Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ стратегиясы тууралуу

2013-01-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Өкмөт орто мөөнөттүү мезгилге ЖӨБны өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтунун ишинин мөөнөтүн узартты

 

2012-жылдын 29-декабрында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрдин 2012-жылдын 16-июлундагы №554 буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду. 2012-жылдын 16-июлундагы буйрукка ылайык, орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топко 2012-жылдын 1-сентябрына чейин стратегиянын долбоорун даярдоо жана аны КР мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна киргизүү тапшырылган. Ошону менен мөөнөт 2013-жылдын I кварталынын соңуна чейин узартылды. Орто мөөнөттүү мезгилге жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы: Шадыбеков Куванычбек Баймуратович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; Бакиров Жетиген Жокинович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруучулук-инспектордук ишинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары; Сабиров Шухрат Маматалиевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курулуш жана регионалдык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; Балтагулов Жалалбек Төрөгелдиевич, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору (макулдашуу боюнча); Бекиев Бекболот Жапарович, эл аралык долбоордун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Калканов Кадырбек Казакбайевич, Европа Биримдигинин эл аралык долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Сульпиева Дамира Сабиржановна, ПРООНдун долбоорунун жетекчиси (макулдашуу боюнча); Мурзаев Салих Кадырбекович, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу Академиясынын профессору (макулдашуу боюнча).