Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Мамлекеттик тил тууралуу
Мыйзамдардагы жаңылыктарды Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун эксперттери даярдады: Турсунбек Кубанычбеков, Айнура Бурканова, Айнура Кенжебаева
2023-жылдын 17-июлунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынды.
Конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди пайдалануунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдаланууда жарандардын укуктарын камсыз кылат.
Аталган Мыйзамдын 5-беренесинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жумуш тили болуп мамлекеттик тил саналат деп көрсөтүлгөн.
6-берене менен тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилде сүйлөгөн адамдардын басымдуу саны жашаган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет деп белгиленди.
Бул Мыйзам менен мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчиктин бардык формаларындагы мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүү мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде жүргүзүлөт деп белгиленди.
Ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар башка ченемдер да белгиленди.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү










