Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өндүрүш жана керектөө калдыктары тууралуу

2023-10-02 / Мыйзам жаӊылыктары
Өндүрүш жана керектөө калдыктары тууралуу

Бакыт БАЙСАКОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2“ долбоорунун 1-компонентинин координатору

Кыргыз Республикасынын Президенти “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Ушул Мыйзам өндүрүш жана керектөө калдыктарын түзүү, чогултуу, сактоо, кайра иштетүү, жок кылуу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү, ошондой эле калдыктар менен иштөө жаатындагы мамлекеттик, муниципалдык башкаруу, көзөмөлдөө жана контролдоо процессинде келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат. Ушул мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн калдыктар менен иштөө боюнча жаңы укуктарды, кошумча милдеттенмелерди жана жоопкерчиликти карайт.

Тактап айтканда, мыйзамда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында калдыктарды чогултуучу атайын бөлүнгөн жерлерде (таштанды урналарында, бактарда, контейнерлерде жана полигондордо), калдыктар пайда болгон учурдан тартып менчик укугу каралган. Муну менен катар юридикалык же жеке жак, анын ичинде жеке ишкер калдыктарды ээликтен ажыратуу жөнүндө бүтүмдүн же калдыктарды башка ыкма менен менчикке айландыруу жөнүндө күбөлөндүргөн башка аракеттерди жасоонун негизинде калдыктарга менчик укугун алат. Башка сөз менен айтканда, калдыктарды коммерциялык жол менен иштетүү үчүн бүтүм түзүшү керек, жалпак тил менен айтканда, калдыкты сатып алууга тийиш.

  • Кабыл алынган мыйзамга ылайык жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ органдарынын калдыктар менен иштөө жаатындагы ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
  • калдыктар менен байланышкан апааттарды, аварияларды четтетүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
  • калдыктар менен байланышкан апааттардын, авариялардын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
  • калдыктар менен иштөө жаатындагы региондук программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, ошондой эле мамлекеттик программаларды аткаруу;
  • калдыктарды кайра иштетүү, утилдештирүү жана жайгаштыруу боюнча жаңы объекттерди курууну, иштеп жаткан объекттерди кеңейтүүнү жана реконструкциялоону каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын, жергиликтүү бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын чогултууну уюштуруу;
  • коммуналдык калдыктарды чогултуунун сарамжалдуу системасын уюштуруу, ал анын ичинде аларды (тамак-аш калдыктарын, түстүү жана кара металлдар, текстиль, айнек, кагаз ж.б.) өзүнчө чогултууну, калдыктарды ташууну, иштетүүнү, кайра иштетүүнү, зыянсыздандырууну, көмүүнү, ошондой эле ведомствого караштуу аймакты кайра культивациялоону карайт;
  • калктуу конуштардын аймактарында коммуналдык калдыктарды жүгүртүү системасын уюштуруу;
  • калктуу конуштардын аймактарынан калдыктарды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча эрежелерди бекитүү;
  • калктуу конуштардын аймагында калдыктар менен иштөө боюнча калкты маалымат менен камсыз кылуу.

 

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын бирдиктүү тизмекке бириктирүү менен мыйзам бул ыйгарым укуктарды чектөөгө карата суроолорду пайда кылаарын баса белгилөө зарыл. Жөнөкөй сөз менен айтканда, “жергиликтүү мамлекеттик администрация эмне үчүн жооп берет, ал эми ЖӨБ органдары эмне үчүн жооп берет?” деген суроого так жооп бербейт. Мыйзам ошондой эле калдыктарды (таштандыларды) чыгаруучу бардык субъекттерди, анын ичинде жарандарды калдыктарды чогултууну жана түрлөрү боюнча бөлүштүрүүнү камсыз кылууга милдеттендирет. Демек, мындан ары бардык жарандар жана юридикалык жактар калдыктардын түрлөрүнө жараша өзүнчө контейнерлерге ээ болууга тийиш, ал эми кызмат көрсөтүүчү операторлор калдыктардын түрлөрү боюнча чогултуу мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек.

Кабыл алынган “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жергиликтүү маанидеги бир катар ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга, типтүү келишимдердин формаларын иштеп чыгууга жана мыйзамдардын ченемдерин аткаруу үчүн административдик шарттарды түзүп берүүгө тийиш. Мындай ченемдик укуктук актыларга төмөнкүлөр кирет:

көрктөндүрүү эрежелери;

калктуу конуштун коммуналдык калдыктары менен иштөө эрежелери.

 

Операторлор, ЖӨБ органдары жана абоненттер менен түзүлгөн бардык келишимдерди кайра иштеп чыгуу зарыл. Бардык жерде укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларды түзүп, алардын толук кандуу иштешин камсыз кылыш керек.

Мыйзамда калдыктардын пайда болушунун нормативдери калдыктар жайгаштырылуучу объекттерде сакталууга же көмүлүүгө тийиш болгон калдыктар үчүн белгиленген. Өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун нормативдерин ушул калдыктарды өндүрүүчүлөр иштеп чыгат жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет. Калдыктардын пайда болуу нормативи бир адам айына же жылына канча калдык чыгарарын көрсөтөт. Ушуга жараша нормативдин негизинде калдыктарды (таштандыларды) чогултуу, ташып чыгуу жана көмүү кызмат көрсөтүүлөрүнө тариф эсептелет.

Коммуналдык калдыктардын пайда болуу нормативдери ведомстволук аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылып, жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.

Жогоруда аталган нормативдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы №559 токтому менен бекитилген Калдыктардын пайда болушунун нормативдерин жана аларды жайгаштыруунун лимиттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн эрежелеринин негизинде эсептелет.

Нормативдердин жоктугу жана аларды эсептөөнүн татаалдыгы бул мыйзамды киргизүү үчүн кошумча тоскоолдуктарды жаратууда. Ушул тапта коммуналдык калдыктардын пайда болуу нормативдери татаал формула боюнча эсептелет, ал эми жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана ЖӨБ органдарынын нормативдерди эсептөө үчүн потенциалы жетишсиз болууда.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын толук кандуу ишке киргизүү үчүн улуттук деңгээлде өндүрүш жана керектөө калдыктарын түзүү, чогултуу, сактоо, кайра иштетүү, жок кылуу, зыянсыздандыруу, ташуу жана көмүү чөйрөсүндөгү укуктук ченемдердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн укуктук жана саясий шарттарды түзүү зарыл.

Пайдалуу документтер жана шилтемелер:

  • “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамына коштоочу документтер
  • Республикасында Кыргыз өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартиби
  • Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө эреже
  • Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарында куруунун, жерди пайдалануунун жана абаттоонун типтүү эрежелери
  • МКЖӨБМАнын 2022-жылдын 11-ноябрындагы №262 буйругу менен бекитилген Шаардын жана айылдык аймактын аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча Типтүү эрежелери
  • КРнын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы №559 токтому менен бекитилген Калдыктардын пайда болуу нормативдерин жана аларды жайгаштыруу лимиттерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн эрежелери