Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кум-Дөбө ААда кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы системалуу өзгөрүүлөр: муниципалдык ишканалар түзүлдү, тарифтер жүйөлүү болуп калды, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулады

2019-11-22 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Кум-Дөбө ААда кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы системалуу өзгөрүүлөр: муниципалдык ишканалар түзүлдү, тарифтер жүйөлүү болуп калды, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулады

Кум-Дөбө ААда кызмат көрсөтүүнү уюштуруудагы системалуу өзгөрүүлөр: муниципалдык ишканалар түзүлдү, тарифтер жүйөлүү болуп калды, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жогорулады

Элеттиктер ар бир тамчы суунун баркын билишет. Ошондой эле айылдын көпчүлүк жашоочулары үчүн сугат суунун мааниси да өзгөчө десек болот. Себеби дыйканчылык жана талаачылык айыл тургундарынын негизги киреше булагы болуп саналат. Ал эми айыл жергесиндеги санитардык-эпидемиологиялык абалдын жакшы болгону элеттиктердин чын ден соолугунун кепили. Өзгөчө бул балдарга тиешелүү маселе. Айыл тургундарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ички чарбалык сугат каналдарынын натыйжалуу ишин камсыздоого, катуу тиричилик калдыктарын жыйнап, чыгаруу ишин уюштурууга байланышкан маселелерди ийгиликтүү чечүү – Нарын облусунун Кум-Дөбө айылдык аймагындагы төрт айылдын жергиликтүү бийлиги мына ушундай сап башында турган тапшырмаларды USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу менен чечүүгө бел байлады.

Жасалган иштердин натыйжасында ички чарбалык ирригациялык каналдар тазаланып, жерлерди жана чарбактарды сугаруу иши калыбына келтирилип, ар бир үйгө таза суу жетип калды. Мындан тышкары катуу тиричилик калдыктарын өз убагында чыгарып кетүү иши жөнгө салынып, бул болсо айылдагы жана анын тегерек четиндеги экологияга да, элеттиктердин маанайына да оң таасирин тийгизүүдө. Крандан таза суу агып турса, бак жана чарбак гүлдөп жатса, ал эми муниципалдык ишкананын кызматкерлери таштандыны өз убагында жыйнап, чыгарып турушса, айлана-тегерекке көз жүгүртүп, өз айылыңа, облусуңа жана өлкөңө дагы кандай пайда алып келсе болоорун ойлонгонго убакыт калат.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө ААнын курамына кирген төрт айылда – Кум-Дөбө, Ак-Жар, Шамшы жана Бугучуда 9 595 адам жашайт. Бул айылдарда ичүүчү суу менен жабдууну уюштуруу, дыйкандардын сугат сууга жетимдүүлүгүн камсыз кылуу, таштанды жыйноо жана чыгарууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү айыл өкмөтү эптеп, башаламан жана көп натыйжасыз ишке ашырып келген.

Ичүүчү суу менен жабдуу

Кум-Дөбө ААда ичүүчү суу менен жабдууну уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүү төрт Таза суу керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмесинин (мындан ары – ИСКАКБ) карамагында турган. Алардын иши купулга толчу эмес, себеби талаптагыдай түрдө уюштурулбай келген.

Буга чейин Кум-Дөбө ААнын айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунан (МЭӨФ) ичүүчү суу колдонуучулардын айылдык коомдук бирикмесин (ИСКАКБ) өнүктүрүүгө олуттуу насыя алган. Бул насыяны төлөө боюнча жылдык төлөмдөр калк үчүн тарифтин тутумуна кирген. Таза суу үчүн белгиленген тарифтер сууну берүүгө иш жүзүндө кеткен жалпы чыгымдын 25-30 пайызын гана түзчү. Калктын калың катмары суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүсү үчүн акча төлөчү эмес. Ошол себептен насыя өз убагында төлөнбөй, айыл өкмөтүнүн мойнунда илинип турган оор финансылык жүккө айланган.

Сугат суу менен жабдуу

Айылдык аймактын тургундары сугат сууну алууда бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрүштү. Сугат суу келип турчу ички чарба каналдары булганып, өз убагында тазаланбагандыктан отоо чөп басып калган. Суу коромжу боло баштады. Сугаруучу система бузулуп калгандык-

тан суу тартыштыгы башталып, бул көрүнүш элеттиктердин ортосундагы жаңжалга себепчи болгон. Себеби түшүмдүн аздыгы чөнтөккө сокку болду.

Таштанды жыйноону жана чыгарууну уюштуруу USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоору менен кызматташканга чейин муниципалитетте таштанды жыйноо жана чыгаруу иши жолго коюлган эмес эле. Элеттиктер таштандыны жок кылуунун түрдүү амалдарын колдонуп келишчү: кимдир бирөө таштандыны өрттөп жиберсе, башкасы чарбагына көмүп таштачу. Бирок айылдыктардын басымдуу бөлүгү таштандыны калктуу конуштардын аймагындагы көрүнгөн жерге ыргытып салышчу.

Ишке ашыруу

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” Долбоорунун колдоосу менен Кум-Дөбө айылдык аймагында фокус-топтор өткөрүлүп, анын жүрүшүндө айыл тургундары үч артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүнү тандап алышты. Алар: таза суу менен жабдууну уюштуруу, сугат сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана катуу тиричилик калдыктарын жыйнап чыгаруу. Бул кызмат көрсөтүүлөр айылдык аймактагы кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу Стратегиясынын долбооруна кошулган.

Аймактын төрт айылынан 90дон ашык делегаттын катышуусу менен өткөн коомдук угуулар процессинде Кызмат көрсөтүүнү уюштуруу стратегиясынын долбоору коомдук талкуунун жолжобосунан өттү. 2018-жылдын 27-февралында жергиликтүү кеңештин отурумунда документ бекитилген. Андан соң Жумушчу комиссия айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен Стратегияны аткарууга киришти. Бул үчүн эң эле туура келген жана натыйжалуу ыкма катары эки муниципалдык ишкананы түзүү чечими кабыл алынды. Себеби Кум-Дөбө менен Шамшы айылдары ортосундагы аралык өтө узун болгондуктан, бир гана муниципалдык ишкана баарына жетишмек эмес жана кызмат көрсөтүү сапаттуу болбой калмак.

Натыйжада зарыл болгон уюмдаштыруучу документтер, анын ичинде уставдар жана андан ары өнүктүрүү пландары даярдалды. Ал эми 2018-жылдын 9-июлунда “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык ишканалары каттоодон өттү. Муниципалдык ишканалардын потенциалын күчтөндүрүү максатында 34,3 млн. сомдон ашык суммага муниципалдык менчик башкарууга өткөрүлүп берилди. Бул иштин баары 2018-жылдын март айынан сентябрга чейинки мезгил аралыгында бүттү. 2018-жылдын сентябрында кызмат расмий түрдө көрсөтүлө баштаган. Ушул тапта кызмат көрсөтүү талаптагыдай деңгээлде ишке ашырылып жатат.

Муниципалдык ишкананы түзүү процессинин сүрөттөлүшү

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттар үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аны менен катар “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз милдеттерине кирген кызматтарды көрсөтүү максатында муниципалдык ишканаларды түзүүгө укуктуу.

ЖӨБдүн аткаруу органы – Кум-Дөбө ААнын айыл өкмөтү таза суу менен жабдууну уюштуруу, сугат сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана катуу тиричилик калдыктарын жыйнап чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн муниципалдык ишкананы түзүү багытында көп жумушту жасады. Мисалы:

  • кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде таза суу менен жабдууну уюштуруу, сугат сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана катуу тиричилик калдыктарын жыйнап чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында муниципалдык ишкананы түзүүгө негиздеме даярдалды;
  • экономикалык эсептер чыгарылып, муниципалдык ишкананы түзүү эффективдүүлүгүнө анализ жасалды;
  • муниципалдык ишкананын уставынын жана башка уюмдаштыруучу документтердин долбоору даярдалды;
  • муниципалдык ишкананы түзүү тууралуу жергиликтүү кеңеш үчүн сунуш, ошондой эле аны кароо үчүн зарыл болгон бардык документтер жана материалдар даярдалды;
  • муниципалдык ишкананы түзүү тууралуу жергиликтүү кеңештин токтом долбоору даярдалды;
  • муниципалдык ишканалар мамлекеттик каттоодон өттү;
  • ЖӨБдүн аткаруу органы менен муниципалдык ишкананын ортосунда муниципалдык менчикти (мүлктү) өткөрүп берүү тартиби жөнүндө келишим даярдалды;
  • кызмат көрсөтүүнүн экономикалык жактан жүйөлүү жана туруктуу тарифтеринин долбоору иштелип чыкты;
  • кызмат көрсөтүүгө тарифтер коомдук талкууга коюлуп, жергиликтүү калк менен макулдашылып, жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилди;
  • айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкананын ортосунда тейлөө келишимдери жана чарба жүргүзүү келишимдери түзүлүп, бекитилди;
  • кызмат көрсөтүүнү алуучулар менен абоненттик келишимдер түзүлдү.

Муниципалдык чарба ишин уюштуруунун жана жүргүзүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналган муниципалдык ишканалар толугу менен жергиликтүү калктын кызыкчылыгында иш алып барат. Алар айылдык аймактын турмуш тиричилигин камсыз кылуу системасында өзгөчө ролду ойнойт. Ошону менен бирге алардын ишинин сапаты жергиликтүү элдин турмуш шартына жана маанайына да таасирин тийгизет.

Кум-Дөбө ААда муниципалдык ишкананы түзүүнүн максатка ылайыктуулугу төмөнкү факторлор менен шартталган:

  • кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөндүгү же алардын жоктугу жарандардын нааразычылыгына себепчи болду;
  • кызмат көрсөтүүгө карата так, ачык-айкын, терең ойлонулган жана экономикалык жактан жүйөлүү тарифтик саясаттын жоктугу;
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү рыногунда жеке жеткирүүчүлөрдүн жоктугу же тартыштыгы;
  • элдин күтүүлөрүнө жана сапаттын стандарттарына шайкеш келген кызмат көрсөтүүлөргө муктаждык;
  • үч артыкчылыктуу жана маанилүү жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү зарылдыгы;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдү дискриминациялоо ыктымалдуулугун болтурбоо аракети (жашаган жери же керектөөчүлөрдүн категориясы боюнча).

Эми Кум-Дөбө ААнын муниципалдык ишканалары элге жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүп, жарандардын ушундай кызмат көрсөтүүгө муктаждыгын канааттандыруу өңдүү негизги тапшырмасын ийгиликтүү аткарып калышты.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоорунун колдоосу

Долбоордун техникалык колдоосу менен тренингдер уюштурулуп, өткөрүлдү, айыл өкмөт аппаратынын кызматкерлеринин, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнүн потенциалы көтөрүлдү.

Долбоор төмөнкүдөй практикалык жардамды берди:

  • уюмдаштыруучу документтердин пакетин иштеп чыкты, анын ичинде “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык ишканаларынын уставдары даярдалды;
  • кызмат көрсөтүүгө кеткен чыгым жана анын баасы (тарифтер) эсептелди;
  • Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Жобонун долбоору даярдалды;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине ичүүчү сууга тарифтерди макулдашуу боюнча документтер даярдалды;
  • кызмат көрсөтүүнүн стандарттары иштелип чыкты;
  • коомдук талкууну уюштуруу жана тарифтерди жергиликтүү калк менен макулдашуу;
  • айыл өкмөтү менен “Кум-Дөбө” жана “Шамшы” муниципалдык ишканалар ортосунда келишимдерди иштеп чыгуу жана түзүү;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр жана алуучулар ортосунда абоненттик келишимдерди даярдоо.

Кум-Дөбө айылдык аймагынын жергиликтүү кеңеши кабыл алган ченемдик укуктук актылар:

  • Муниципалдык менчикти башкаруу боюнча Жобо;
  • Кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө методикасы;
  • Биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБТ) иши жөнүндө Жобо.

Чыгымдар

Кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык жактан негизделген жана туруктуу тарифтери өздүк наркынан жана чыгымдардан тышкары, өзүнө муниципалдык ишканалардын 10 пайызга чейин рентабелдүүлүгүн жана колдонуудагы мыйзамдарда каралган тийиштүү салыктарды камтыйт.

Жыйынтыктар

Артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөр муниципалдык ишканалардын ИСКАКБ жана Суу пайдалануучулардын ассоциациялары менен кызматташтыгынын жана өз ара байланышынын натыйжасында иштей баштады. Эки муниципалдык ишкананы уюштуруу жана үч кызмат көрсөтүүнү эффективдүү башкаруу сезилээрлик жыйынтыктарды алып келди: төрт айылдын калкы таза суу менен камсыз болду. Ошондой эле ички чарбалык ирригациялык түйүндөрдү тазалап, калыбына келтирүү иштеринин натыйжасында эл сугат сууга жетти. Катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча маселелер да ийгиликтүү чечилди.

Башка жыйынтыктар:

  • айылдык аймакта турмуш тиричилик кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруунун жана башкаруунун туруктуу системасы пайда болду;
  • муниципалдык ишкана 2 158 үй кожолуктары менен келишимдерди түздү. Төлөмдөрдөн жыйналган акча 814 000 сомго көбөйдү (2016-жылы 1 389 000 сом болсо, 2018-жылы 2 203 050 сом болду);
  • ичүүчү суу менен жабдуу, сугат сууга жеткиликтүүлүк, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн элдин муктаждыктарына багыт алган биринчи стандарттары пайда болду;
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык жактан негизделген тарифтери пайда болду. Жумушчу топтун мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдүнбардык типтери боюнча тарифтерди эсептөө көндүмдөрүн үйрөнүп, потенциалын жогорулата алышты. Долбоор менен иштегенге чейин бардык тарифтер айылдык чогулушта добуш берүү жолу менен белгиленчү, мында эч кандай экономикалык эсептер жасалчу эмес жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн кызыкчылыктары эсепке алынбай келген. Учурда Кум-Дөбө айылынын бир тургуну ай сайын ичүүчү сууга тариф боюнча 29 сом, Ак-Жар айылынын тургуну 32 сом, ал эми Шамшы айылынын жашоочусу 25 сом төлөйт. Таштанды чыгаруу үчүн бир айлык тариф – бир үй кожолугуна 8 сомду түзөт. Ал эми сугат суу үчүн бир айлык тариф 1 гектар сугарылган жер үчүн 675 сомду түзөт. Бул акчадан СПА буга чейин АЧМФтан алган насыяны төлөй баштады;
  • биринчи жолу кызмат көрсөтүүнүн тарифине рентабелдүүлүк орточо 10 пайызды жана негизги активдерге амортизацияга кеткен чыгашаларды камтый баштады;
  • субсидия берүүнүн эффективдүү жол-жобосу жолго салынды. Буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ИСКАКБга жана СПАга сметалык принцип боюнча зарыл материалдарды жана жабдууларды сатып алуу үчүн субсидия берип келчү. Бул жол мыйзамдарды олуттуу түрдө бузуу болуп саналат жана текшерүүчү органдар кылмыш ишин козгоп же айып санкцияларын киргизиши мүмкүн эле. Долбоор колдонуудагы мыйзамдардын алкагында талап кылынган ыкманы киргизди – аткарылган жумуштардын актысынын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга субсидия берүү;
  • калкка кызмат көрсөтүүлөр сапаттуу жана белгиленген стандарттарга ылайык жеткирилип калды;
  • 8,924 жашоочу таштанды чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн пайдалана баштады;
  • кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен жеткирүүчүлөр ортосунда келишимге негизделген мамилелер системасы иштеп калды;
  • муниципалдык менчик расмий жана сабаттуу түзүлгөн келишимдердин негизинде чарбажүргүзүүгө муниципалдык ишканалардын башкаруусуна жылдык амортизациясын, баланстык жана рынок баасын эсепке алуу менен өткөрүлүп бериле баштады.

Пайда алуучулар | бенефициарлар

Бул практикада пайда алуучулар – айылдык аймактын бардык эли, өзгөчө аялдар жана балдар. Пайда алуучулар болуп айыл өкмөтү да эсептелинет. Себеби анын кызматкерлери турмуш тиричиликке байланышкан кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, муниципалдык ишканаларды эффективдүү башкаруу көндүмдөрүнө ээ болушту.

2019-жылдын 1-январына карата бенефициарлардын саны 8924 адам болду. Булар – сугат жана ичүүчү сууга, ошондой эле катуу тиричилик калдыктарын жыйноо жана чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жете алгандар.

Системалуу өзгөрүүлөр

  • Тариф акысын чогултуу көрсөткүчү 30-40 пайызга көбөйдү.
  • Ачык жана так баа бычуу системасын киргизүү, кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтырууда кардарларга багыт алгандык, муниципалдык менчикке субсидия берүүдө жана башкарууда эффективдүү мамиле элдин ЖӨБ органдарына болгон ишенимин арттырды.
  • ЖӨБ органдары муниципалдык ишканаларга туура субсидия бере баштады жана финансы мыйзамдарын бузууда.
  • Жарандар таштанды чыгаруу, ичүүчү жана сугат суу менен жабдуу боюнча жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү ала баштады жана кызмат көрсөтүүнүн сапаты эки эсе оңолгонун белгилешти.

Жумушчу комиссиянын лидери тууралуу маалымат

Майрамбек Жекшенович АСАНБАЕВ, айыл өкмөт башчы, Кум-Дөбө ААдагы кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча жумушчу комиссиянын төрагасы. Байланыш үчүн телефону: (0704) 29 10 66.

 

Окшош материалы: