Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик-аймактык реформа тууралуу

2024-02-13 / Мыйзам жаӊылыктары

Жаңылык Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун юристтери тарабынан даярдалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа административдик-аймактык түзүлүштү өркүндөтүү, учурдагы реалдуулукка, коомдун керектөөлөрүнө жана келечектеги чакырыктарга шайкеш келген башкаруунун жаңы системасын түзүү боюнча милдеттерди чечүүгө багытталган.

Региондордун социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде айыл аймактарында жана шаарларда социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, башкарууда түзүмдүк өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, калктын бакубаттуулугун камсыздоо административдик-аймактык реформанын негизги максаты болуп саналат.

КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана республикалык маанидеги шаарлардын мэрлеринин Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айыл аймактарынын жана шаарларынын, Бишкек жана Ош шаарларынын деңгээлинде 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча сунуштары жактырылды.

Жарлык менен КР Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүү боюнча жол картасы бекитилди.

Облустар боюнча ЖӨБ органдарынын саны төмөндөгү таблицада келтирилди.

Бул Жарлык күчүнө кирди.

Толук маалымат алуу үчүн: https://president.kg/news/decrees/24961

1-таблица. Облустар боюнча ЖӨБ органдарынын саны