Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү кеңештердин башчылары жана депутаттары жарандык катышуу жана ЖӨБ негиздери боюнча окуудан өтүштү

2013-01-31 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

Эки облустагы 12 райондогу 24 тренинг 2012-жыл- дын 12-декабрынан 21-декабрына чейин эки тема боюнча өттү.

 

Эки облустагы 12 райондогу 24 тренинг 2012-жылдын 12-декабрынан 21-декабрына чейин эки тема боюнча өттү: “Жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерге катыштырууга даярдык. Бюджеттик процесс” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук жана мыйзамдык негиздери”.
 
Иш-чарага жалпысынан 333 адам катышты. Алардын ичинен 157 адам “Жарандарды жергиликтүү маанидеги маселелерге катыштырууга даярдык. Бюджеттик процесс” темасы боюнча, 176 адам “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук жана мыйзамдык негиздери” темасы боюнча окуудан өттү. Анткен менен бул үч жылдык фазанын алгачкы жылы, өткөөл жыл болду. Андыктан соңку натыйжалар тууралуу айтуу азырынча эрте. Ошонун өзүндө улуттук деңгээлде иш Долбоордон көп аракетти талап кылат, анткени ЖӨБ чөйрөсүндө чечилбей келаткан саясий жана мыйзамдык маселелер өтө көп бойдон. Донордук жана коомдук уюмдардан кесиптештер долбоордун 2013-жылга пландары тууралуу маалымдалды. Өнүктүрүү саясат институтунун пикири боюнча, бул маанилүү. Анткени бул баарына аракеттерди жакшыраак координациялоо жана кайталоодон оолак болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Донордук долбоорлордо ушул көрүнүштөр көп кездешет. Бирок башка донордук жана коомдук уюмдар иш планы тууралуу бирин-бири алдын-ала маалымдоону практикаласа, кырдаал мындан да жакшы болмок.
 
Мамырова Өктөм, китепканачы, Кедей-Арык айылынын тургуну: “Тренингде мен элеттик китепканаларды кармоо – бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун компетенциясына тиешелүү, жергиликтүү маанидеги маселе болгонун билдим. Буга чейин китепкана – бул мамлекеттик маселе деп эсептечүмүн”.
 
Жанаев Жамшит, ишкер, Жаңы-Жол АА тургуну: “Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча практикалык иш мага муниципалдык менчикти сатууда жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарын жана АӨнүн ыйгарым укуктарын так аныктап алууга жардам берди”.

Окшош материалы: