Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Багыш АА: дээрлик 6 миңге жакын адам ичүүчү сууга жетти

2019-11-22 / Жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр
Багыш АА: дээрлик 6 миңге жакын адам ичүүчү сууга жетти

Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну жакшыртуунун кийинки мисалдарын “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (ЖДККЖ Долбоору) берди. Бул Долбоорду Швейцариянын Өкмөтү каржылайт жана ХЕЛВЕТАС Интеркооперейшн менен Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму аткарат.

Узак жылдардан бери Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылдык аймагынын Октябрь жана Кедей-Арык айылдарынын тургундары үчүн ичүүчү суунун жалгыз булагы – Көк-Арт дарыясы болуп келди. Октябрь айылында сууну дарыядан электр насостун жардамы менен ташып ичишчү. Дарыяда балчык көп болгондуктан суу тундургучтарды балчыктан жана ылайдан кайра-кайра тазалай берип, элеттиктер катуу чарчашкан. Акыры суу тундургучтар жараксыз абалга келип, суу дезинфекцияланбай калгандан кийин айылда жугуштуу оорулар кескин көбөйдү. Кедей-Арык айылында суу өткөрүүчү түтүк эзели болгон эмес. Ошондуктан элеттиктер башка айылдардан суу сатып алууга мажбур болчу.

«Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» Долбоорунун (мындан ары – ЖДККЖ) колдоосу менен аймактагы ЖӨБ органдары коомдук талкуу өткөрүштү. Анын жүрүшүндө тургундар ичүүчү сууну артыкчылыктуу маселе катары көрсөтүшкөн. ЖДККЖ Долбоору менен биргеликте АӨнүн жетекчилери жана кызматкерлери Ичүүчү сууга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу боюнча Иш аракеттер планын иштеп чыгышкан. Бул план көп өтпөй ийгиликтүү ишке ашырылды. Натыйжада таза суу менен камсыз болгондор: эки айылдын аймагында 10 социалдык объект; 848 үй кожолук, мында 5823 адам жашайт.

Барчын НУСУПОВА, мугалим, төрт баланы тарбиялайт: «Элестетсеңиз, сиздин кичинекей балдарыңыз бар, алар күн сайын жуунуп турушу керек, тамак ичиши керек, ал эми суу жок! Мен 12 жыл мурда турмушка чыгып, ошондон бери Кедей-Арык айылында жашайм. Бул жерде мен билгенден бери суу көйгөйү курч болчу. Сууну флягалап ташып, сууну скважинадан чыгарып алышчу. Буга өтө көп убакыт жана күч кетээр эле! Анын үстүнө бул сууну ичкенге мүмкүн эмес болчу. Ал эми жайкысын өтө оор кырдаал түзүлчү, себеби суу такыр эле болчу эмес! Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана ТСКАКБ жашоочуларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселесин чечип бергенден бери менде убакыт пайда болуп, муну үй-бүлөмө жана балдарга арнап калдым».

Кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү – «Таза-Суу» ТСКАКБ өз ишин бир кыйла өзгөрттү. Бирикменин кызматкерлери суу менен жабдуу кызмат көрсөтүүлөрдүн провайдерлерин экономикалык өнүгүү маселелери боюнча окуудан өтүшүп, ТСКАКБнын өнүгүү планын иштеп чыгышты. ЖДККЖ Долбоорунун колдоосу менен бирикменин материалдык базасы да оңолду: кеңсе техникасынын жыйнагы, аспаптар, ширетүүчү материал алынды.

ЖДККЖ Долбоорунун конкурсунан грантты утуп алып, Октябрь айылында бирикменин жана ЖӨБ органдарынын күчү менен скважина бургулап тешилип, суу мунарасы жана узундугу 5000 метрден ашкан суу түтүк түйүнү оңдолду. Кедей-Арык айылында узундугу 2200 метр болгон суу түтүк түйүнү курулду.

Айсара ЖУМАНАЛИЕВА, үй кожойкеси, беш баланын энеси: «Сууну литрлеп сатып алып, кудук казып, флягалап ташыган күндөр өттү. Бирок мунун баары артта калды. Суу келгенден бери айылдагы турмуш шарты шаардагыдан эч айырмаланбай калды. Үйдө жуунучу жай, даараткана, муздак жана ысык суу бар».

Инвестициялар жана анын жыйынтыктары

  • Ичүүчү сууну жеткирүү кызмат көрсөтүүсүн жакшыртууга 5592 398 сом инвестиция салынды.
  • Айына бир адамга 15 сом өлчөмүндө адекваттуу тариф орнотулду.
  • Суунун керектелишин жана жеткирүүчүнүн ишинин туруктуулугун так эсептеп чыгуу үчүн 1С биллинг-системасы киргизилди.
  • Колу жука 55 үй-бүлөгө колдоо көрсөтүү максатында суу үчүн тарифке 50 пайыздык жеңилдик каралды.

 

Окшош материалы: