешесинен 2009-жылдан 2011-жылга чейин биз мугалимдердин маянасына 1,5 млн. сомдон төлөп берип турдук. Биз кеңеш сурап, Долбоордун адистерине кайрылганыбызда, алар Каржы министрлигине кат жазууну сунушташты. Мен башчы менен сүйлөшүп, дагы эки аймак – Логвиненко жана Ново-Покровка – менен биригип, кат даярдадык. Ошол кат менен Каржы министрлигине кайрылдык. 2012-жылы биздин бюджет майда бекитилген жана бизден алайын деген 1,3 млн. сом жергиликтүү бюджетте калды. Ушул каражаттардан 752,0 миң сомго биз светофор сатып алдык. Ушул жылы Каржы министрлиги биздин акчабызды албай турган болду. Эгерде Долбоордун колдоосу болбогондо Каржы министрлиги аймактардын үнүн угаар беле… Долбоордун жардамы менен айыл өкмөтүнө интернет коштук. Өткөн жылы Долбоор менен электрондук кат алышуу зарылчылыгы жаралганда биз эки USB модемин сатып алдык. Адегенде почтаны мен гана ачып, кат алышууну өзүм жүргүзүп жүргөм. Бул болсо башка кызматкерлер үчүн ыңгайсыз эле. Ошондо Телекомго кайрылып, интернетти өкмөттүн имаратына өткөртүп алдык. Ушул тапта биздин 11 кызматкерибизде, 8 бөлмөдө интернет бар. Азыр интернетке кеңештин жаңы төрагасы Эркин УСУПОВду кошууну пландаштырып жатабыз. Интернет биздин бухгалтерлерге да жардам берди. Алар кирешелер боюнча маалымат алуу үчүн okmot.kg сайтына кирип, жергиликтүү бюджетке түшкөн кирешелер тууралуу маалыматтарды карап турушат.
 
- Долбоор ЖӨБдүн калк менен ишине кандай таасирин тийгизди?
 
- Мурда биз өзүбүздүн функционалдык милдеттерибизди аткарып эле инерция боюнча иштечүбүз. Эми болсо калк менен иштешүү, пайда болгон маселелерди терең түшүнүү канчалык маанилүү болгонун баамдадык. Мисалы, мурда таштанды чыгаруу көйгөйү, жарыктын жоктугу, суу түтүк системасындагы эскирген жабдуулар өңдүү маселелерге ТКЧ боюнча адистерден, башчы менен башчынын орун басарынан башка эч ким деле өзгөчө терең сүңгүп кирген эмес. Эми болсо бул көйгөйлөр тууралуу бардык кызматкерлер жана депутаттар билет, бардыгы маселени чечүүгө өз салымын кошууга аракет жасашууда. Садовое айылынын көчөлөрүнө жарык бергенден кийин бул демилгени Станция Ивановка айылынын Шабеков көчөсүнүн тургундары колдоп чыкты. Бул көчөдө биз- дин кызматкерибиз Азат КУМЕНОВ жашайт. Аталган көчөнүн тургундары Азат КУМЕНОВдун жетекчилиги алдында айыл өкмөтүнө устундарга чырак орнотуп берүү жана суу түтүк линияларында жабдууларды алмаштыруу өтүнүчү менен кайрылды. Тургундар өз каражатына 4 чырак сатып алды, айыл өкмөтү аларды орнотуу үчүн электрикчини чакырып берди. Суу түтүк линиясындагы трубаларды алмаштырууда тургундар өз каражатына трубаларды сатып алып, айыл өкмөтү аларды да орнотууга жардам берди. Бул демилгени ушул эле айылдын башка көчөсүнүн тургундары колго алышты. Турсуналиев көчөсүндөгү 8 үй-бүлө да өз ресурстарын бириктирип, трубаларды сатып алды. Ушул тапта суу түтүктөр линиясындагы трубаларды алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул жерде да аларга айыл өкмөтү жардам берүүдө. Ошентип калк жашаган жердеги шарттарды жакшыртуу процессине өздөрү да катышыш керектигин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө айыл өкмөтүнө жардам берүү зарыл экенин түшүнө баштады.
 
Бирок Долбоор менен кызматташтыктан кийин башталган биздин ачыктыгыбыздан соң пайда болгон кыйынчылыктар да бар. Бюджет тууралуу бардык маалыматтарды ачкан коомдук угуулардан кийин бизди текшергендер көбөйдү. 2012-жылы алар бизге чабуул койду. Бизди прокуратура, эсеп палатасы, ИИМдин коррупцияга каршы бөлүмү жана башкалар текшерди. Кудум алар биздин мурда эмне иш кылаарыбызды жана жергиликтүү бюджетте канча акча бар болгонун билбегендей. Текшерүүчүлөр өтө көп убактыбызды алып, ишибизге тоскоол болушууда.
 
- Долбоор кеңеш менен ишке кандай таасирин тийгизди?
 
- Өткөн жылы жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо болду. Депутаттык корпуста жаңы депутаттар пайда болуп, алар айыл өкмөтүнүн оперативдүү ишмердүүлүгүнө аралаша башташты. Мисалы, кызматкерлердин маянасы боюнча ведомость талап кылышты. Ошондо мен биздин депутаттар үчүн ыйгарым укуктарды ажырымдоо боюнча окуу өткөрүү өтүнүчү менен Долбоорго кайрылуу демилгесин көтөрүп чыктым. Биз окууну уюштурууга кеткен чыгымдарды өзүбүзгө алдык, ал эми Долбоордон тренер гана келди. Окуу биздин депутаттарга ким эмне менен алектениши керектигин түшүнүүгө жардам берди деп ойлойм. Акыркы убактарда депутаттар дагы да активдүү болуп калышты. Алардан сунуштар түшө баштады. Мисалы, депутаттар сейил бактарды, стадиондорду жана башка объекттерди калыбына келтирүү үчүн жыл сайын жергиликтүү бюджетке 1,0 млн. сомдон киргизип турууну сунушташты.
 
- Долбоордун алкагында жасалган башталыштарды жеке өзүңүз туура деп эсептейсизби жана колдойсузбу?
 
- 2012-жылы таштанды чыгаруу үчүн 300 миң сом чогултабыз деген план аша аткарылып, 500 миң сом чогулду. Бул жерде жыйымдарды чогултууда өсүш айдан ачык. Бирок бул 2 тракторду жана ишчилерди кармоого жетишсиз. Биз эски тракторду калыбына келтирип, монополияга каршы комитетине барып, таштанды чыгарууга минималдык тарифти билип, биздин аймак үчүн тарифтик эсеп жүргүзүп, депутаттар менен сүйлөшүп, жарандар менен тарифти жогорулатууну талкуулоо боюнча коомдук угууларды өткөрүүнү пландаштырып
жатабыз. Ошондой эле биз айылды көрктөндүрүү боюнча коммуналдык ишканаларды уюштуруу боюнча иш жүргүзүп жатабыз. Албетте мен мунун баарын колдойм, анткени мен да таза көчөдө баскым келет.
 
- Долбоор сиздин жеке турмушуңузга кандайдыр бир таасирин тийгиздиби?
 
- 2011-жылы сентябрда тажрыйба алмашуу боюнча Долбоордун алкагында бизге Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын 13 пилоттук муниципалитеттеринен коноктор келди. Иш-чарага Коомдук анализ институтунан Рита КАРАСАРТОВА да катышты. Ал биздин аймакты, кызматкерлерди көрүп, биздин жооптуу катчыга Дүйнөлүк банк менен «ЖӨБ органдары арасында өз ара окутуу жана тажрыйба алмашуу» Евразия фондунун долбоорунун алкагында финансисттердин маселеси боюнча семинарга катышууну сунуштады. Бул семинарга мени жиберишти. Алгачкы семинар 2012-жылдын октябрь айында «Кыргыз Республикасында жергиликтүү бюджеттерди натыйжалуу болжолдоо, түзүү жана аткаруу» темада болду. Андан бери 3 семинар өтүп, аларга мен активдүү катышып, башка катышуучулар менен тажрыйба жана билимим менен бөлүштүм. Мисалы, мага тракторду сатып алуу тууралуу суроо келип калды. Бул маселени мен абдан жакшы билем. Анткени биз силердин Долбоордун алкагында тракторду сатып алууга грант алганбыз. Мен кайсы эсептерге «отургузуп», каражаттарды кантип чегерүү керектигин билем. Мына ушул маалыматты башка катышуучуларга да бердим. Ошондой эле семинарда жергиликтүү бюджеттин чыгашалары боюнча бет ачар даярдадым. Бул жерден өзүмө ишенип турдум, анткени силер менен иштешип жүрүп, бет ачарды уюштуруу боюнча бир аз тажрыйбам бар. Бирок семинарлардан көптү үйрөндүм. Мисалы, аксакалдар сотуна чыгашаларды мен дайыма эмгек келишим боюнча ТКЧ эсебине киргизчүмүн. Көрсө аны «коомдук тартип» беренесине «отургузуш» керек экен.
 
Өткөн жылы Долбоордогу жолугушуулардын биринде мен Асылбек ЧЕКИРОВдон өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар каржы менен бекемделиши керектигин билдим. Ивановка айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн биз Долбоорго анализ үчүн бердик. Көрсө, 20 кызматкердин тогузу өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды аткаруу менен алектенсе, 6 кызматкер гана жергиликтүү маанидеги иштерди карайт экен. Ал эми жакында эле бул жылы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин маянасы көтөрүлөөрүн билип калдым. Мында Долбоордун кызматкерлеринин салымы бар деп эсептейм. Өзүмдү да бул ишке тиешем бардай сезип турам. Биригип, чогуу иштешип, изилдөөчүлөр, практиктер, өнүктүрүү боюнча адистер жана муниципалдык кызматчылар саясатка чындап эле таасир тийгизе алабыз. Мен буга ынандым. Өнүктүрүү саясат институтунун кызматкерлеринин жана «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун жардамы менен биз көптөгөн маселелерди чечүүдө өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейттик.

Окшош материалы: