Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызматчылардын карьералык пландоосу тууралуу

2024-01-31 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 18-октябрындагы №262 Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын карьералык пландоосу жөнүндө Типтүү жобо” бекитилди. Мындай чечим натыйжалуу мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын дараметин сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Типтүү жобонун колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.

Типтүү жобо “кызмат ордунда өсүү (жогорулоо)”, “кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планы”, “кызматчынын карьералык жогорулоосун пландоо” жана “кызматчынын жогорулоо схемасы” деген түшүнүктөрдүн мазмунун ачып берет.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьерасын өнүктүрүүгө структуралаштырылган жана системалуу мамиле жасоо максатында карьералык өсүүнү пландоо үч этапта жүргүзүлөт:

  • 1) даярдоо этабы – кызматчынын карьералык мүмкүнчүлүгүн талдоо;
  • 2) кызматчылардын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгуу этабы;
  • 3) карьералык жогорулоонун планын ишке ашыруу этабы.

Даярдоо этабында (кызматчылардын карьералык мүмкүнчүлүктөрүн талдоодо) ар бир кызматчынын көндүмдөрүнө, компетенцияларына, тажрыйбасына жана кызыкчылыктарына талдоо жасалат. Учурда иштеп жаткан бөлүмдүн ичинде да, кызматтын башка тармактарында да кесиптик өнүгүү жана жогорулоо мүмкүнчүлүктөрү изилденет. Карьералык максаттарга жетүү үчүн кошумча окутууга жана өзүн өнүктүрүүгө болгон керектөөлөрү аныкталат.

Кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгуу этабы: талдоонун жыйынтыктарынын негизинде кызматчынын карьералык максаттарына жетүүгө багытталган жеке план түзүлөт. Өнүгүү үчүн конкреттүү кадамдар жана максаттар белгиленет, анын ичинде жаңы көндүмдөрдү алуусу, окуусу, долбоорлорго катышуу ж.б. аныкталат.

Кызматчынын карьералык жогорулоонун планын ишке ашыруу этабында кызматчы белгиленген тартипте максаттуу (пландалган) кызмат ордуна дайындалат же болбосо квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызмат орундарынын тобу боюнча кадрлар резервине киргизилет.

Кызматчы тарабынан карьералык жогорулоонун жеке планын ийгиликтүү ишке ашырууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:

  • кызматчынын кызматтык милдеттерин аткаруусу;
  • кызматтык милдеттердин алкагында түздөн-түз жетекчи менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, анткени дал ушул кызматчынын ээлеген кызмат ордундагы ишин жана анын мүмкүнчүлүгүн баалайт, жогорулоо жөнүндө чечим кабыл алат жана кызматчынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон ресурстарга ээ болот;
  • кызматчынын карьералык жогорулоосу үчүн зарыл болгон кесиптик өнүгүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү аткаруусу;
  • кесиптик өнүгүүнүн бардык жеткиликтүү каражаттарын гана пайдаланбастан, жаңы алган көндүмдөрүн, билимдерин көрсөтө билүүсү.

Толук маалымат алуу үчүн: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/435126/10?cl=ky-kg&mode=tekst