Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү салыктардын айрым түрлөрүн администрациялоо боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү: кыштын камын жайында көр

2013-01-31 / ЭҮЖӨБОЖ долбоору

ЖӨБ органдарына жергиликтүү салыктардын айрым түрлөрүн администрациялоону өткөрүп берүүнү караштырган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан ийгиликтүү өтүп, эми президенттин кароосуна жиберилди.

 

ЖӨБ органдарына жергиликтүү салыктардын айрым түрлөрүн администрациялоону өткөрүп берүүнү караштырган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан ийгиликтүү өтүп, эми президенттин кароосуна жиберилди. Мыйзамга кол коюлгандан кийин аны жайылтуу күтүлүүдө. Бирок бул процесс ыкчам жана жеңил жүрөт деп күтүлгөн жок. Анткени Мамлекеттик салык кызматында (МСК) да, ЖӨБ органдарында да өтө көп процедуралык суроолор жаралаары турган иш. Андыктан администрациялоо ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү процессине азыртадан эле даярдана башташ керек. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору МСКга өзүнүн эксперттик колдоосун сунуш кылды. Салык кызматы ЖӨБ органдары жергиликтүү салыктарды чогултуу үчүн өзүнө жоопкерчиликти алууга же албоого канчалык даяр деген маселени териштире баштады. Аларды кандай кыйынчылыктар күтүүдө?
 
Ушул жана башка суроолорго жооп алуу максатында 2012-жылдын 7-декабрында Долбоор Кыргыз Республикасынын Бостери, Липенка, Сакалды, Юрьевка, Беловодск, Петровка жана Ивановка айылдык аймактырынын башчыларынын жана кирешелер боюнча адистеринин катышуусу менен фокус-топ өткөрдү. Мындан тышкары Долбоордун эксперттери ЖӨБ органдарынын Салык кызматы менен өз ара мамилелериндеги учурдагы практиканы изилдешти. Айрым бир нерселерди жалпылаштыра алышты.
 
Ушул тапта Кыргыз Республикасынын мыйзамдары салыктык укуктук мамилелерге катышуусу боюнча ЖӨБ органдарынын ролун, укуктарын жана ыйгарым укуктарын аныктай элек. ЖӨБ органдары менен салык органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн учурдагы практикасы буга чейин калыптанып калган абалга, ошондой эле адам факторуна негизделген. МСК менен ЖӨБО ортосундагы салыктык укуктук мамилелердин зарыл шарттары төмөнкүлөр болуш керек:
 
• ЖӨБ органдары үчүн да, МСК үчүн да тапшырмаларды аткаруу үчүн өз ара мотивациянын болгону;
 
• ушул өз ара мамилелерди жөнгө салган ченемдик укуктук акттардын болгону;
 
• ушул функцияларды аткаруу боюнча методикалык жана окуу менен камсыздоо;
 
• ушул функциялардын ЖӨБ органдарынын туура аткарылышына мониторингдин жана   көзөмөлдүн зарылдыгы.
 
Салыктык өз ара мамилелердин анализи көрсөткөндөй, ушул тапта салык маселелери боюнча ЖӨБ органдарынын функциялары МСКга кошумча жардам катары каралууда. Анткен менен ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин артыкчылыгы жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан кирешелерди мүмкүн болушунча көбүрөөк чогултуу болуш керек. ЖӨБ органдары менен МСКнын биргелешип аракеттенүүсү жалпы максатка – мамлекеттик (консолидацияланган) бюджеттин бир бөлүгү болуп эсептелген жергиликтүү бюджеттин кирешелерин арттыруу – жетүү үчүн тең укуктуу өнөктөштүк негизде түзүлүш керек. Мындай түрдөгү өз ара аракеттешүүгө жетүү үчүн өзөктүк тапшырма жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан салыктарды администрациялоо боюнча иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды негиздүү, жүйөлүү бөлүштүрүү болуш керек.
 
ЖӨБ органдары үчүн артыкчылык – жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан кирешелерди, анын ичинде салык кирешелерин максималдуу чогултуу үчүн шарттардын болгону. Мында салыктарды администрациялоо боюнча айрым маселелер, анын ичинде салык төлөөчүлөрдү эсепке алуу жана каттоо, мөөнөтүндө төлөнбөй калганы үчүн айып салуу, салыктарды чогултууну камсыздоо мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында гана ЖӨБ органдары үчүн зарыл болгон айрым бир башка аракеттер. Ошол эле маалда МСК үчүн тең артыкчылык – мыйзамдарга жана берилген ыйгарым укуктарга ылайык салыктарды администрациялоонун бардык баскычтарын аткаруу болуп эсептелет.
 
Өзүнчө ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн зарылчылыгын жана механизмдерин кароодо ЖӨБ органдарынын керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн баалоо негиз болушу керек. Мында төмөнкү принциптерди кармануу сунушталат:
 
• салык мыйзамдарынын процедурасын аткарууда МСК жоопкерчилигин сактап калуу;
 
• жергиликтүү бюджетке түшүп жаткан салыктарды чогултууну арттыруу ЖӨБ органдарын мотивация жана мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоо;
 
•салык төлөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын камсыздоо, салыктык милдеттемелерди татаалдаштыруу тобокелчиликтерин минималдаштыруу;
 
• кадр маселелеринде ЖӨБ органдарынын дараметине анализ, ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоонун болушу;
 
• салык процедураларын, жоболорун жана МСК инструкцияларын бир түрдүү колдонуу боюнча талаптар.
 
Иш-милдеттерди даярдоо, документтерди иштеп чыгуу бардык кызыкдар тараптардын, биринчи кезекте Мамлекеттик салык кызматынын убактысын жана аракеттерин талап кылат. Ыйгарым укуктарды өткөрүүгө даярдык боюнча андан аркы аракеттердин планын талкуулоо үчүн 2012-жылдын 25-декабрында ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жумушчу жолугушуу уюштурду. Ага Мамлекеттик салык кызматынын, Өкмөт Аппаратынын, Экономиканы өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү, эксперттер катышты. Тараптар мыйзамды ишке ашыруу үчүн методологиялык негизди иштеп чыгуу зарылчылыгы тууралуу бирдиктүү пикирге келишип, схемада көрсөтүлгөн кийинки план боюнча аракеттенүү тууралуу макулдашты.

Окшош материалы: