Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын негизинде Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактарынын табигый ресурстары үнөмдүү пайдаланыла баштады

2022-10-16 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын негизинде Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактарынын табигый ресурстары  үнөмдүү пайдаланыла баштады

Автор: Гульнара САЯКБАЕВА, ЖДКЖ Долбоорунун эксперти; Шербек ДОСУЕВ, ЖДКЖ Долбоорунун консультанты

Элет жергесиндеги коммуналдык чарба жана таштандыларды башкаруу тармагы – бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын жаңы тармагы. Тилекке каршы, бул тармак өтө жай модернизацияланууда, ал эми өсүш ыргагы муктаждыктарды канааттандырып, жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүүдө экономикалык, айыл чарба, экологиялык жана коопсуздуктун башка түрлөрүн камсыз кылуу үчүн жетишсиз болуп жатат. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында 400гө жакын таштанды төгүүчү жай бар, алардын басымдуу бөлүгү Советтер Союзунан бери иштеп келе жатат жана заманбап стандарттарга жооп бербейт (аларды көбү “полигон” деп аташат, бирок таштандыларды башкаруу боюнча полигон көп сандаган талаптарга жооп берүүгө тийиш, ал эми региондордо бир дагы таштанды жайын полигон деп атоого болбойт).

Калдыктарды натыйжасыз башкаруу - жалпысынан Кыргызстандын бардык айылдары үчүн, айрыкча Жети-Өгүз району үчүн маанилүү көйгөйлөрдүн бири. Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айылдык аймактары таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу көйгөйү менен көптөн бери алышып, аны чечүү жолдорун издеп келишкен. Ар кандай себептерден улам бул маселени өз алдынча чечүү мүмкүн болбой жаткан. Айталы, жогоруда аталган муниципалитеттердин аймагында кызмат көрсөтүүнү өз алдынча уюштуруу мүмкүнчүлүгү болгон эмес, мындан тышкары калдыктарды жайгаштыруу үчүн орун да жок болчу. Эгерде муниципалдык ишкана түрүндө кызмат көрсөтүүчүнү аныктоо үчүн муниципалитеттерге өтө көп каржылык салымдар керек болсо, анда таштанды төгүүчү жайларды уюштуруу үчүн акчалай чыгымдардан тышкары аймак да керек эле, бул аймакты атайын бул максаттарда өзгөртүп чыгуу зарыл болчу.

Топтолгон таштандылар көйгөйүн көпчүлүк учурда жергиликтүү тургундар мыйзамсыз ыкмалар менен өз алдынча чечүүгө аракет кылышчу. Айталы, тургундар таштандыларды ээн жерлерге алып чыгышаар эле, мындан улам таштандылар туш келди ыргытылып, чогула берчү. Мындай жагдай муниципалитеттердин ишинин бардык чөйрөлөрүнө терс таасирин тийгизип келди. Тургундар мончосун жылытып, мешке от жагуу үчүн өзүнүн таштандыларын өрттөп келишкен, бул болсо үй ээлеринин саламаттыгына да терс таасирин тийгизди. Күлдү жана өрттөлбөй калган калдыктарды өз бакчаларына көмүп коюшчу.

Бир нече жыл мурда Даркан муниципалитетинде таштандыларды башкаруу тармагында пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү максатында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсү уюштурулган, бул үчүн муниципалдык ишкана түзүлгөн. Туш келди жерге ыргытылган таштандылар көбөйө бергендиктен жергиликтүү калк бул кызмат көрсөтүүгө абдан муктаж болчу. Кызмат көрсөтүүнүн жоктугунан мал дагы жапа чеккен. Мисалы, мал жайыттан кайтып келгенде, мына ушундай полигондорго төгүлгөн таштандылар менен азыктанып, тамактын калдыктары менен кошо желим баштыктарды жана кагаздарды да жеп, аны сиңире албай, мал союшка кетчү. Жалпысынан, таштандыларды адам эмес, таштандылар адамды башкарган кырдаал үстөмдүк кылып, башка маанилүү маселелер көңүл сыртында калып, бул көйгөй аймактагы эң курч маселеге айланган.

Бир канча убакыттан кийин Даркан муниципалитетинин активи ишкана чыгашага гана учурап жатат деген жыйынтыкка келген. Кызмат көрсөтүүлөр үчүн тариф боюнча акчанын аз чогултулушу, жергиликтүү калктын экологиялык сабаттуулугу боюнча потенциалынын жоктугу ишкананы туруктуу инвестицияларды талап кылган араң жан абалга кептеди. Бирок, өзүнүн таштанды полигонунун жоктугу эң негизги көйгөйгө айланды. Муниципалитет ишкананын ресурстук жана кадрдык потенциалын карап жатканда, “таштанды кайсы жерге жайгаштырылат?” деген негизги суроого жооп издеген эмес. Ушуга байланыштуу башында кирешелүү жана жагымдуу көрүнгөн кызмат көрсөтүү көп өтпөй муниципалитеттин баш оорусуна айланган.

Ошол эле маалда Кызыл-Суу айыл аймагында “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн толук жеткирип жаткан. Бирок, автопарк моралдык жактан эскирип, аны алмаштырып, жаңылоого жергиликтүү бюджеттен көп каражат бөлүнүшү керек эле.

“Кызыл Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы Кызыл-Суу айыл округунун 2010-жылдын 26-февралындагы №49 токтому менен түзүлгөн. Катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу, келишимдик негизде тышкы көрктөндүрүү элементтерин тейлөө жана башка иштерди жасоо, анын ичинде жеке жана муниципалдык заказдарды аткаруу ишкананы түзүүнүн максаты болуп саналат. Ишкана калдыктарды ташып чыгаруу боюнча өз ишин жергиликтүү кеңештин токтому менен бекитилген тарифтердин негизинде жүргүзөт. Муниципалдык ишкананын чарбалык карамагында төмөнкүдөй мүлк бар: Камаз, АСКО 440-1 ГАЗы, АСКО 440-5 ГАЗы, МТЗ-82,1, Грейдер, ДТ-75, МАЗ 5904А2-020 үлгүсүндөгү эки таштанды чыгаруучу унаа, ЗИЛ 131, КАТ-438 экскаватору, ГАЗ-53 самосвалы, ГАЗ-53 үлгүсүндөгү ассенизатордук техника, МАЗ 490343 үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа. Ошондой эле ишканада Саруу муниципалитети мөөнөтсүз пайдаланууга берген таштанды полигону да бар.

Мына ушул көйгөйлөрдүн негизинде бардык айылдык муниципалитеттер бул аймактардын чегинде таштандыларды башкаруу боюнча татаал маселени чечиши керектигин түшүнүштү. Биринчиден, ар кандай калктуу конуштардын тургундарын аймактык белгиси боюнча бөлүп турган тоскоолдукту жеңип чыгыш керек эле. Экинчиден, Кызыл-Суу айылында иштеп жаткан ишкананын базасында өзүнчө юридикалык жакты түзбөстөн же башка аспапты издебестен кызмат көрсөтө башташ керек. Үчүнчүдөн, Кызыл-Суу муниципалдык ишканасы пайдаланып жаткан полигондо ташып чыгарылган калдыктарды жайгаштырып, ошол эле учурда жергиликтүү таштанды полигондорунун жоктугу өңдүү курч көйгөйдү чечиш керек эле. Муну жер ресурстарын бузбастан, ошондой эле тармактык кызмат көрсөтүүлөрдү бириктирүү менен ишке ашыруу зарыл болчу.

2019-жылдын жайында Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айыл өкмөттөрүнүн башчыларына демилге менен кайрылган. Башчы муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын (мындан ары – МОК) алкагында КТКны чогултуу жана ташып чыгуу маселесин чечүүнү сунуш кылган. Бул үчүн Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун конкурсуна катышыш керек эле. Буга байланыштуу ар бир айыл аймагында МОКко катышуу боюнча коомдук угуулар жана жол-жоболук иш-чаралар өткөрүлдү.

2021-жылдын 26-январында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Бул Кызыл-Суу, Саруу, Светлая Поляна, Оргочор жана Даркан айыл аймактарынын жергиликтүү калкы үчүн маанилүү окуя болуп калды. Айыл аймактарынын биримдиги, беш муниципалитетте таштандыларды башкарууда бирдиктүү стратегияны иштеп чыгуу, муниципалитеттердин бюджетин бөлүштүрүү, бюджеттер аралык өз ара мамилелерди киргизүү жана сынап көрүү, ошондой эле жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу демилгенин ийгиликтүү ишке ашып кетишине шарт түздү.

Долбоордун алкагында муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын негизинде Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна айыл аймактары катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана чогултуу боюнча кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча биргелешкен иш-аракеттер планын даярдашты. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатына биргелешип мониторинг жана баалоо жүргүзүү тобу түзүлүп, ал кызмат көрсөтүү боюнча орто аралыктагы мониторинг жүргүзүп турат. Долбоордун консультанттары муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыктын туруктуулугу жана жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселелеринде үзгүлтүксүз практикалык так консультацияларды өткөрүп жатышты.

КЖАПтын негизинде “Кызыл-Суу Тазалык” ишканасы мамлекеттик сатып алуулар жол-жобосу боюнча 2022-жылдын апрелинде 2 даана атайын техниканы – 5 425, 0 миң сомго артында чиркөөчү бар МАЗ 5904A2-020 унаасын сатып алган. КЖАПты ишке ашыруунун жалпы наркы 10 850,0 миң сомду түздү. Финансы каражаттары төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү: муниципалитеттердин өз салымы 250 миң сомду, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун салымы – 3 350 000 сомду жана ЖДКЖ долбоорунун гранты 5 000 000 сомду түздү. Мындан тышкары, Долбоор “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасын жакшыртууга 600 миң сомдон ашык суммага эксперттик жана материалдык жардам берди.

КЖАПтын алкагында МОКтун ар бир катышуучусу үчүн жергиликтүү калктын санына жараша салымдын өзүнүн үлүшү эсептелип чыккан:

  • Кызыл-Суу айыл өкмөтү – 980 миң сом;
  • Саруу айыл өкмөтү – 506 миң сом;
  • Даркан айыл өкмөтү – 467 миң сом;
  • Оргочор айыл өкмөтү – 311 миң сом жана
  • Светлая Поляна айыл өкмөтү – 236 миң сом.

Бул каражаттар Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн атайын эсебине которулган, бул өлкөдөгү муниципалитеттердин ортосундагы бюджеттер аралык финансылык мамилелердин тарыхында горизонталдык трансферттердин алгачкы учуру болуп калды.

Экономикалык туруктуулук үчүн Долбоордун эксперти калдыктарды жайгаштырууга экономикалык негизделген тарифти иштеп чыкты. Бул тариф жергиликтүү жамаат менен коомдук угууларда макулдашылып, жергиликтүү кеңештердин токтомдору менен бекитилген, жаңы башкаруучулук жана автордук методикалар киргизилген. Мындан тышкары, ишкананын иш кагаздарын жүргүзүүнү жакшыртуу жана эсепке алуу саясатын киргизүү боюнча жумуштар жасалды: 

  • замандын талаптарына жооп берген кызмат көрсөтүүчүнүн (МИ) жаңы уставы даярдалды;
  • муниципалдык ишкананын штаттык ырааттамасы киргизилди;
  • уюштуруу түзүмү киргизилди;
  • муниципалдык мүлктүн реестри даярдалды;
  • өндүрүш программасы киргизилди.

Экономикалык жактан негизделген тариф ишкананын амортизацияга, техниканы оңдоого жана учурдагы чыгымдарын жабууга мүмкүндүк берет. Тарифти коомдук талкуулоонун натыйжасында калк тарифтин көлөмүн түшүнүп, ал эмнеден түзүлгөнүн билип калды. Бул, өз кезегинде, КТКны ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Муниципалдык ишкана ошондой эле коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу сыяктуу жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында кошумча кызматтарды көрсөтөт.

“Кызыл-Суу Тазалык” ишканасында КЖАПты ишке ашыруунун алкагында Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая-Поляна айыл аймактарынын жашоочуларын кошуу жолу менен абоненттик база көбөйүп, 6 938 кожолукту же 43 167 тургунду түздү. Тарифтерди төлөөнүн жүгүн жеңилдетүү үчүн ар бир айыл аймагында жергиликтүү кеңештер бекитип берген турак жай субсидиялары каралган. МОКтун катышуучулары бөлгөн турак жай субсидиялары калк арасында тарифтин туруктуулугу боюнча тобокелдиктерди азайтууга мүмкүндүк берет.

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР Мыйзамы ЖӨБдүн башка органдары менен кызматташуунун формаларын тактап, чоо-жайын көрсөтүп берген. Ушул мыйзамдын 67-беренесинде “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла натыйжалуу жана ыкчам камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат” деп белгиленет. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун жардамы менен айыл аймактары бүткүл аймак үчүн эң актуалдуу көйгөйдү – КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу маселесин ийгиликтүү чечип алышты.

Төмөнкү келишимдер даярдалып, аларга кол коюлду: 1) Муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык жөнүндө; 2) Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү жөнүндө - (кызмат көрсөтүүчү Кызыл-Суу ААнын “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасы менен Кызыл-Суу, Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая Поляна ЖӨБ органдарынын ортосунда); 3) Абоненттик келишим (жеткирүүчү муниципалдык ишкана менен тургундардын ортосунда).

Кызыл-Суу жана Саруу, Даркан, Оргочор жана Светлая-Поляна айыл аймактарынын муниципалитеттер ортосундагы кызматташтыгы муниципалитеттерде катуу тиричилик калдыктарын (КТК) уюштурууну жана ташып чыгарууну натыйжалуу башкарууну жөнгө салууга мүмкүндүк берди, ошону менен жергиликтүү маанидеги кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин кеңейтип, жогоруда аталган айыл аймактарынын жергиликтүү калкынын бул кызмат көрсөтүүгө болгон муктаждыктарын толук канааттандырды. Ушул тапта таштандыларды чыгаруу кызмат көрсөтүүсү жөнгө салынып, “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын бекитилген графиги жана каттамы боюнча так жүзөгө ашырылууда.

Бул иш-аракеттердин аркасында айылдардын санитардык-эпидемиологиялык абалына байланышкан көйгөйлөр чечилди. ЖӨБ органдарынын демилгеси жана кызмат көрсөтүүдө туруктуулугу жергиликтүү тургундарына абдан жагып, алардын жергиликтүү бийликке ишеними артты. Мындан тышкары, катышуучулардын экологиялык сабаттуулугу да жогорулады.

Бул муниципалитеттер ортосундагы кызматташтык Швейцария Өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоорунун финансылык, методикалык жана консультациялык колдоосунун аркасында мүмкүн болду.

Таштандыларды башкаруу тармагын өнүктүрүүнүн кийинки этабы – өзүн-өзү актоого өтүү, бул иштер 2023-жылдын башына пландалган.

 

Окшош материалы: