Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Курултай тууралуу

2023-10-02 / Мыйзам жаӊылыктары

Мыйзамдардагы жаңылыктарды Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун эксперттери даярдады: Турсунбек Кубанычбеков, Айнура Бурканова, Айнура Кенжебаева

2023-жылдын 24-июлунда “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынды.

Элдик Курултай – коомдун өнүгүү багыттары, коомду жана мамлекетти социалдык- экономикалык өнүктүрүү, жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жана руханий-идеологиялык маанилүү маселелерди чечүү боюнча сунуштамаларды берүүчү, кеңешүүчү, байкоочу коомдук- өкүлчүлүктүү жыйын.

Конституциялык Мыйзам Элдик Курултайдын ишин уюштурууну жана анын тартибин аныктайт. Атап айтканда, мыйзамда Элдик Курултайдын делегаттарына талаптар жана чектөөлөр белгиленген, аларга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары делегат боло алышпайт.

Элдик Курултайдын жыйыны мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан жана төмөнкүдөй маанилүү маселелерди талкуулоо үчүн өткөрүлөт:

  • референдумга коюлган маселелер боюнча сунуштар;
  • коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө багытталган концепцияларга, программаларга, мыйзам долбоорлоруна карата сунуштамалар;
  • өлкөнү руханий-маданий жактан өнүктүрүү;
  • Кыргыз Республикасынын элинин салттарын жана мурастарын сактоо;
  • мамлекет менен диний конфессиялардын өз ара мамилелери;
  • Кыргыз Республикасында адам укуктарынын жана эркиндиктеринин абалы;
  • экологияны сактоо жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
  • региондор аралык жана этностор аралык талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды чечүү;
  • Кыргызстан элдеринин тарыхый, материалдык, руханий мурастарын сактоочу жана башка маанилүү маселелер.

Элдик Курултайдын жана Улуттук Кеңештин атынан Улуттук Кеңештин төрагасы мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.

Өткөрүлгөн жыйындын жыйынтыгы боюнча Элдик Курултай резолюция кабыл алат. Кабыл алынган резолюция сунуш катары тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.

Элдик Курултайдын резолюциясын Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар эске алышат.

Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу иштери тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана Улуттук Кеңешке жүктөлөт.