Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
ЖӨБ органдарына баа түзүү ыйгарым укуктары берилди
Турар БЕКБОЛОТОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору, байланыш боюнча адис Сүрөттүн автору: Ахмад АЛАМИ, Rana Labs
Баа түзүүнүн бирдиктүү мамлекеттик саясатын жүргүзүүнү камсыз кылуу максатында 2023-жылдын 11-апрелиндеги №87 “Баа түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлду. Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасында баа түзүүнүн мамлекеттик саясатынын укуктук негиздерин белгилеп, бааны жөнгө салуунун ыкмаларын, ошондой эле аны киргизүүнүн жана колдонуунун негиздери менен жол-жоболорун аныктады. Мыйзамга ылайык, мамлекет анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө; ошондой эле Кыргыз Республикасынын азык-түлүк рынокторунда социалдык маанилүү товарларды сатуу үчүн соода орундарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө; жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташуу кызмат көрсөтүүлөрүнө; катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө бааларды жана тарифтерди жөнгө салат.
Мыйзамдын 11-беренесинде ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бааларды мамлекеттик жөнгө салууну Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамдарында жана автомобиль транспорту жөнүндө мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык жүзөгө ашыраары белгиленген.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









