Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дегээлинде бош убакытты өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга карата методикалык ыкмалар

2018-03-04 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун дегээлинде бош убакытты өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга карата методикалык ыкмалар

АЛМАКУЧУКОВ Кеңешбек э.и.д., доцент, Адам / БФЭА университети, Кыргыз Республикасы keneshalma@mail.ru Макала айылдын / шаардын мазмундук ресурстарына (маданий коддоруна) негизделген методиканы жана алардын жергиликтүү жамааттар үчүн кызыктуу окуяларга жана иш-чараларга конвертацияланышын сүрөттөйт. Маданий кодду билүү маданий көрүнүштөрдүн (мазмундун, белгилердин, символдордун, нормалардын, тексттердин, жөрөлгөлөрдүн ж.б.) терең маңызын чечмелөөгө жардам берет. Бош убакытты уюштуруунун максаты – жамаатты жалпы идеялардын, тарыхтын, өлкөлүк маңызга тартылгандыктын негизинде түптөө. Бош убакытты өткөрүү үчүн жагымдуу шарттар тематикалык пландоо жана долбоорлоо аркылуу камсыз болот.

Маселенин чоо-жайы

Элетте калктын бош убактысын өткөрүүнү уюштуруунун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Совет маалында маданий инфраструктура нормативдерге ылайык курулган (мисалы, клубдагы отургучтардын саны 10000 кишиге эсептелинген ж.б.). Бул нормативдердин негизинде өтмө жолдун аралыгындагы жеткиликтүүлүк принциби жатат.

Айылда райондук маданият үйлөрү иштеп жаткан маданий-бош убакытты өткөрүүчү түзүлүштөрдүн тарамында уюштуруучулук-методикалык борборлор райондун клуб мекемелери тарабынан түзүлгөн жана алдына коюлган тапшырманы аткарып келишкен. Алар калкка агартуучулук жана көңүл ачуучу мүнөздөгү түрдүү кызматтарды көрсөтүп, ошондой эле бош убакытты өткөрүүнүн жана эс алуунун түрдүү формаларын уюштуруу, өз демилгеси менен чыгармачылык менен алектенүү аркылуу өзүн өнүктүрүп, көрсөтө алуу  үчүн шарттарды түзүп келишкен.

Клубдун ишинде фестивалдар, конкурстар, ий- римдер, студиялар ж.б. өңдүү маданий практикалар ишке ашырылган. Жалпы союздук жана бир республикалык каналды тарткан үйдөгү телевизор клубга түз атаандаш болгон эмес. Себеби иш күндөрү каналдар кечки маалда – 18.00дөн 24.00гө чейин, ал эми дем алыш күндөрү түштөн кийин берүүлөрүн көрсөтө баштачу. Ошону менен бирге клубдун иши да, каналдарда көрсөтүлгөн берүүлөр да идеологияга негизделип, тарбия иштеринде эффективдүү аспап болуу менен, бири-бирин толуктап турган. Ушул тапта элет жергесиндеги социомаданий кырдаал балдардын, жаштардын жана улуу муундун маданияттан жана искусстводон обочодо калуусуна байланышкан бир топ терс кесепеттер менен мүнөздөлүүдө (бул жерде сөз бош убакытты өткөрүүнүн маданий практикаларынын кадыресе советтик формалары жөнүндө болууда). Маданий мекемелерге бөлүнгөн финансылык каражаттын кескин кыскартылышы, элеттеги маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасынын эскириши, методикалык камсыздоонун чабалдыгы, коопсуздуктун төмөн деңгээли маданият мекемелердин коомдук мейкиндик катары жагымдуулугун азайтты. Бул болсо айылдагы жашоо сапатына, миграциянын өсүшүнө жана калктын маргиналдашуусуна, оолукма жүрүм-турумдун өсүшүнө таасирин тийгизип жатат.

Рынок экономикасына өткөн шарттарда маданият чөйрөсү мамлекеттен ажыратылып, децентралдашканы тууралуу көп айтылды: рынок жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бардык көйгөйлөрдү ошол заматта чечет деген үмүт менен, мамлекет маданият чөйрөсүн каржылоодо өзүнүн катышуусун азайтууга аракеттенди. Бирок, тилекке каршы, бул ишке ашкан жок. Башка максаттар менен, башка тапшырмаларды аткарган маданий инфраструктура жана бул чөйрө дээрлик талкаланды же пайдасыз болуп калды. Себеби калк маданиятка жолду “унутту”.

Убакыт бюджеттерин изилдөөнүн жыйынтыктарына караганда, бир кыргызстандык күн сайын телевизор көрүүгө орточо беш сааттан кем эмес убактысын сарптайт. Башкача айтканда, бош убакытты үйдө өткөрүү көнүмүш адатка айланды. Мында үй жеке жана жамаат менен бош убакытты өткөрүүнүн жалгыз легитимдүү борборуна айланса, телевизор көңүл чордонунда болуп, маалыматты алуунун маанилүү булагына, карама-каршылыктуу социо-маданий нормалардын жана жаңы, маал-маалы менен биз үчүн чоочун маданий практикалардын трансляторуна айланды.

Калктын бош убакытты пайдалануусу маданиятынын, руханий керектөөлөрүнүн жана конкреттүү инсандын же социалдык топтун кызыкчылыктарынын кандайдыр бир индикатору болуп саналат.

Бош убакытты үйдө өткөрүп калуунун башка дагы терс эффекттери бар: жаштар таанышып, жаңы эле баш кошкон түгөйлөрдүн “гүл-таттуу” этабы өтчү коомдук мейкиндик кыскарууда. Экинчи жагынан түрдүү социалдык топтордо жана этностук жамааттарда бири-бири менен бейформал байланыш түзүүсү үчүн жетиштүү шарттар жок, мунун натыйжасында адамдар бири-биринен алыстап баратат.

Чекене соода дүкөндөрү жана аларга чектеш жайгашкан аянтчалар; коомдук транспорт үчүн аялдамалар; дем алыш күндөрү базарлар, спорт объекттери (стадиондор, спорт залдар), маданий мекемелер (чиркөөлөр, мечиттер) жана сейил бактар (гүл бакчалар) коомдук мейкиндиктин функцияларын аткара баштады. Мечиттерди ала турган болсок, мында олуттуу чектөө бар – бул коомдук жайлар негизинен эркектер үчүн.

Заманбап каражаттарга (планшеттер, смартфондор ж.б.) жана коммуникация каналдарына (санарип телевидение, интернет, мобилдик интернет ж.б.) жеткиликтүүлүк жана мобилдүүлүк өскөнүнө карабастан элет калкында “жогорку” маданият (театрлар, музейлер, концерт залдары) менен таанышууга мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан клубдар, маданият үйлөрү алар үчүн эс алуу, маданий иш-чараларга баруу, баарлашуу жана бош убакытты биргелешип өткөрүү үчүн жалгыз жерге айланды.

Эл аралык гуманитардык уюмдар туруктуу негизде өткөрүп келаткан талаа изилдөөлөрүнүн материалдары 2010-жылдан бери жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде коомдук керектөөлөрдүн структурасында жана иерархиясында өзгөрүүлөрдү көрсөтө баштады. Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк, жайыттарды башкаруу маселелерин чечүү ж.б. өңдүү көйгөйлөрдү баскыч-баскычы менен чечүү бош убакытты жана чыгармачыл жактан өзүн көрсөтүүнү уюштуруу маселелерин актуалдаштыруу үчүн шарттарды түздү.

Бош убакытты уюштурууга болгон суроо-талаптын пайда болушуна жана көбөйүшүнө саналуу донорлор, долбоорлор жана өнүгүү агенттиктери гана ыкчам реакция жасай алышты. Спорт жана маданият инфраструктураларын курууга же капиталдык ремонт жасоого болгон даярдык жана реалдуу жардам көрсөтүү ниети алардын башын би- риктирди. Ошону менен бирге “ак ниет башкаруу принциптерин колдонууга жана мындай кызмат- тарды көрсөтүү үчүн рентабелдүү, инновациялык жана туруктуу чечимдерди пайдаланууга кантип дем берсе болот” деген суроого жооп табыла элек. “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору бул көйгөйлөрдү чечүүгө бел байлап киришти. Аталган долбоорду курамына Helvetas Swiss Intercorporation менен Өнүктүрүү саясат институту кирген консорциум ишке ашырат.

Элет калкын маданиятка жакындатуу тапшырмасы бош убакытты өткөрүү ишин дидактикалык жана методикалык жактан камсыз кылуунун жаңы формаларын, турмуш-тиричиликти, эс алууну, туризмди, спортту, адамдардын бош убактысын өткөрүүсүн камтыган технологиялык жол-жоболорду издеп, аларды киргизүүнү талап кылууда.

Кырдаалга анализ

Бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу методикасын сүрөттөөгө жана тестирлөөнүн жыйынтыктарына өтөөрдөн мурда чектөөлөргө жана факторлорго токтололу:

Элеттик жамааттар күчтүү жергиликтүү иденттүүлүк менен мүнөздөлөт. Мында индивид көп учурда өзүн аймактык жалпылыктын мүчөсү катары сезет, бул болсо туруктуу жергиликтүү жамааттарды калыптандырууга өбөлгө болот.

Бош убакытты өткөрүүнү уюштурууга карата чыгармачыл мамиле жасоо маселеси мамлекеттик деңгээлдеги тапшырма, бирок ал жергиликтүү деңгээлде өзгөчө эффективдүү чечилет.

Бош убакытты уюштурууга (спорт, маданият) карата калктын суроо-талабы өсүүдө; кызыкчылыктардын жоктугу, эч нерсе менен толтурулбаган өтө чоң көлөмдөгү бош убакыт жана керектелбеген энергиянын жоголо бериши анын карама-каршысында жатат.

Балдар, жаштар жана улуу муун маданияттан жана искусстводон, чыгармачыл жактан өзүн көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап жатышат: эгерде улуулар совет маалында бош убакытты уюштуруу практикасы жөнүндө эскерүүлөр менен жашап келсе, өсүп келаткан муун жамаат менен чогуу бош убакытты кантип уюштурса болорун билбейт.

Бош убакыт үйдө өтүп калды, мында үй жана санарип телевидение (интернет, мобилдик интернет) коомдук мейкиндиктин негизги атаандаштарына айланды. Эркин убакыттын бюджети өсө берет жана адамды эмне менен алектендириш керек деген суроо турат.

Райондук маданият үйлөрү уюштуруучулук-методикалык борборлордун функциясын аткарбай калышты жана “кызмат көрсөтүү үчүн рентабелдүү, инновациялык жана туруктуу чечимдерди” иштеп чыгышпайт. Анын үстүнө укуктук коллизия да бар – райондук мамлекеттик администрация маданият мекемесинин жетекчисин дайындайт, ал эми маданият (спорт) мекемеси жергиликтүү бюджеттеги каражаттан каржыланат (эрежеге ылайык, өнүктүрүү бюджеттерсиз).

Раймамадминистрациядан, облмамадминистрациядан түшкөн сунуштамалар (ресурстар менен бекемделбеген циркулярлар), ведомстволордон, бейөкмөт уюмдардан кайрылуу каттар, жергиликтүү жамааттардын демилгелери пландоонун өзөгүн түзөт.

