Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жаштар тууралуу

2023-10-02 / Мыйзам жаӊылыктары

Мыйзамдардагы жаңылыктарды Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун эксперттери даярдады: Турсунбек Кубанычбеков, Айнура Бурканова, Айнура Кенжебаева

2023-жылдын 4-августунда “Жаштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды. Ушул Мыйзам жаштар саясатын түзүүгө, ишке ашырууга, мониторинг жана баалоо жүргүзүүгө, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого байланышкан коомдук мамилелерди жөнгө салат. Бул Мыйзам менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү ченемдер каралган:

  • жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүү орнотулат;
  • жаштар саясаты чөйрөсүндө иш жүргүзгөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эриш-аркак иш алып барышат;
  • жаштар саясатынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат;
  • жаштар саясатын түзүү, ишке ашыруу жана жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттик органдар тарабынан ЖӨБ органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылат, алардын өз ара аракеттенүүсүнүн типтүү тартибин Министрлер Кабинети бекитет;
  • жаштар саясатын ишке ашырууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүргүзгөн саясатынын алкагында бирдиктүү системалык мамилени караштырган тармактар аралык өз ара аракеттенүүнүн негизинде жүзөгө ашырылат;
  • мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар уюмдары менен өз ара тыгыз аракеттенет жана Министрлер Кабинетинин программалык документтерин ишке ашыруунун алкагында жаштар уюмдарынын потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жаштар үйлөрүн жана борборлорун уюштуруучулук жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырат.

 

Ошентип, органдарга жаштар саясатын түзүү жана ишке ашыруу процесстерин типтүү тартипке шайкеш келтирип, кайра уюштуруп чыгууга туура келет. Аны КР Министрлер Кабинети бекитүүгө тийиш.