Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2012-жылга сереп жана 2013-жылга пландар

2013-01-31 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

2012-жылдын 20-декабрында 2013-жылга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун ишин пландаштыруу боюнча сессия өттү.

 

2012-жылдын 20-декабрында 2013-жылга “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун ишин пландаштыруу боюнча сессия өттү. Иш-чарага расмий адамдар, донордук жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер катышты. Иш-чаралар ӨСИ өнөктөштөрүн жана донорлорду долбоордун алкагында 2012-жылы өткөрүлгөн иштердин натыйжалары жана 2013-жылга пландар тууралуу маалымдоо максатында өткөрүлдү.
 
Эльвира Мураталиева, Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигинин Программаларынын улуттук координатору, жолугушуунун катышуучулары менен учурашып жатып, 2013-жылга Долбоордун ишинин алдын-ала планын баалоону сунуштап, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда кесиптештердин сунуштары жана комментарийлери өтө маанилүү экенин кошумчалады.
 
Надежда Добрецова, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы, Долбоордун жетекчисинин милдеттерин аткаруучу, былтыр 413 иш-чара өткөнүн, жалпы катышуучулардын саны 12 миңден ашканын белгиледи. Долбоор 2012-жылы өз алдына койгон негизги тапшырмаларды ийгиликтүү аткарды. Анткен менен бул үч жылдык фазанын алгачкы жылы, өткөөл жыл болду. Андыктан соңку натыйжалар тууралуу айтуу азырынча эрте. Ошонун өзүндө улуттук деңгээлде иш Долбоордон көп аракетти талап кылат, анткени ЖӨБ чөйрөсүндө чечилбей келаткан саясий жана мыйзамдык маселелер өтө көп бойдон. Донордук жана коомдук уюмдардан кесиптештер долбоордун 2013-жылга пландары тууралуу маалымдалды. Өнүктүрүү саясат институтунун пикири боюнча, бул маанилүү. Анткени бул баарына аракеттерди жакшыраак координациялоо жана кайталоодон оолак болуу мүмкүнчүлүгүн берет. Донордук долбоорлордо ушул көрүнүштөр көп кездешет. Бирок башка донордук жана коомдук уюмдар иш планы тууралуу бирин-бири алдын-ала маалымдоону практикаласа, кырдаал мындан да жакшы болмок.

Окшош материалы: