Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн нак эмес төлөмдөр жөнүндө
2022-жылдын декабрында КР Министрлер Кабинети менен КР Улуттук банкынын №680/66-6 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө” биргелешкен токтому жарыяланган.
Керектөөчүлөргө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү акы төлөө негизинде сунуштаган мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге 2023-жылдын 31-январына чейинки мөөнөттө коммерциялык банктар же төлөм уюмдары менен келишим түзүп, банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн арналган жабдууларды (программалык-техникалык түзүлүштү) орнотуу максатында уюштуруу чараларын жүргүзүү тапшырылды.
Коммерциялык банктарга жана төлөм уюмдарына 2023-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан банктык төлөм карталарын, электрондук акчаны, QR-кодду, төлөм терминалдарын жана/же башка инструменттерди пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн каралган жабдуулар (программалык-техникалык түзүлүш) менен мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди камсыз кылуу сунушталды.
Токтом Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөргө жана эсептешүүлөргө өтүү, санариптик төлөмдөрдү киргизүү, төлөмдөрдү кабыл алуунун башка инструменттерин өнүктүрүү, акча жүгүртүүдө ачык-айкындуулукка жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатында кабыл алынган.
Окшош материалы:
-
№9 (179) / 2026-09-26 Климаттык иш тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Коммуналдык кызматтардын тизмеги тууралуу
-
№9 (179) / 2026-09-26 Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы №428 токтому менен Кыргыз Республикасында органикалык калдыктарды иштетүүнүн тартиби бекитилди
-
№8 (178) / 2026-09-19 Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө оңой болбогон жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу маселелери жөнгө салынды
-
№8 (178) / 2026-09-19 КР Министрлер Кабинети бийик тоолуу жана алыскы аймактардын тургундарына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселеси боюнча жаңы токтомдорду кабыл алды
-
№8 (178) / 2026-09-19 Бишкек шаарында коомдук транспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташуу үчүн тарифтер өзгөрдү









