Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчик тууралуу

2023-11-07 / Мыйзам жаӊылыктары

Толук маалымат алуу үчүн: kg.akipress.org/ news:1980272/?f=cp

 Бишкек (АКИpress) – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2023-жылдын сентябрь айынын башында «“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун карап чыгып, үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке ажыраткан учурда жергиликтүү кеңештердин пикирин эске алуу максатында иштелип чыккан.

Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке өткөрүп берүүдө, ошондой эле муниципалдык менчикти мамлекеттик менчикке ажыратканда бир түрдүү жол-жоболорду түзүү мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат.

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдын 6-беренесинин үчүнчү абзацына ылайык, муниципалдык менчикке өткөрүп берилүүчү мамлекеттик менчик объекттерин кабыл алуу жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда мыйзамдын 10-беренесинде муниципалдык менчик объектиси мамлекеттин менчигине ажыратылган учурда жергиликтүү кеңештин макулдугу талап кылынбайт деп каралган.

Мындан улам муниципалдык менчиктин маанилүү объекттерин жергиликтүү деңгээлде өткөрүп берүү жарандардын өкүлдөрүнүн пикирлерин эске албастан жүргүзүлсө болот.

Бишкек шаарынын 11-кичи районундагы мурда гараж-керектөө кооперативи пайдаланып келген 11 гектар көлөмүндөгү жер участогу өткөрүлүп берилген жагдай муниципалдык менчикти мамлекеттин менчигине кабыл алуунун жана ажыратуунун бир түрдүү жол-жобосунун жоктугун көрсөттү.

Бузуу учурунда гараж ээлерине Бишкек шаарынын мэри бул гараждардын ордуна унаалар үчүн көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайлар курулаарын, ал эми гараж кооперативинин ар бир катышуучусуна демонтаждалган гараждын компенсациясы катары унаа үчүн орун берилерин убада кылган. Бирок, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2022-жылдын 27-сентябрында өткөн жыйынында белгилүү болгондой, мурда гараж кооперативи жайгашкан жер тилкеси Мамлекеттик ипотекалык компанияга жеткиликтүү турак жай куруу боюнча социалдык программаны ишке ашыруу үчүн берилген, ал эми Бишкек шаарынын мэринин убадалары юридикалык жактан бекитилген эмес.

Бул мыйзам долбоорун кароодо жергиликтүү кеңештин башкы функцияларынын бири өкүлчүлүк функциясы болуп саналаарын эске алуу маанилүү. Жарандар жергиликтүү деңгээлде өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жергиликтүү кеңештердин депутаттарына өткөрүп беришет.

Жогоруда келтирилген мисалдан көрүнүп тургандай, жергиликтүү тургундардын жана мамлекеттин кызыкчылыктары дайыма эле окшош боло бербейт, адатта карама-каршы мүнөздө болушу мүмкүн. Бирок, муниципалдык менчик объекттерин мамлекеттик менчикке ажыратууга жергиликтүү кеңештердин макулдугун берүү жөнүндө ченемдин жоктугу жергиликтүү кеңештердин депутаттарына өз шайлоочуларынын кызыкчылыктарын толук өлчөмдө коргоого жана өкүлчүлүк иш-милдеттерди жүзөгө ашырууга мүмкүндүк бербей жатат.

Ушуга байланыштуу муниципалдык менчикти мамлекеттин менчигине ажыратууда жергиликтүү кеңештердин макулдугу талап кылынуучу ченемдерди киргизүү зарыл.