Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Пробация маселелери боюнча байкоочу комиссиялар жөнүндө жобо
Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги №205 токтому менен “Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишин контролдоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы байкоочу комиссиялар жөнүндө” жобо бекитилди.
Бул жобого ылайык, Комиссиянын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: 1) түзөтүү мекемелеринин, пробация органдарынын ишине, бул мекемелер жана органдар тарабынан соттолгондорду кармоо шарттарынын режиминин сакталышына, аларды эмгектик пайдалануунун тууралыгына, аларды кайра социалдаштыруу боюнча иштердин жүргүзүлүшүнө жана соттолгондорго карата тарбиялык таасир көрсөтүү чараларын колдонуунун тууралыгына туруктуу коомдук контроль жүргүзүү, ошондой эле бул мекемелерге жана органдарга көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө жардам көрсөтүү;
- 2) эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, пробациянын кардарлары, коомдон бөлөк кармоо менен байланышпаган жазага жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларына соттолгон, жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган, түзөтүү мекемелеринен шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдар иштеген ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда тарбиялык таасир көрсөтүүнүн уюштурулушуна жана көрсөтүлүшүнө контроль жүргүзүү;
- 3) соттолгондорго ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч каттарды кароо.
Комиссиянын курамына жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу түзөтүү мекемелери, пробация органдары аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамына жаза аткаруу системасынын, ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарынын, соттордун, пробациянын кызматкерлери, ошондой эле адвокаттар кире албайт. Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү анын ишине туруктуу негизде катышат.
Комиссиянын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылды түзөт.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









