Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Аксакалдар соту тууралуу
Жаңылыктар түрмөгүн Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун юристтери даярдашты
2024-жылдын 19-февралында №52 “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) кол коюлду. Бул Мыйзам КР Конституциясына жана ушул Мыйзамга ылайык түзүлүүчү аксакалдар сотторун уюштуруунун жана ишинин тартибин, ошондой эле алардын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамилелерин жөнгө салат.
Аксакалдар сотунун статусу жарандар тарабынан ыктыярдуу башталыштарда, шайлануучулуктун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү коомдук орган катары аныкталган.
Мыйзамда аксакалдар соттору жарандардын, компаниялардын жана жеке адамдардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди мыйзамга ылайык карай тургандыгы белгиленген. Алар ошондой эле жергиликтүү жамаат жана бийлик белгилеген тартиптерди жана эрежелерди бузуу фактылары боюнча сот, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жиберген материалдарды өлкөнүн жарандык процессуалдык мыйзамдарына ылайык карашат. Аксакалдар сотторунун иши жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Аксакалдар сотунун курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
Аксакалдар соттору аткаруучу милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитүүчү Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентинин негизинде жергиликтүү кеңеш кабыл алуучу аксакалдар сотунун регламентинин негизинде жүргүзүлөт. Аксакалдар соттору жыйналыштарды алар үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген жайларда өткөрөт.
Өз кезегинде Мыйзамда буга чейин түзүлгөн аксакалдар соттору ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин иштеп жаткан статусун сактап кала тургандыгы белгиленген.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