Иш-чаралардын репертуары жана алардын мазмуну окшош, райондук мамлекеттик администрациялан түшкөн циркуляр менен түзүлөт – календардык жылга Иш планы менен. Ал расмий майрамдык календарга байланышкан негизги иш-чараларды камтыйт (Нооруз, Эгемендик күнү, Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы ж.б.). Жергиликтүү бийлик органдары регионалдык масштабдагы иш-чараларды кошуу жолу менен планды толуктап турушат. Алар салттуу спорт майрамдарын, жөрөлгөлөрдү, оозеки элдик чыгармачылыкты, элдердин тиричилик маданиятын кошушат (мисалы, “Сармерден” конкурсу).

Бош убакытты өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн бир өтмө жол аралыгындагы жеткиликтүүлүк принцибине кошумча транспорттук жеткиликтүүлүк принциби туура келет. Мында жеке жана коомдук транспорт тейлөө чек араларын кеңейтип, маданият (спорт) мекемелеринин жагымдуулук критерийлеринин бири болуп саналат.

Элет калкынын басымдуу бөлүгү бош убакытты өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр акысыз болууга тийиш деп эсептейт жана азырынча бул үчүн адекваттуу бааны төлөөгө даяр эмес. Натыйжада кызмат көрсөтүү ишкерлер үчүн көп жагымдуу эмес жана жергиликтүү бюджет үчүн чыгашалуу болууда.

Мамлекеттик заказ жана мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндөгү атаандаштык чөйрөсүн түзүү үчүн аспап катары каралбай келет.

Маданият/спорт мекемелеринин укуктук статусу көп учурда такыр эле жол-жоболоштурулган эмес.

Инновациялык методиканын ма\ызы

Ар бир айылдын, райондун өзүнүн тарыхый тамыры, индивидуалдуулугу, маданий салттары бар. Ошондуктан алардын ар бири үчүн алгылыктуу, табигый, жашап кетүүгө жөндөмдүү бош убакытты өткөрүүнүн формаларын өз алдынча жүзөгө ашырышы керек. Айылда стационардык маданий-бош убакыт өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр дээрлик жок болгон шарттарда социалдык тилектештикке (социалдык өз ара аракеттенүүгө) негизделген жамааттык турмуштун салттарынын дараметин колдонуш керек. Бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндө инсандын жана коомдун кызыкчылыктары кесилишет.

Бул этапта айылдык социумда, биздин баамыбызда, салттуу билимди жана маданий практикаларды жеткирүүгө көмөктөшө ала турган социомаданий иштин формаларын уюштуруу зарыл. Анын өзөгүн элдик салттар, адаттар, ырым-жырымдар, майрамдар түзөт.

Бош убакытты уюштуруунун принциптери:

•  Кызмат көрсөтүүнү пландоонун, сапатын жана эффективдүүлүгүн баалоонун бардык баскычтарында кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга катышуусу.

•  Социалдык кызыкчылык (башкалар менен кызыгуу жөндөмдүүлүгү жана буга катышуу).

•  Топтордун кызыкчылыктарын макулдашуу: дайыма маданиятты керектөөчүлөр менен өндүрүшчүлөрдүн кайтарым байланыш аспаптарына такалат. Окуялар календарын иштеп чыгуу процессине сырттан адамдарды тартуу. Бул болсо элеттиктердин/шаардыктардын акысыз же арзан баада өз идеялары менен бөлүшүү каалоосуна дем берүү максатында жасалат. Алар муну өз идеялары кантип ишке ашканын көрүү үчүн жасашат (катышуучулардын жамаатын түзүү; жамааттарды катышууга үндөө; талкууну баштоо;  иш-чаралардын тизмесин түзүү).

Технологиялык жол-жоболор

Тренингдин программасы 13 тематикалык сессия- ны өткөрүүнү өзүнө камтыйт: 1-5-сессиялар1 бош убакытты уюштуруу максаттарын, принциптерин, укуктук өңүттөрүн түшүнүүгө жардам берет; 6-13-сессияларда ресурстарга инвентаризация жасалат, кырдаалга анализ жасалат, пландоонун негиздери аныкталат, кызыкчылык субъекттерине жана максаттуу аудиторияга инвентаризациялоо жасалат, окуялардын жана иш-чаралардын календарынын долбоору даярдалат, айылдын/шаардын өнүгүү сценарийи жана өз алдынча иш үчүн тапшырмалар аткарылат, бош убакытты уюштуруунун максаттары, принциптери, механизмдери аныкталат, ошондой эле бош убакытты өткөрүү чөйрөсүндө муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюш- туруунун укуктук өңүттөрү белгилүү болот. Адаптацияланган жана сыноодон өткөрүлгөн методикада2 технологиялык жол-жобо төмөнкүдөй берилди:

1.  Иш-чаралардын тематикасын пландоодо аталган айылга/шаарга, округга, облуска, өлкөгө тиешеси бар маңыздык ресурстарга инвентаризация жасалат. Бул болсо жергиликтүү жамаатты талкуу процессине кошуп, тиешелүү маданий коддордун (“Биз кимбиз?”, “Эмнебиз бар?”, “Кимге жана эмнеге сыймыктанабыз?”, “Эмнени баалай албай жатабыз?” деген суроолор жооп берүү менен) матрицасын толтуруу жолу менен ишке ашат.

2.  “Айылдын/шаардын 3 катмар моделин” толтуруу: физикалык мейкиндиги, социалдык системалар жана мамилелер, маданий коддор.

3.  Айылдын/шаардын маданий коддорунун матрицасынын негизинде окуялар календарын иштеп чыгуу.

4.  Кызыкчылыктар субъекттерине жана максаттуу аудиторияга инвентаризация жасоо (социалдык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу же алар тарабынан каршылыкты алдын алуу максатында).

5.  Айылдын/шаардын бир жана беш жылдык өнүгүү сценарийи.

Андан ары кабыл алынган чечимдердин толуктугун жана сапатын камсыз кылуу үчүн сунушталган алгоритмди аткарып чыгыш керек:

•  Окуялар календарынын долбоору менен үндөшкөн, ишке ашыруу индикаторлорун камтыган календардык иш планды иштеп чыгуу зарыл.

•  Пландоодогу финансылык ажырымдарды аныктап, бюджеттен тышкаркы каражаттарды кошкондо каржылоо булактарын сунушташ керек.

•  Толтурулган документтердин негизинде (маданий коддордун матрицасы, айылды өнүктүрүү сценарийи, маданий окуялардын календары, календардык план) маданий/ спорттук окуялардын Календарынын долбоорун иштеп чыгуу зарыл.

•  Акысыз/акыга, түз келишимдин, аутсорсингге (ижарага) берүүнүн негизинде муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн ыктымал башкаруучулук чечимдерге шарт түзүш керек.

•  Айыл өкмөтү Окуялардын календарына каражат бөлүп берүү чечимин кабыл алуусуна лобби жасаш керек (смета, мамлекеттик заказ, муниципалдык социалдык заказ).

•  Иш планынын долбоорун (күтүлгөн жыйынтык, баштапкы жана күтүлгөн көрсөткүч, индикаторлор, ресурстар ж.б.) иштеп чыгуу зарыл жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчүлөрдү табуу керек.

•  Ишти формалдаштырып, иш-чаранын бир синопсисин жана бир сценарийин сунуштоо керек.

Бул методика боюнча Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында окуулар өткөрүлүп, семинарлардын катышуучуларына кластердик форматта консультациялар берилди. Маданий/спорттук иш- чараларды өткөрүү боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу жүрдү. Маданият/спорт мекемелеринин кызматкерлери жеринде көнүмүш, кадыресе иш- чараларды (фестивалдарды, марафондорду, ыр-кесе, сармерден, ийримдик иштер, улуттук майрамдар боюнча концерттерди, мааракеге байланыштуу иш-чаралар комплексин ж.б.) өткөрүп жатат деген гиптеза тастыкталды. Методиканы тестирлөөнүн кыйыр жыйынтыктары төмөнкүдөй:

•  Маданият/спорт мекемелеринин кызматкерлери маалыматка ээ эмес, аймактын өзгөчө тарыхын, маданий өзгөчөлүктөрүн, маңыздык ресурстарын билишпейт. Окуяларды жана иш-чараларды жергиликтүү жамаат үчүн кызыктуу боло турган, мындан улам жергиликтүү жамааттын биргелешип бош убакытты өткөрүүгө кызыгуусун жарата турган нукка бура алышпайт.

•  Маданият/спорт мекемелеринин кызматкерлери бош убакытты өткөрүү үчүн кызмат көрсөтүүнүн чоң алкагын баамдай алышпайт: жергиликтүү жамааттарды бириктирүү жана калыптандыруу, ишеним радиусун кыскартуу, чыгармачыл жактан өзүн көрсөтүү үчүн шарттарды түзүү, убакытты пайдалуу өткөрүү ж.б.

•  Сунушталган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү майрамдоо принцибине (майрам, көңүл ачуу, маанай ачуу) жана бош убакытты сырттан байкоого (иш-аракеттерге кошулбастан) негизделген.

•  Иштин долбоордук тиби үчүн (технологиялар менен) компетенциялар жана көндүмдөр жок.

•  Иш-чаралардын экстерриториалдуулук принциби сакталбайт (клубда, спорт комплексинде, паркта гана эмес, ошону менен бирге айылдын/шаардын көчөлөрүндө да).

•  Маданият/спорт мекемелеринин кызматкерлери калкты, активисттерди, максаттуу топторду пландоо процессине кошушпайт.

•  Пландоодо финансылык ажырымдар эсептелинбейт.

•  Бардык көйгөйлөр эки нерсеге такалат: бош убакытты өткөрчү объекттерде үн жабдуулардын жана ремонттун жоктугу.

1  4-сессия «Бош убакытты уюштуруунун укуктук өңүттөрү (ЖӨБОнун ыйгарым укуктары, кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри, маданий жана спорттук муниципалдык мекемелердин укуктук статусу)» жана 5-сессия «Кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун укуктук өңүттөрү: акысы, стандарттар, эмгек мамилелери» тренингдин материалдарынан алынды. «Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдүн укуктук негиздери» аттуу тренингдин материалдарын «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун алкагында LBD- консалтингдин эксперттери иштеп чыгышкан. 2  «Бренддердин портфели шаардык диалогдун технологиясы катары» семинарына колдонмо урбанистика борборунун материалдары (С.Мурунов).

Жалпы мүнөздөгү сунуштамалар

Мекемелердин кызматкерлерине методикалык жардам көрсөтүү системасы болушу керек. Ал өзүнө бош убакытты уюштуруунун укуктук өңүттөрү боюнча предметтик консультацияларды, ишке ашыруу индикаторлорун иштеп чыгууну, ошондой эле тышкы администрациялоону, кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу пландарын түзүү боюнча консультацияларды камтыйт.

Мамлекеттик заказ жана мамлекеттик (муниципалдык) социалдык заказ жеринде өнүктүрүү субъекттерин пайда кылган аспаптар жана бош убакытты өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөткөн мекемелердин уюштуруучулук-укуктук формаларын диверсификациялоо ыкмасы катары каралууга тийиш.

Экстерриториалдуулук принцибин (клубда, спорт комплексинде, паркта гана эмес, ошону менен бирге айылдын/шаардын көчөлөрүндө да) кошкондо, иш-чараларды өткөрүүнүн формаларын жана усулдарын өзгөрткөндү үйрөтүш керек.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын маданият жана спортту өнүктүрүү маселелерине окутуш керек.

Окшош материалы: