Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Каргалык айылдык аймагынын 25 миң жашоочусу бош убактысын кантип өткөрүүдө? Калыбына келген элеттик сейил бактын таасирдүү таржымалы

2019-11-22 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Каргалык айылдык аймагынын 25 миң жашоочусу бош убактысын кантип өткөрүүдө? Калыбына келген элеттик сейил бактын таасирдүү таржымалы

Кароосуз калган айылдык сейил бактын аймагында тоодой үйүлгөн таштандынын жана ар кайсы жерде кыйраган бак-дарактардын ордуна таза газон чөптөрдү, жаңы отургучтарды жана челектерди көргөн сайын Каргалык айылдык аймагынын жашоочулары кубанычын жашыра алышпайт.

Он жаштагы Адилет 2018-жылы октябрда парктын расмий ачылышына катышкан эле. «Бул сейил бак ачылгандан бери кандай өзгөрүүлөр болду?» деген суроого Адилет жылмайып, «Паркта бассейн да бар» деп жооп кайтарды. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Казарман айылында жайгашкан Ж.Кадыров атындагы сейил бак 1980-жылы курулган. 2018-жылы парк толугу менен жаңыланды: газон айдалып, сугат системасы орнотулуп, чирий баштаган бак-дарактар кыйылып, гүлдөр отургузулуп, сейил бактын аймагында таманташ төшөлдү. Андан соң атайын бөлүнгөн жерде балдар үчүн бассейн жана батут орнотулду.

Эмнелер жасалды?

1500 чарчы метр таманташ төшөлдү. 36 устун жарык менен жабдылды. 17 отургуч орнотулду. Дээрлик 25 миң адам, анын ичинде 12 миң аял сейил бакка эс алганы келишет.

Пенсияга чыгаардын алдында соңку алты жыл Таалайбек ОРОКБАЕВ мектептин директору болуп иштеген. Ошондуктан инсанды ар тараптан өнүктүрүү үчүн анын жашоосунун бардык чөйрөлөрүнө, анын ичинде бош убактысын өткөрүүгө шарттарды түзүп бериш керек деп ишенет. Балдарда өз ара чогулуп, баарлашып, мамиле түзүп, буга кошумча ден соолугу үчүн пайда алып келе турган жер болуш керек.

Таалайбек ОРОКБАЕВдин айтымында, айылдык аймактын жашоочулары жергиликтүү бийликке маселени чечип берүү өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышкан: «Сейил бак ушунчалык кароосуз калгандыктан, атүгүл мал жайылып жүрчү! Эми болсо үй-бүлө менен бош убакытты өткөрүүгө боло турган жерге айланды. Сейил бакта Жеңиш күнү, Эгемендик күнү өңдүү майрамдар белгиленип турат».

Сейил бакты тейлөө

«Таза Кызмат» муниципалдык ишканасына сейил бакты карап, тейлөө милдети жүктөлгөн. Ишкана өз милдеттенмелерин сапаттуу аткаруу үчүн жумуштардын технологиялык картасын иштеп чыкты. Бул кызмат көрсөтүүнү каржылоо үчүн жергиликтүү бюджетте каражат каралган. Сейил бактын аймагын кармоо үчүн «Таза Кызмат» муниципалдык ишканасынын штаттык ырааттамасына багбан, кароолчу жана электрик кошулган. Сейил бактын аймагында кызмат көрсөтүүлөр калк үчүн, анын ичинде аярлуу топ үчүн акысыз.

 

Окшош материалы: