Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

1 (111) 7 Февраль 2021

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бузуулар жөнүндө кодекс менен кантип иштеш керек?

2020-03-03 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Бузуулар жөнүндө кодекс менен кантип иштеш керек?

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Бузуулар жөнүндө кодекстин кабыл алынышы Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү окуя болду. Бул Кодекс – коомдогу адамдардын жүрүм-турум эрежелерин жана өз ара мамилелерин белгилеген маанилүү юридикалык документ. Кодекстеги бузууларды жөнгө салууда чоң ролду ЖӨБ органдары ойнойт, бул болсо алардан жаңы билимди жана көндүмдөрдү талап кылууда. Бул практикада кантип жүзөгө ашып жатканын Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылдык аймагынын жана Бишкек шаарынын мисалында көрө алдык. Бул эки муниципалитетке 2019-жылдын ноябрь айында тажрыйба үйрөнүү максатында ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун Ош, Нарын жана Чүй облустарындагы максаттуу ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү барышты. Тажрыйба алмашуу сапарын ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун колдоосу менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (ЖӨБЭММА) уюштурду. Маалыматтык технологиялар боюнча башкы башкармалыктын (мынан ары – МТББ), ИИМдин, Ленин ААнын жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү эксперт болушту. Ошондой эле “Ларк” АИБ коомдук фондунун көз карандысыз эксперти жана Долбоордун кызматкерлери катышты. Жалпысынан иш сапарына 55 адам, анын ичинде 20 аял катышты. Иш-чаранын негизги максаты – ЖӨБОнун бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Бузуулар боюнчакомиссиялардын (мындан ары – Комиссия) жана бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын ишин, милдеттерин жана укук колдонуу практикасын уюштуруу маселелеринде алардын потенциалын жогорулатуу максатында ЖӨБ органдары ортосунда тажрыйба алмашуу.

КРнын Бузуулар жөнүндө кодекси (мындан ары – Кодекс) 2019-жылдын 1-январында расмий түрдө күчүнө кирген. Аны менен катар Кодекстин 31-беренеси ЖӨБ органдарынын ишине түздөн-түз тиешелүү болууда. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору максаттуу муниципалитеттердин ЖӨБ органдары менен кызматташкандан бери алардан Комиссиянын (Бузуулар боюнча комиссиялардын) иши тууралуу көп суроолор келип турган. Бирок Кодекс күчүнө кирген учурдан бери бул суроолор дагы көбөйдү. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБЭММА менен биргеликте өлкөнүн бардык облустарында ЖӨБ органдары үчүн Кодексти колдонуу боюнча окууларды өткөргөн. Буга карабастан Бузуулар боюнча комиссиялар айрым гана ЖӨБ органдарында эффективдүү иштеп жатат. Ал эми көпчүлүк муниципалитеттерде Комиссиялар формалдуу түрдө гана иш алып барууда. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ыйгарым укуктарын толук түшүнө албай жатышат, алар РИИБ менен биргелешкен ишти жолго сала албай, ББР (Бузуулардын бирдиктүү реестри) дайындар базасы менен иштей албай, мындан улам бузуулар жөнүндө Протоколдорду (мындан ары – Протокол) түзө албай жатышат.

ББР базасына ЖӨБ органдары үчүн жеткиликтүүлүк

КР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Маалыматтык технологиялар боюнча башкы башкармалыгынын (МТББ) эксперти, ага инспектор Шумкарбек АДАМКУЛОВ бардык маморгандардын жана ЖӨБ органдарынын ишин оптималдаштыруу жана автоматташтыруу боюнча чараларды көрүүгө учур келгенин белгилейт. Кодекстин 7-бөлүгүнүн 311-беренесинин негизинде 2019-жылдын январынан баштап ББР электрондук базасы түзүлгөн. Бул болсо КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 21-декабрындагы №603 “Бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобо менен бекитилген. Бул ченемдик укуктук актыда процессуалдык документтердин – аныктамалардын, кабарландырманын ж.б. типтүү үлгүлөрү бар. Протокол түзүлгөн ар бир учурду ыйгарым укуктуу орган ББРдин базасына киргизип турат. Бүгүнкү күндө бул базаны 29 мамлекеттик орган колдонууда. Бардык ЖӨБ органдары Комиссиялардын курамын жана Протоколду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесин бекитишкен, ББР системасына кирүү үчүн логинди жана сыр сөздү алышкан. ИИМде 300 миңден ашык бузуу катталды, анын ичинен 1500дөн ашык Протоколду ЖӨБ органдары каттаган.

Бирок ЖӨБ органдарынын өзүндө техникалык инфраструктуранын жоктугунан улам ушул тапта Протоколдор райондук ички ишер бөлүмдөрүндө (РИИБ) катталып жатат. Аймактык органдарда бул үчүн атайын кабинеттер ачылып, ББР системасына кирүү үчүнкомпьютерлер орнотулган. Ал эми РИИБдин окуудан өткөн кызматкерлери Протокол түзүүдө ЖӨБ органдарына көмөк көрсөтүп жатышат.

Юристтердин, анын ичинде ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВдин баамында, мындай практика маселени толук чече албайт. Себеби РИИБдин кызматкерлеринин функциясына “ЖӨБ органдарына ББР базасына Протоколду каттоого жардам берүү” деген милдет кирген эмес, ал эми РИИБде “ББРдин адиси” деген штаттык бирдик каралган эмес. Мисалы, ЖӨБ органдары РИИБ кызматкерлерине кайрылып, бирок жардам ала албай калган учурдар бар. Демек, муниципалдык кызматчы мамлекеттик кызматчыдан бул маселеде жардам берүүнү суранууга мажбур болуп жатат. Бул система иштеп кетиши үчүн ким эмне үчүн жооп берээрин так аныктап алуу зарыл. Бул иштин алкагында ар бир адам өз ишин жасап, юридикалык жактан мааниси бар чечимдерди кабыл алууда жооптуу болот. Адамдын мүлкүнүн кайсы бир бөлүгүн алып коюу жолу менен адам укугун чектөө тууралуу сөз болуп жаткан учурда бул маселе өзгөчө маанилүү. Так механизм зарыл, мында механизмдин тартиби жана жол-жоболору так иштелип чыгышы керек.

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссиянын жана бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын тажрыйбасы

Ленин айылдык аймагынын бул чөйрөдөгү иши мындайча башталган: адегенде жергиликтүү кеңештин депутаттары Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия тууралуу Типтүү жобонун долбоору менен таанышып чыгышкан. Андан соң кеңеш Комиссиянын 9 адамдан турган курамын бекиткен. Комиссияга депутаттар, муниципалдык кызматчылар, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү киришкен. Комиссиянын төрагасы, орун басары жана катчысы шайланган. Комиссиянын ишин камсыз кылуу үчүн ЖӨБ органы айыл өкмөтүнүн имаратында кабинет бөлүп, кеңсе техникасын берген. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору Комиссиянын мүчөлөрүн окуудан өткөрүп, ал эми ИИМ ББР дайындар базасы менен байланышты түзүп берген. Бул базада бузуулар жөнүндө Токтомдор жана Протоколдор катталып турат. Комиссия ишин баштагандан берки мезгил аралыгында үймө-үй кыдыруунун жыйынтыгы боюнча 50дөн ашык эскертүү берилген. Эскертүүлөр таштандыны туура эмес жерге ыргытуу, өрттөө, ичүүчү сууну максатсыз пайдалануу, аймактагы тазалыкты сактабоо өңдүү көрүнүштөргө байланыштуу болгон. Ошентип Комиссия алгач элге мындай бузуулар кайталанса, айып салынышы мүмкүн экени тууралуу маалымат берген. Комиссиянын оператор-катчысы Тахмина НАДЫРОВАнын баамында, адегенде эскертүү берүү туура болот. Себеби адам ката кетиргенин билип, андан ары муну кайталабаганга аракет жасайт. Азырынча Ленин ААнын практикасында айып санкциясы колдонулган бир гана учур катталган: муниципалдык жолду талкалоо фактысы боюнча жашоочулардын арызы бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү ачуу үчүн негиз болгон. Бузуу орун алган жерде ыйгарым укуктуу адам Кодекстин 119-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде Протокол түзгөн: уруксат документтерин албастан жердеги тосмону өзүм билемдик менен орнотуп, муниципалдык менчикте турган жолду/көчөнү бузуу. Мыйзам бузган адам алгач Протоколго макул богон жок, бул факт Протоколдун өзүндө кенен сүрөттөлгөн. Протокол Комиссиянын кароосуна жиберилип, 24 сааттын ичинде (мыйзам боюнча) Протокол ББР дайындар базасында катталган. Зарыл болгон жол-жоболордон кийин Комиссиянын жыйынына бузуу жөнүндө ишти кароо киргизилип, мыйзамды бузган жаранга Бузуулар жөнүндө Кодекстин 119-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде 5500 сом көлөмүндө айып салуу тууралуу Токтом чыгарылды. 10 күндүн ичинде мыйзам бузган жаран жергиликтүү бюджеттин эсебине айып төлөдү. Бул – элеттик муниципалитеттин шарттарында Комиссиянын ишинин көрсөтмөлүү бир мисалы. Анда айыпты төлөтүп алуу боюнча жол-жоболорду кантип жүзөгө ашырыш керектигин билсе болот. Себеби көпчүлүктүн баамында, баары бири-бирине тууган, дос, кошуна болгон элет жергесинде калктын менталитетин эсепке алуу менен бул жол-жоболорду колдонуу өтө оор. Комиссия үчүн айып салуу жеңил, себеби Комиссия кабыл алынган чечимдер үчүн толук коллегиалдык жоопкерчиликти алган. Ошондуктан Комиссиянын мүчөлөрү мыйзам бузган адамды (досун же тууганын) “кечирген” учурлар болбойт. Мындан тышкары көзөмөлдөөчү орган Комиссиянын ишин текшерүүгө укуктуу, ал эми Комиссиянын ишинде бузуулар боюнча дисциплинардык мүнөздөгү чечимди, жада калса кылмыш ишин козгоо тууралуу чечимди прокуратура кабыл алат.

Ушундай эле Комиссия Бишкектин Ленин адми нистративдик районунда да жигердүү иш жүргүзүүдө. 2019-жылдын ичинде 600дөн ашык Протокол түзүлүп, 3 455 500 сомго айып салынган. Алардын ичинен жергиликтүү бюджетке 45 пайызы, же 1 500 000 сом төлөнгөн. Бишкек шаардык мэриясынын Ленин административдик району боюнча муниципалдык администрация аппаратынын жетекчиси Чыңгыз Табылдиевдин айтымында, жаңы Кодекстин алкагында иштибаштоо өтө оор болду. Себеби эч кандай практиктер болгон эмес, бир топ карама-каршылыктар чыккан. Бирок адистердин жана эксперттердин жардамы менен бул чөйрөдөгү иш талаптагыдай деңгээлде уюштурулуп, механизм иштеп, өз жемишин бере баштады.

"Комиссиянын ишинин негизги максаты – айып төлөтүү боюнча чараларды көрүү эмес, коом ичинде алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Жарандар коомдук жайларда өзүн алып жүрүү эрежелерин сактоо зарылдыгы тууралуу аларга эскертип туруш керек, алардын көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу зарыл, ошондон кийин гана чараларды көрүш керек”, - деп эсептейт аппараттын жетекчиси.

Бишкектин мэриясы биринчилерден болуп Кодекстин иш механизмин киргизди. Мэрия тескеме чыгарып, анда түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдө төрт Комиссиянын курамын бекитип, 120 адамдан турган ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесин аныктаган. Бул адамдарга Протокол түзүп, айып салууга ыйгарым укуктар берилген. ББР системасына Бишкек мэриясынын бардык төрт муниципалдык администрациясы жана санитардык-экологиялык инспекция (СЭИ) кошулган. ББРдин 10 каттоочусуна логиндер жана сыр сөздөр берилген жана ББР системасындагы 120 ыйгарым укуктуу адамга коддор коюлган. Айыптар боюнча Протоколду эң көп СЭИ түзөт. Протоколдор көбүнчө 70-берене (“Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу”), ошондой эле 71-берене (“Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө”) жана 74-берене (“Жашыл бак-дарактарды ичүүчү суу менен сугаруу”) боюнча түзүлөт. Эгерде Кодекс менен иштөө боюнча кыйынчылыктар тууралуу айта турган болсок, Бишкек шаары биринчи кезекте айыптарды администрациялоо көйгөйүнө туш болду. Айыптардын суммасы республикалык бюджетке кетип калган учурлар болгон, мыйзам бузган адамдын тек жайын аныктоодо да маселе жаралган, жаңы кызматкерлерге логин жана сыр сөздү берүүдө кыйынчылыктар болду, интернет начар болуп же байланыш такыр эле жоголуп кеткен учурлар аз эмес, айыптарды өндүрүү процесси татаал.

Бишкек шаардык СЭИ өз ишин Кодекстин алкагында жана шаардык кеңеш бекиткен “Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелери” деп аталган документ аркылуу жүзөгө ашырат. Бул документте шаардын чегинде бардык субъекттер санитардык ченемдерди кантип сакташы керектиги толугу менен жазылган. Мындай документ ар бир ЖӨБ органында болушу керек. Бул ишти муниципалдык кызмат жүзөгө ашырат. Ошондуктан ал жарандык кызмат менен бир катарда турат. Протоколду түзүүдө далил база катары бузуу фактысы боюнча фотоматериалдар негизги, милдеттүү тартипте болушу керек. Бишкек ш. СЭИ Протоколдорду түзүүнүн бир нече мисалын келтирди. Мисалы: ири соода маркеттеринин биринде 70-беренени бузуу фактысы боюнча – “санитардык тазалыкты сактабоо жана тиричилик таштандысын белгиленбеген жергеыргытуу”, 71-беренени бузуу фактысы боюнча “ЖЧК өндүрүш таштандысын ыргытты”, 120-берене (“Жолдордо өндүрүш жумуштарынын талаптарын аткарбоо”) боюнча уюм тротуарда курулуш жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин аткарган эмес. Ушул эле берене боюнча дагы бузуулар болгон – муниципалдык менчиктеги аймактарда мыйзам бузган жарандар кандайдыр бир казуу иштерин жүргүзөт, жарыя-кулактандыруу жазылган тактаны бак-дарактарга мык менен кагып орнотуп, бак-дарактарды бузушат. Ошондой эле арык каналдарына канализациялык сууну коё беришет, жеке курулуштар жолго коюлган тосмолорду уруксат албастан эле бузуп салышат ж.б.

Мына ушул мисалдар катышуучуларга бузуулардын кеңири жайылган түрлөрү боюнча айыптарды өндүрүп алуу тажрыйбасын көрүүгө шарт түзүп берди. Бул ма селелер шаар аймагында да, элет жергесинде да актуалдуу болууда. Бишкек шаардык мэриясынын №2 Муниципалдык аймактык башкармалыктын жетекчиси Марат Турсуновдун айтымында, Комиссиянын ишинде негизги бөлүк – маалымдоо процесси. Ошондуктан Комиссия эскертүү тууралуу 300дөн ашык кабарлама жиберген, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн жана ар бир маалымат тактасына Кодекстин алкагында иш эрежелери тууралуу зарыл болгон документтерди, кандай санкциялар колдонуларын ж.б. илип чыккан.

Комиссияга мүчө болуу маселеси талкуу үчүн өзүнчө тема болуп калды: 1) бул – коомдук жүк, компетенттүү эмес, туура эмес чечим кабыл алган адамдар мүчө болот деген тобокелдик бар; 2) айылда бул иш үчүн адамдарды табуу оор, айыл өкмөтүндө кадрлар тартыш, юристтер же жогорку билимдүүлөрдү айтпай эле коёлу. Ошондуктан Комиссияларда пенсияга чыккан, улгайган адамдар иштешүүдө; 3) Комиссиянын мүчөлөрү жана ыйгарым укуктуу адамдары болуп АӨнүн же мэриянын кызматкерлери иштешүүдө. Бирок алардын баарында өзүнүн негизги милдеттери да жетиштүү, көптөр Комиссияда иштегиси келбей жатат. Бирок бул жерде бир нерсени эстен чыгарбаш керек: коомдун ичинде тартип орнотуу – бул ЖӨБ органдарынын маанилүү милдети, аларда мыйзам бузууларга каршы турган таасир этүүчү рычаг болуш керек, антпесе шаарларда жана айылдык аймактарда башаламандык өкүм сүрүп калат. Ошондуктан ЖӨБ органдарына айып салуу механизми аркылуу тартипти, адамдардын жүрүм-турум эрежелерин орнотуу үчүн бул ыйгарым укуктар берилген. Мындан улам мыйзамдардын чегинде бардык адам ресурстарын мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонушу зарыл.

Бузуулар боюнча Комиссиянын ишин уюштуруу боюнча ЖӨБ органдарына кеп-кеңештер

1. Кодекстин 312-беренесине ылайык, ЖӨБ органы өзүнүн Тескемеси менен расмий түрдө Протоколду түзүүгө ыйгарым укуктуу адамдардын тизмесин аныктайт. Ыйгарым укуктуу адам – бул жооптуу кызмат жана административдик жол-жоболорго ылайык, иш сотко чейин жетсе, анда ушул гана адам сотко катышуу үчүн тартылат. Ал эми Комиссиянын мүчөлөрү мыйзам бузган жаран Протоколго макул болбогон учурда гана Протоколду кароого укуктуу.

2. Кодекстин 311-беренесинде эгерде мыйзам бузган адам тек жайын тастыктаган документти берүүдөн баш тартса, анда ыйгарым укуктуу адам аны органдын жайына (айыл өкмөтүнө) алып барууга укуктуу. Кодексте “мажбурлап алып келүү” деген түшүнүк жок. Ал жерде эки жаза чарасы тууралуу гана айтылган: айып же эскертүү. Бирок жоопкерчиликке тартылып жаткан адам көнбөсө, ыйгарым укуктуу адам аны АӨгө бир гана максат менен жеткире алат – мыйзам бузгандын тек жайын тастыктоо үчүн жеткирет. Муну менен катар Ыйгарым укуктуу органдын жайына чейин алып келүү (ташуу) убактысы үч сааттан ашпоого тийиш.

3. Мыйзам бузган адам өз күнөөсүн жана мыйзам бузуу үчүн белгиленген жаза чарасын мойнуна алган учурда ыйгарым укуктуу адам Протоколдун тескери бетине жаза чегерүү тууралуу Аныктаманы жазат. Эгерде мыйзам бузган адам баш тартса, анда ыйгарым укуктуу адам жаза чектөөгө укуктуу эмес жана иш Комиссиянын кароосуна жиберилет.

4. Кодекстин 342-беренесине ылайык, өндүрүп алынган айып пулдардын суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат. ЖӨБ органдары бузуулар жөнүндө иштерди Кодекстин 31-беренеси боюнча кароого ыйгарым укуктуу. Ар бир Протоколго уникалдуу штрих-код берилет. Бул коддор айыптын суммасы түшчү жергиликтүү бюджеттин эсептерине байланган.

5. Кодекстин 38-беренесинде бузуу жасаган жана жоопкерчиликке тартылуучу жак келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү деп жазылган. Протоколдо жана Аныктамада зыян тууралуу эч нерсе айтылбайт. Бул жарандык сот өндүрүшүндө болушу керек, жабырлануучу зыяндын ордун толтуруу үчүн сотко бериши керек. Укуктук мамилелердин ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, адам жолдун үстүңкү катмарын бузса, бул – бузуу. Мында Комиссиянын Аныктамасы айып төлөтүү үчүн бул адамды күнөөлүү деп табууга юридикалык негиз болуп берет.

6. Эгерде бузуучу чет өлкөнүн жараны болсо, ага карата да ушундай эле жол-жоболор колдонулат, бардык маалыматтар ББР базасына кол мененкиргизилет жана жалпы негизде бул жарандар да жоопкерчиликке тартылат.

7. Протокол – бул так отчеттук бланк болуп саналат. Аны булгап, чийип, өзгөртүүгө болбойт. Ыйгарым укуктуу адам Комиссиянын атына бланк эмне себептен бузулганын түшүндүрүп арыз жазат. Андан соң Комиссия Протоколдун бланкын жокко чыгаруу тууралуу Акт түзөт. Бирок прогресс бир орунда турган жок, бара-бара ар бир адамда планшеттер болот жана баары Протоколдун электрондук формаларына өтүшөт.

8. ББР базасында бузууларды каттоо мөөнөтү Протокол түзүлгөн учурдан баштап 24 сааттан кеч болбошу керек. Көпчүлүк ЖӨБ органдары форс-мажордук кырдаал түзүлүп калаарын айтып даттанууда: интернет байланышы жоголуп, ББР базасына кире албай калышат, райондук борборго чейинки аралык өтө узак, ЖӨБ органынын ыйгарым укуктуу адамы талап кылынган мөөнөттө РИИБге барганга жетишпей калат, мунун айынан 24 саат деп белгиленген мөөнөттөн кечигип калышууда. Мындай көйгөйлөр чыкпашы үчүн ББР базасы ар бир ЖӨБ органында иштеши керек. Бул үчүн ар бир ЖӨБ органында зарыл болгон ылдамдыкта иштеген интернет байланышы болушу абзел, ЖӨБ органдарынын ББР базасындагы ишин координациялоо үчүн облустук деңгээлде иштеген администраторлор (эки штаттык кызматкер) менен камсыз кылуу зарыл. Бүгүнкү күндө мамлекет бул тех никалык маселени толук чече элек. Көпчүлүк ЖӨБ органдарында ББР базасына кошулуу учүн техникалык базаны өз алдынча түзүүгө мүмкүнчүлүгү жок, интернет байланышын түзүү үчүн линияларды өткөрүү кымбат болууда. Ошол себептен Протоколдор азырынча ички иштер органдарынынаймактык башкармалыктарында (РИИБ) катталып жатат. Эксперттердин айтымында, бул өткөөл мезгилге мүнөздүү болгон убактылуу көрүнүш.

9. Мыйзам бузган адам макул болбогон учурда сотко даттана алат жана бул практикада болууда. Мисалы, ишти сотто кароонун жыйынтыгы боюнча, 8 учурда бузуучулар өз чындыгын далилдей алышкан эмес жана иш Бишкек шаардык мэриясынын пайдасына чечилген.

10. Мыйзам бузган адам качып баратса, видеого, сүрөткө тартыш керек. Күбөлөрдү колдонууга укук берилген. Ошондой эле жергиликтүү милицияга кайрылып, мыйзам бузган адамдын тек жайын тактап берүүнү өтүнсө болот.

11. Эгерде мыйзам бузуучу Комиссиянын биринчи кабарламасына реакция жасабаса, анда экинчи кабарлама жиберилет. Ал эми үчүнчү жолкусунда Комиссия ишти өз алдынча карап, мыйзам бузуучунун катышуусуз эле коллегиалдык чечим кабыл алып, айып салуу тууралуу Аныктаманы чыгарууга укуктуу.

12. Мыйзам бузуучунун тек жайын аныктоо чоң көйгөй болууда. Баары эле окуя болгон жерде паспортун көрсөтө албайт, мына ушундай учурда айдоочулуккүбөлүктү колдонсо болот. Бирок эгерде таптакыр бир да документи болбосо, анда инспектор ИИМдин кызматкерлерине кайрылып, мыйзам бузган адамдын тек жайын тактап берүүнү өтүнө алат.

13. Айыптан түшкөн акча жергиликтүү бюджеттин каражаты болуп саналгандыктан аны жергиликтүү кеңеш тескейт. Бирок бул акчадан шыктандыруучу каражат катары Комиссиянын мүчөлөрүнө материалдык жана моралдык компенсация төлөп берүү мыйзам боюнча каралган эмес.

14. Эгерде сот аткаруучулары менен байланыш тууралуу, мисалы, камакка алуу боюнча айтсак, соттук териштирүүлөрдүн алкагында Бишкек шаары боюнча туум чегерүү боюнча 50дөн ашык материал даярдалууда, сот аткаруучуларына азырынча жете элек.

15. Жергиликтүү бюджеттерди түзүп жатканда, Комиссиянын иши үчүн каражат бөлүп берүү зарыл. Мисалы, Протоколдорду даярдап, басып чыгарууга, кандайдыр бир экспертиза жүргүзүүгө, жеПротоколду түзүүдө котормочу зарыл болсо, анын эмгек акысын төлөп берүүгө бюджетте акча каралууга тийиш. Ошондой эле айылдар менен айылдык аймактардын ортосундагы чоң аралыкты эске алуу менен, Комиссия мүчөлөрүнүн жана ыйгарым укуктуу адамдардын жол чыгымдарына каражат каралууга тийиш.

16. Протоколду түзүүдө Кодекстин 309-314-беренелерине ылайык, ыйгарым укуктуу орган бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган адамга укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү. Бузуулар үчүн жоопкерчиликтүү адам 10 күндүн ичинде Протоколго даттанууга, макул болууга же макул болбосо, Комиссияга келип бардык суроолоруна жооп алууга укуктуу. Толук түшүндүрмө берилип, Протокол толук толтурулгандан кийин гана ал мыйзам бузган адамдын колуна тапшырылат. Ал болсо эртең эле мыйзам бузган фактыны жокко чыгарбашы үчүн Протокол менен толук таанышып чыгышы керек.

Бузуулар жөнүндө Кодекске толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштар

Өз кезегинде ЖӨБ органдары Кодекстин жакшы жактары жана кемчиликтери тууралуу төмөнкүдөй пикирлерин айтышты:

17. Мыйзамдар шаардык менталитетке жараша эле Бишкекте даярдалат, маанилүү маселелерди талкуулоо боюнча коомдук угуулар өткөрүлбөйт. Мисалы, бузуулардын катарында “жалбырактарды өрттөө” да бар. Биздин Өкмөт чарбактарды өнүктүрүү үчүн насыя берип, шарттарды түзүүдө. Бирок түшүм беш жылдан кийин гана болот. Жыл сайын кургап калган жалбырактарды чыгаруу маселеси кабыргасынан турат. Бакчылар эмне кылышы керек? Жалбырактарды өрттөй албайт – айып салабыз. Транспорт менен мындай көлөмдөгү жалбыракты чыгарып кетүүгө болбойт – бул көп чыгымды талап кылат, ошентип дыйкан чыгымга учурайт. Ошондуктан биринчи кезекте элет калкынын пикирин эсепке алуу зарыл, менталитет менен эсептешип, дыйкандардын укуктарын да унутпаш керек. Жалбырактарды өрттөөгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү өтүнөбүз.

18. Уруксат берүүчү документтерсиз эле туш келди жерде соода жүргүзүү көйгөйү бар. Мурда административдик кодексте бузуулардын мындай түрү бар болчу. Бирок жаңы Кодексте бул берене жок экен. Азырынча 126-берене (“Жолдо тоскоолдук жаратуу”) гана колдонулуп жатат. Бул беренени жаңы Кодекске киргизүү зарыл.

19. Чөптү тебелөөгө байланыштуу элеттик ЖӨБОдон көп сунуштар түшүүдө. Себеби кайсы бир учурда бул беренени Жосундар жөнүндө кодекске киргизишкен, эми бул беренени Бузуулар жөнүндө кодекске өткөрүү иштери жасалууда. Себеби булмаселе айылдык аймактар үчүн актуалдуу бойдон кала берүүдө.

20. Комиссиянын эффективдүү иши үчүн акча ресурстары зарыл. М.: биздин жайыт 150 км аралыкта жайгашкан. Эгер ал жакта мыйзам бузуу болсо, Комиссия мүчөлөрү жете албай кыйналышат.

21. Комиссиянын бардык мүчөлөрүндө юридикалык билим жок. Бизге жок дегенде бир юрист керек. Айыл өкмөтүнүн штатында юрист жок. Туура чечим кабыл алышыбыз керек да, ал эми юрист жок абдан кыйналып жатабыз.

 

Окшош материалы: